Google компаниясы Google Glass акылдуу көз айнектерин сатууну жана аларды техникалык жактан колдоосун убактылуу токтотту.

19-январдан тарта Google Glass акылдуу сааттары сатууда жеткиликсиз болушат: буга чейин аларды бир жарым миң АКШ долларына сатып алууга мүмкүн болчу. Бирок Google Glass көз айнектеринин акыркы версиялары жаңылануулар менен техникалык колдоолорду албай кала тургандыгын эске алганда да бул эми долбоордун келечеги жок дегенди билдирбейт.

Google компаниясынан Google Glassтын жаңы, жакшыртылган версиясын ушул жылдын ичинде көрсөтө тургандыктарын убадалашты. Бирок компаниянын эксперименталдык жана инновациялык иштеп чыгуулар үчүн жооптуу болгон Google X бөлүмү долбоор менен алектенүүсүн токтотот: мисалы, азыркы учурда анда пилотсуз автоунаа жана интернет тараткан аба шарынын үстүнөн иштөө уланууда.

Эми Google Glassтын мындан аркы иштеп чыгуулары менен башында «iPodдун атасы» катары белгилүү болгон Тони Фаделл турган өзүнчө бир бөлүм алектенет. 2008-жылдан бери Apple компаниясында иштеп, Apple iPodду иштеп чыгуу үчүн жооптуу болгон Фаделл Google компаниясынын командасына өткөн жылы кошулган. Дал ошондо издөө системасы анын «акылдуу үйлөрдүн» технологияларын түзүү менен алектенген Nest компаниясын 3.2 миллиард долларга сатып алган.

Google Glass — Google компаниясынын коомчулукка 2012-жылы тааныштырылган эксперименталдуу иштеп чыгуусу. Иштеп чыгуучулар үчүн гарнитура 2013-жылы чыгарылган, ал эми 2014-жылдын апрелинен тарта эркин сатыкка чыккан. Google Glass айнектерсиз тунук дисплейи бар алкактан, кулакчын жана камерадан турат. Колдонмо маалымат каржаттары тараптан да, коомчулук тараптан да ар түрдүү кабылданган. Google Glass дээрлик сатыкка чыгарылары менен көз айнектердин видеого тарта ала тургандыгы ыктымалдыктары боюнча чыр-чатактар башталган — компанияны жеке жана үй-бүлөлүк жашоонун чектерин буза турган колдонмо чыгарууга айыпташкан.