Мариуполдо жашаган фотосүрөтчү Евгений Сосновский 24-январь күнү эртең менен шаардын чыгыш бөлүгүн аткылоолордон кийинки алгачкы сааттарды сүрөткө тарткан.

Украинанын Мариуполь шаарынын турак жай кварталдары 24-январь күнү эртең менен «Град» орнотмосу тарабынан аткылоолорго дуушар болгон.

mariupol-6

Аткылоолордун жыйынтыгында кеминде 30 киши каза болуп, дагы 90дон ашыгы түрдүү жаракаттарды алышкан.

mariupol-2-22

Бул кичи автобустун айдоочусу кокустан аман калган. Унаасынан бир метр алыстыкта снаряд жарылган кезде ал дүкөнгө чыгып кеткен.

mariupol-44

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ОБСЕ) адистеринин маалыматтары боюнча, атуулар Донецк элдик республикасынын жикчилдеринин көзөмөлүндөгү аймак тараптан болгон.

mariupol-36

Жалпысынан Мариуполдун турак жай кварталдарына кеминде 20 снаряд тийген.

mariupol-10-18

Снаряддардын бардыгы тең Мариуполдун 36 миңден ашык киши жашаган чоң райондорунун бири болуп эсептелген «Чыгыш» турак жай кварталына багытталган.

mariupol-8

Бул сүрөттө «Град» жапырт аткылоо системасынын снаряддарынын чачырандылары көрүнүп турат. Снаряд жерге тийген соң жарылып, айланасына майда сыныктарын чачыратат. «Град» снарядынын кыйратуу аянты 145 миң чарчы метрге чейин жетиши мүмкүн:

mariupol-16

Украинанын Коргоо министрлигинин антитеррористтик операциясынын басма сөз борбору Мариуполду аткылоону «адамзатына каршы жасалган кандуу кылмыш деп атап, ага жикчилдер менен «орусиялык аскерлерди» айыптады.

mariupol-31

«Террористтердин максаты коркутуу, дүрбөлөңдүү абал жаратып, украин аскерлеринин элди коргоо жөндөмдүүлүктөрүнө болгон жарандардын ишенимин төмөндөтүү менен куралдуу күчтөр менен Украин элинин ортосундагы байланышты бузуу», - деп билдирди аткылоодон кийин дароо эле Антитеррористтик операциянын басма сөз борбору.

mariupol-17

22-январда Донецк элдик республикасынын башчысы Александр Захарченко мындан ары Украинанын бийлиги менен элдешүүгө барбай тургандыгын билдирген.

«Мындан ары эч кандай элдешүү менен ротация болбойт. Биз тараптан элдешүү тууралуу айтуу аракеттери болбойт. [...] Киев учурда биздин бир эле маалда үч багытта чабуул жасоого алыбыз бар экенин түшүнбөй жатат», - деген жикчилдердин лидери.

mariupol-25

Мариуполду өз көзөмөлүнө алуу каалоолору тууралуу билдирүүлөрүнө карабастан жикчилдер шаардын турак жай кварталдарын аткылагандыктарын четке кагып, баарына украин аскерлерин айыптап жатышат.

mariupol-40

«Восточный» турак жай кварталынын жашоочулары Мариуполдун коопсузураак райондоруна кетип жатышат:

mariupol-21

Украин аскерлери жарылбай калгандай көрүнгөн снаряддын айланасын курчоого алышты:

mariupol-45

Жекшемби күнү Украинанын улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин жыйынында өлкөнүн президенти Петр Порошенко бийлик тарабынан жапырт аткылоолордун мээлегичи кармалгандыгын билдирди.

Ал «анын кылмыш экенин жана аны кимдин жасагандыгын ар бир адамдын билиши үчүн» кармалган адамдын көрсөтмөлөрү 26-январда коомчулукка жарыялана тургандыгын убадалады.

mariupol-12

Кыз дагы аткылоо болуп калса деген чочулоолор менен жергиликтүү тургундар тарабынан жабдылган жер төлөөнүн кире беришинде турат:

mariupol-15

Волонтерлор «Чыгыш» турак жай кварталынын жашоочуларына талкаланган айнектердин ордуна убактылуу колдонуу үчүн пленкаларды таратып жатышат. Аткылоолордон 4 миңге жакын батир зыянга учураган:

mariupol-29

Аткылоолордон кийин окуя болгон жерде жүргөн Украинанын ИИМи (солдо) менен өрткө каршы кызматтын өкүлдөрү:

mariupol-3-39

Украинанын коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, жикчилдер Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполго кошумча жапырт аткылоо системаларын жакын алып келүүдө.

mariupol-27

Мариуполь өткөн жылдын жазында Донецк элдик республикасынын көзөмөлүндө болгон, бирок 2014-жылдын июнунда аны украин аскерлери өз көзөмөлүнө алышкан.

mariupol-28

Kloop.кgнин редакциясы сүрөттөрүн жайгаштырууга уруксат бергендиги үчүн Евгений Сосновскийге  ыраазычылык билдирет.

Kloop.кgнин Украина тууралуу атайын репортаждары:

Ноябрь 2014-жыл:

I бөлүк: Азыркы Украинанын уламыштары менен мифтери

II бөлүк: Донецк элдик республикасынын лидерлеринин биринин кыргыз журналисттерине берген мега-интервьюсу

III бөлүк: Донецк элдик республикасынын имаратындагы гомофобдук жазуунун тарыхы

Май 2014-жыл:

I бөлүк: Киев

II бөлүк: Донецк

III бөлүк: Днепропетровск

IV бөлүк: Одесса

V бөлүк: Одессадагы шайлоолордон кийинки митингдер

VI бөлүк: Львов

Февраль 2014-жыл:

I бөлүк

II бөлүк

III бөлүк

Бонустук бөлүк