Эл аралык кризистик топ  (ICG) Борбордук Азия өлкөлөрүнө диний экстремизмге каршы күрөшүүдө бирдиктүү аракеттерге баруу, ошондой эле билим берүүнү жакшыртып, диний мыйзамдарды либерализациялоону сунуштады.

Эл аралык кризистик топтун сунуштары 20-январда уюмдун сайтына чыкты — эл аралык уюм Борбордук Азия өлкөлөрүн экстремизмге каршы күрөшүүдө биригүүгө чакырууда.

«Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан өз ичине коопсуздук чараларын күчөтүүнү гана эмес, а социалдык, саясий жана экономикалык реформаларды камтыган каршы туруу боюнча жалпы план иштеп чыкмайынча, күчөп жаткан радикализм бул беш өлкө үчүн олуттуу коркунуч болуп кала берет», — деп жазган ICG.

«Ислам мамлекети» уюму түндүк-батыш Ирактын аймагында жана Сириянын түндүк райондорунда иш алып барууда. Ал бир катар өлкөлөрдө «террористтик» деп табылган.

Эл аралык кризистик топ өз сунуштарын «Ислам мамлекетинин» Борбордук Азия үчүн коркунуч жаратып жаткандыгы менен байланыштырууда. Эл аралык кризистик топтун Борбордук Азиядагы долбоорунун директору Дейрдра Тайнандын айтымында, «Ислам мамлекетинин» «өзүнө тарткычтыгы» анын тарапташтарынын арасындагы «ишке ашпай калган саясий жана социалдык өзгөрүүлөр тууралуу каалоолорго» байланыштуу.

«Байлар же кедейлер, билимдүүлөр же билимсиздер, жаштар же жашы өтүп калгандар, аялдар же эркектер — «Ислам мамлекетинин» тарапташтарынын бирдиктүү бир белгилеринин жыйындысы жок», — деп жазган ICG Тайнандын айткандарын.

ICGнин маалыматы боюнча, «Ислам мамлекети» тарапта Борбордук Азиянын эки миңден төрт миңге чейинки жараны согушуп жүрөт.

Эл аралык уюм аймактагы өлкөлөргө атайын кызматтардын ортосундагы кызматташууну күчөтүп, аймактык мыйзамдарды либералдаштырып, ошондой эле жаштар менен аялдарды экономикалык мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылууну сунуштаган.

ICG тарабынан айтылган негизги жыйынтыктар жана сунуштар:

  • Борбордук Азия мамлекеттеринде радикалдуу Исламдын популярдуулугунун артышына сапаттуу диний билимдин жетишсиздиги жана светтик башкаруудан көңүл калгандык себеп болууда. Аймактын өлкөлөрүндө социалдык-экономикалык жана саясий көйгөйлөргө байланышкан чыңалуулар болуп турган чакта жарандарынын «Ирак жана Леванта Ислам мамлекетинин» катарына кошулууларынын негизги көйгөйү болуп жихад идеологиясы кала берет;
  • «Өзбекстан Ислам кыймылынын» катышуучулары Фергана өрөөнүндө адамдарды өздөрүнө активдүү тартып, өз уюмунун популярдуулугун арттыруу үчүн «Ислам мамлекетин» пайдаланып жатышат. Андан сырткар «Өзбестан Ислам кыймылы» — «Ирак жана Леванта Ислам мамлекети» менен Борбордук Азиядагы согушкерлер жана Батыш Кытайдагы уйгурлардын ортосунда ортомчу болуп жатышат.
  • Европа менен Азиянын укук коргоо органдары жихадчыларды реабилитациялоо боюнча борбордук азиялык атайын кызматтардын кызматкерлери менен тажрыйба бөлүшүүлөрү керек. Анткен менен Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү туруксуз мамлекеттик институттар жана жарандардын милицияга ишенбегендиги атайын кызматтардын ал тажрыйбаларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кыскартат.
  • Орусиялык жана батыш дипломаттар, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрү Казакстан менен Өзбекстандын атайын кызматтары үйлөрүнө кайтып барган жихадчыларга карата жазаны катаалдатаарын күтүп жатышат. Ошондуктан алар мекендеринин ордуна Кыргызстанга барып, ал өлкөнү чоң тобокелчиликтерге түртүшү мүмкүн.

Эл аралык кризистик топтун Европа жана Борбордук Азия боюнча директору Куинн-Джадждын айтымында, Сириянын аймактан алыс жайгашкандыгы жана азыркыга чейин «Ислам мамлекети» тараптан бир дагы ири чабуул жасалбагандыгы аймакка оңдой берди болду.

«Бирок аймактагы өлкөлөрдүн өкмөттөрү «Ирак жана Леванта Ислам мамлекети» тарабынан келип жаткан коркунучтарды тез аранын ичинде баалап, көйгөйдү айланып өтүү менен абалды курчутпастан азыртадан эле тиешелүү чараларды кабыл алуулары керек», — деп жазган ICG Куинн-Джадждын айткандарын.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, «Ислам мамлекетинин» согушкерлеринин арасында 200гө жакын кыргызстандык бар. Казак бийлиги 2014-жылдын ноябрында Сирияда 300гө чукул Казакстандын жараны согушуп жүргөнүн билдирген.

«Жихадчы-балдар»

2014-жылдын ноябрынын аягында интернетте болжол менен Казакстандан барган 8-10 жаштардагы балдардын медреседе араб тилин окуп, курал колдонуу ыкмаларына үйрөнүп жаткандыктары тартылган «Ислам мамлекетинин» видеосу пайда болгон.

Видеонун соңунда Абдулла деп тааныштырылган бала камерага карап, келечекте «капырларды өлтүрө тургандыгын» жана «жихад аскери» болорун айткан.

Анда Казакстандын бийлиги бир аптанын ичинде  «жихадчы-балдар» жөнүндөгү видеону өз сайттарына жайгаштырган интернет-ресурстарды тосмолоп, ал аракетин видеонун «экстремисттик мүнөзгө ээ» экендиги менен түшүндүргөн.

Мындай жүйө менен алар британиялык Daily Mail гезитинин сайты, орусиялык  Lenta.ru жаңылыктар сайты жана Кыргызстанда иш алып барган Kloop.kg интернет-порталын толугу менен тосмологон.

Бир айдан соң Казакстандын Башкы прокуратурасы видеодогу балдардын ким-экендиктерин аныктагандыгын жана «аларды кайтарып келүү боюнча иштердин баштала» тургандыгын билдирген.

Бирок январдын ортосунда «Ислам мамлекети» дагы бир видео жарыялады, анда Абдулла деген «жихадчы-балдардын» бири «ФСБнын агенттерин» өтүрүп жаткандыгы тартылган.

Видео эксперттер менен журналисттердин арасында талаш-тартыштарды жараткан — бир катары «агенттердин» өлтүрүлгөндүгү чын болгондугун айтышса, башкалары аны «постановка» деп, коомчулукту ишендирүүгө аракет кылышты.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы «Ислам мамлекетинин» ал видеосу боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тарткан.