Президент Алмазбек Атамбаев Аида Салянованы башкы прокурорлуктан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Ал отставкага кетүү тууралуу арызын 19-январда жазган. Анын кызматтан кетүүсү күйөөсүнө каршы козголгон кылмыш иштеринин фонунда орун алууда.

Өлкө башчысы башкы прокурор Аида Салянованын отставкасы тууралуу жарлыкка 22-январда кол койду.

КирТАГ маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, башкы прокурорлук кызмат үчүн үч талапкер ат салышышы мүмкүн — Кыргыз мамлекеттик юридика академиясынын ректору Канат Керезбеков, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Бөкөнбай Казаков жана президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев.

Салянова отставкага кетүү тууралуу арызын 19-январда жазган. Кечээ, 21-январда парламент анын отставкасын колдогон.

Аида Салянова башкы прокурор кызматынан күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго каршы кылмыш ишинин козголгондугу тууралуу жаңылыктардын фонунда кетүүдө.

Ал УКМК тарабынан «алдамчылык» жана «кызмат абалын кыянат пайдалануу» беренелери боюнча айыпталууда.

Аиди Салянова жолдошу сыяктуу эле айтылган айыптоолорду четке кагууда.

Башкы прокурорлуктан кеткенден кийин Салянованын эмне менен алектенээри азырынча белгисиз.

Салянова башкы прокурор болуп турган мезгилде саясатчылардын, анын ичинде парламенттин депутаттарына карата рекорддук сандагы кылмыш иштери ачылган.

Кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткандардын арасында учурда парламентарийлер Урмат Аманбаева, Нурлан Төрөбеков, Каныбек Осмоналиев, Нариман Түлеев жана Акматбек Келдибеков бар.