Алмазбек Атамбаев президенттин аппаратындагы соттук реформалар бөлүмүнүн башчысын башкы прокурорлук кызматка сунуштады.

Өлкө башчысы өз сунушун Жогорку Кеңешке 22-январда — Аида Салянованын отставкасы тууралуу жарлыкка кол койгондон бир нече саат өткөндөн кийин берди.

indira2

Индира Жолдубаеванын талапкерлиги жактырылышы үчүн парламент депутаттарынын үчтөн экисинин добушу керек.

Индира Жолдубаева акыркы үч жылдан бери президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратында соттук реформалар жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келет.

Ага чейин ал бир жыл убакыт өкмөттүн аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Парламент макулдугун берсе Жолдубаева Аида Салянованын ордун ээлейт. Атамбаев Салянованын отставкасы тууралуу жарлыккка 22-январда кол койгон.