Борбордук шайлоо комиссиясы Нариман Түлеевге карата козголгон кылмыш иштери боюнча айыптоо өкүмүнүн күчүнө киргендигине байланыштуу аны депутаттык ыйгарым укуктарынан ажыратты. Саясатчы Бишкек шаарынын мэри болуп турган кезде кытай автобустарын сатып алууда алдамчылыктарга барган деген айыптоолор боюнча күнөөлүү деп табылган.

Боршайкомдун жыйыны 21-январда болду — анда БШК мүчөлөрү Түлеевди депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратуу тууралуу чечим кабыл алышты. Ал чечимди комиссиянын 10 мүчөсүнүн тогузу колдошту.

Мындай чечимдин кабыл алынышына Бишкек шаардык соту тарабынан чыгарылган айыптоо өкүмү себеп болду.

БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти Айнура Асанова «АКИпресс» маалымат агенттигине берген маегинде Кыргызстандын Конституциясынын 73-беренесине ылайык, соттун күчүнө кирген чечими мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандаттан ажыратууга негиз болуп бере ала тургандыгын билдирген.

«2014-жылдын 23-декабрында Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик мыйзам бузуулар боюнча биринчи баскычтагы Ленин райондук сотунун 2014-жылдын 29-июлундагы өкүмүн күчүндө калтыруу жөнүндөгү айыптоо өкүмү күчүнө кирген. Андан сырткары биз Жогорку соттон маалымат сурадык, аларга даттануу келип түшкөн эмес», — деп жазган «АКИпресс» Асаналиеванын айткандарын.

Түлеев 2012-жылдын жайында камакка алынып, 2000-жылдары Бишкектин мэри болуп турганда кытай автобустары менен кар жыйноочу унааларды сатып алууда алдамчылыктарга барган деп айыпталган.

2014-жылдын 23-декабрында Бишкек шаардык соту ага карата мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен катаал режимдеги абакка 11 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарган.

Анда экс-мэрден сырткары дагы бир нече адам эркинен ажыратылган.

  • «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директорунун мурунку милдетин аткаруучу Бакыт Сыдыков мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен катаал режимдеги абакка 5 жылга эркинен ажыратылган;
  • борбордук мэриянын алдындагы Бишкек автотранспорттук ишканасынын мурунку директору Медет Кожобергенов мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен катаал режимдеги абакка 13 жылга эркинен ажыратылган;
  • мурунку вице-мэр Валерий Корниенко мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен катаал режимдеги абакка 10 жылга эркинен ажыратылган;
  • муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Руслан Бейшенбаев мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен катаал режимдеги абакка 10 жылга эркинен ажыратылган.

Түлеев 2010-жылдагы революциядан кийин Бишкек мэрлигинен кетип, бир канча убакыт чоң саясаттан четтеген, бирок көп өтпөй оппозициялык «Ата-Журт» партиясынан парламенттин депутаты болуп кайтып келген.