Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы Озерныйдагы сабалган жана зордукталган эки жаштагы баланын атасы «эрезеге жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбагандыгы» үчүн милиция тарабынан кармалгандыгын билдирди. Баланын өзү дагы деле комада жана абалы «оор» деп бааланууда.

Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге берген маегинде зордукталган баланын атасы 27-январда кармалгандыгын жана учурда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камакта экендигин билдирди. 28-январда сот ага карата баш коргоо чарасын белгилейт.

Анын баласы 11-январда Бишкек шаардык балдардын клиникалык ооруканасына көптөгөн сыйрылган, көгөргөн жерлери, баш сөөгүндөгү жаракаттары жана сексуалдык зомбулук белгилери менен жеткирилген.

Осмонбаевдин айтымында, баланын атасы Кылмыш кодексинин 161-беренеси боюнча «эрезеге жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарган эмес» деп айыпталууда.

«Атасы баласын 2014-жылдын ноябрында эле туугандарыныкына калтырып кеткен. Андан соң ал баласын көрүүгө көп барган эмес — аны акыркы жолу декабрда көргөн. Кандай болгон күндө да ал ата катары баланы тарбиялоо боюнча милдеттерин аткаруусу керек болчу», — деди Осмонбаев.

Эгер бул берене боюнча баланын атасы күнөөлүү деп табыла турган болсо, ал эки жылга эркинен ажыратылышы, же ошондой эле мөөнөткө түзөтүү жумуштарын аткарууга же болбосо он миң сомго чейинки өлчөмдө айып пул төлөөгө милдеттендирилиши мүмкүн.

«Азаттык» радиосу Чүй облустук ИИБсинин ага тергөөчүсү Нурбек Токтосуновго шилтеме жасоо менен атасы баласын таштап коюп, өзү «дааватка кеткендигин» билдирди.

Бишкек шаардык балдардын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков бала дагы деле комада экенин жана абалы оор деп бааланып жаткандыгын айтты.

Эки жашар наристе

Эки жаштагы бала ооруканага 11-январда жаткырылган. Кийинчерээк, 14-январда, баланын аталаш тууганы аны сабагандыгын мойнуна алган, бирок балага «клизма кылгандыктарын» айтып, анын зордуктабагандыгын билдирген. Ошондой эле наристени сабагандыгын баланын жеңеси, аталаш тууганынын аялы да мойнуна алган.

Милиция аты-жөндөрү айтылбай жаткан ал экөөнө тең кылмыш ишин козгогон — алар «сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттерге барган» жана «атайылап ден соолукка оор зыян алып келген» деп айыпталып жатышат.

Соттун чечими менен 16-январда айыпталып жаткан эки жаран тең тергөө абагына эки айка камалган.

Милиция соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыктарын 19-январда жарыялап, баланын зордукталгандыгын ырастаган. Бирок кийинчерээк, Чүй облусунун Аламүдүн районунун прокуратурасы экспертиза зордуктоо фактысын 100 пайызга ырастабагандыгын билдирген.

Коомдун реакциясы

Эки жаштагы баланын сабалгандыгы жана зордукталгандыгы тууралуу кабар жыл башынан бери Кыргызстанда эң көп талкууга алынган жаңылыктардын бири болуп калды. Интернет колдонуучулар дароо эле баланын дарылануусуна каражат чогултуп башташкан.

Андан сырткары алгач интернет-коомчулук, андан соң бийликтегилер да өлкөдө кичинекей балдарга карата жасалып жаткан зомбулук көйгөйлөрү боюнча талкууларын башташкан.

14-январда президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө кичинекей балдардын зомбулукка кабылышын алдын алып, токтотуу үчүн чараларды иштеп чыгуу тапшырмасын берген. ИИМдин башчысы Мелис Турганбаев болсо эки жаштагы сабалган баланын иши боюнча кылмыш ишин өзүнүн жеке көзөмөлүнө алган.

«АКИпресс» маалымат агенттигинин билдирүүсү боюнча, премьер-министр Жоомарт Оторбаев өкмөттүн 27-январындагы жыйынында кичинекей балдарды зордуктагандарга карата жазаларды катаалдатып, «өлүм жазасына чейин» жеткирүү боюнча пикирин билдирген.

«Балдар укуктарын коргоочулардын лигасы» коомдук корунун башчысы Назгүл Турдубаева 2014-жылы Кыргызстанда балдарга карата 900гө чукул укукка каршы аракеттер болгондугун билдирген.

Кыргызстанда балдарга карата жасалган сексуалдык зомбулук боюнча так статистикалык маалымат жок. Бирок Бишкек шаардык балдардын клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбековдун айтымында, өткөн жылы аларга зомбулук белгилери менен 52 кичинекей бала жеткирилген.