Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы 2:1 эсебинде орусиялык атаандаштарын жеңип, тарыхта биринчи жолу Шериктештик кубогунун чейрек финалына өттү. Эми кыргыз курамасы кийинки баскычта Финляндия менен беттешет.

Шериктештик кубогундагы Кыргызстан-Орусия беттешинин толук видео-көчүрмөсү:

Бул кыргыз футболунун тарыхында жаштар курамасы Шериктештик кубогунун чейрек финалына өткөн биринчи учур.

Ошондой эле бул тарыхта түрдүү курактагы Кыргызстан курамаларынын футбол боюнча Орусиянын үстүнөн алгачкы жолу жеңишке жетүүсү.

Орусия менен болгон беттеште эсепти Кыргызстан курамасынын коргоочусу Бактияр Дүйшөбеков ачты. Ал 45-мүнөттө айып аянтчасынын сыртынан атаандаш дарбазасынын жогорку бурчуна багытталган катуу соккусу менен айырмаланды.

Беттештин 50-мүнөтүндө кыргыз курамасынын оюнчулары дагы бир топ киргизүүгө жетишишти — орус командасынын коргоочусу Евгений Кирисов тарабынан оюн эрежеси бузулгандан кийин коргоочу Акрам Умаров он бир кадамдыкты кынтыксыз ишке ашыра алды.

Орусия курамасы өз голун 83-мүнөттө гана киргизе алды — кыргыз айып аянтчасынан Александр Моргуновго каршы оюн эрежеси бузулгандан кийин жарым коргоочу Алексей Евсеев топту он бир кадамдыктан таамай туштады.

Бул Кыргызстандын Шериктештик кубогунун быйылкы мелдештериндеги биринчи жеңиши — Латвия менен Молдова курамаларына каршы ойногон алгачкы беттештери 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

Орусиянын жаштар курамасынын үстүнөн жеңишке жеткенден кийин Кыргызстан өз тобунда биринчи орунга көтөрүлүп, 21-январда Финляндия менен беттеше турган мелдештин чейрек финалына өттү.

«Көргөнүңүздөрдөй, бүгүнкү беттеш кыйла эле оор болду. Орусия сыяктуу команданын үстүнөн жеңишке жете алгандыгыбыз өтө жагымдуу. Бизге каршы негизги курамдын ойнобогондугу көрүнүп турса да биз баары бир ыраазыбыз. Биз тарыхта биринчи жолу топтон чыга алдык», — деди Кыргызстандын жаштар курамасынын башкы машыктыруучусу Мирлан Эшенов.

Шериктештик кубогу

Шериктештик кубогу — мурунку СССР өлкөлөрүнүн 21 жашка чейинки оюнчулардан турган курамаларынын арасында өткөрүлчү футболдук мелдеш. Уюштуруучулар жыл сайын мурунку советтик өлкөлөрдүн курамаларынан сырткары мелдешке башка өлкөлөрдөн бир же эки команданы чакырып турушат.

2015-жылы мелдешке 12 өлкөнүн жаштар курамасы катышып жатат. Шериктештик кубогунун учурдагы чемпиону Украина болсо Орусияда өтүп жаткан мелдешке катышуудан быйыл баш тарткан.

Украинадан сырткары мелдешке катышуудан Азербайжан, Армения, Грузия жана Өзбекстан курамалары да баш тартышкан.

2011-жылга чейин мелдеш улуттук чемпионаттардын жеңүүчүлөрүнүн ортосунда өтүп келген.

Сүрөт: Кыргызстандын футбол федерациясы.