«Кыргыз темир жолунун» басма сөз кызматы Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктире турган темир жол учурда салынып жаткан унаа жолу менен параллелдүү маршрутта курулушу мүмкүндүгүн билдирди.

Мамлекеттик «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз катчысы Эркинбек Каимов Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктире турган темир жол Кытай-Кыргызстан темир жолу долбоорунун бир бөлүгү боло тургандыгын билдирди.

Анын айтымында, ал темир жол учурда курулуп жаткан түндүк-түштүк альтернативдүү унаа жолуна параллель курулушу мүмкүн. Ал Балыкчыдан башталып, Кочкор, Миң-Куш, Чаек, Казарман аркылуу өтүп Жалал-Абадка чейин барат.

«Ал жол учурда курулуп жаткан унаа жолу менен паралеллдүү өтөт. Бул дээрлик 80-90 пайызга чечилген маселе», — деди Каимов.

Ал болжол менен долбоор инвесторлор тарабынан каржылана тургандыгын кошумчалады. Бирок ал кайсыл инвесторлор экендигин тактап айткан жок.

2012-жылдын январында экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов аталган темир жолдун курулушуна 2,5 млрд. АКШ доллары керек экендигин билдирген.

Транспорт министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов Kloop.kgге берген маегинде мамлекеттер аралык Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн февралдын башында кыргыз делегациясы Кытайга бара тургандыгын билдирди.
02

Досумбетовдун айтымында, болжолдуу маалыматтар боюнча, жол Торугарт чек ара тозоту аркылуу өтүп Жалал-Абадга чейин барат, бирок мекеме азырынча кайсыл чек ара тозотун — Торугартты же Эркештамды пайдалануу боюнча так чечим кабыл ала элек.

«Биз эң башкысына, түндүк жана түштүк аймактарынын темир жол менен байланышуусуна карашыбыз керек. Ошондой эле дагы бир нече учурлар бар», — деди ал.

Бул тандоодон темир жолдун мындан ары кандай маршрут боюнча кете тургандыгы көз каранды болот — Өзбекстан же Тажикстан аркылуу. Досумбетовдун айтымында, мекемеде «Евразиялык континентке чыгуу боюнча оптималдуу вариантын издеп жатышат».

«Транспорт жана байланыш министрлиги тарабынан Кыргызстан аталган темир жолдун курулушу боюнча сүйлөшүүлөрдү 2015-жылдын февралынын биринчи декадасында жүргүзүү ниетинде экендиги тууралуу Кытай тарапка расмий кат жөнөтүлгөн. Кытай тараптан ал катка жооп келе элек», — деди мекеменин басма сөз катчысы.

«Кыргыз темир жолунун» басма сөз катчысы Эркинбек Каимов Кытай-Кыргызстан темир жолунун болжолдуу долбоору сүйлөшүүлөрдөн кийин белгилүү боло тургандыгын айтты.

Кытай-Өзбекстан же Кытай-Иран?

2014-жылдын декабрынын башында Кытай, Кыргызстан, Тажикстан, Ооганстан жана Ирандын транспорт министрликтеринин өкүлдөрү аталган беш өлкөнүн аймагы аркылуу өтө турган темир жолдун маршруту аныктала турган документке кол коюшкан. Долбоор Ирандын бийлигине 2010-жылы сунушталган.

Бирок кийинчерээк, 2014-жылдын 19-декабрында Кыргызстандын Транспорт министрлигинин башчысы Калыкбек Султанов ал долбоор республика үчүн «ылайыксыз» экенин билдирген.

«Биз үчүн бул пайдасыз жана кызыксыз. Ал Кыргыз Республикасынын экономикасына эч нерсе бербей тургандыгы үчүн ылайыксыз», — деп жазган КирТАГ маалымат агенттиги Султановдун айткандарын.

ЖМКлардын билдирүүлөрү боюнча, жолдун Кыргызстан аркылуу өтө турган бөлүгүнүн узундугу 215 чакырымды түзөт.

Транспорт министрлигинин башчысынын айтымында, Кыргызстан үчүн ортосуна Кытай менен Өзбекстанды кошкон Орусия-Казакстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран темир жолунун долбоору «кыйла маанилүүрөөк» — бул вариант өлкөгө республиканын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн байланыштырууга мүмкүндүк берет.

Темир жолдун дагы бир долбоору — Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан — 1995-жылдан бери талкууланып келет. Ал боюнча, темир жол андан ары Түркмөнстан, Иран жана Түркия аркылуу өтүп, европалык темир жол магистралдары менен байланышышы керек болчу.

01

2013-жылы Кытай кыргыз өкмөтүнө техникалык-экономикалык негиздемесин берген. Бирок анда экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев министрлер кабинети техникалык-экономикалык негиздеменин жыйынтыктары менен макул эместигин билдирген.

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча техникалык-экономикалык негиздеме даярдалып бүттү. Бирок биз колубузга тийген жыйынтыктары менен макул эмеспиз, бүгүнкү күндө баасы өсүп кеткендигине байланыштуу ал оңдолууда», — деген Сатыбалдиев.

Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министрлиги менен Кытайдын Темир жолдор министрлигинин маалыматы боюнча, темир жолдун баасы 2 млрд. АКШ долларын түзүшү мүмкүн.