«Кыргыз чоролору» кыймылы өз активисттери рейд өткөргөн караоке-клубдун жактоочусунун маалымат жыйынын үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты. Юрист «Кыргыз чоролорунун» аракеттерин өзүм билемдик деп атап жатат.

Жактоочу Марат Токтоматов маалымат жыйынында 23-январда «Кыргыз чоролору» «Люкс» караоке-клубун эч кимдин уруксаты жок эле өздөрү билип текшерүүгө алышып, администрациясын «сойкукана» уюштурууга айыптагандыктарын билдирди.

«Лидерлеринин биринин айтымында, алар текшерүү жүргүзүп жатышат. Бирок фамилияларын да, эч кандай жеке маалыматтарын беришпей эле. Болгону иш-чара укук коргоо органдары менен биргеликте Ички иштер министрлигинин макулдугу менен жүргүзүлүп жаткандыгын айтышууда. Биз бул актынын өзүм билемдик деп аталарына ишенебиз. Мындай рейддерди өткөрө турган атайын органдар бар», — деди Токтоматов.

«Кыргыз чоролорунун» рейдинин видеосу:

«Кыргыз чоролору» кыймылынын мүчөлөрү жактоочунун маалымат жыйынына келишип, аны үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты. Алар өткөргөн рейддер милиция менен макулдашылгандыгын билдирип жатышат.

«Конституцияда биздин кайсыл бир жакка кире албай тургандыгыбыз жөнүндө жазылган эмес. […] Биз эки апта мурун эле ал жакта рейд өткөрө тургандыгыбыз жөнүндө укук коргоо органдарына билдиргенбиз», — деди кыймылдын өкүлү.

Бирок ал укук коргоо органдарынан кимдир бирөө алдыдагы рейд тууралуу караоке-клубка кабарлап койгондуктан азыр алардын милицияга болгон ишеничи «күмөндүү» экенин кошумчалады. Айтымында, кимдир бирөө тарабынан алдын ала кабар берилгендиктен ал күнү караоке-клуб иштеген эмес.

«Биз караоке-клубга барганыбызда эмнегедир ал жакта эч ким жок болуп чыкты. Бирок алар башка күндөрү күндө иштешчү. Ошол күнү ал жакка кыздар барышты, бирок башка мамлекеттердин жарандары сыяктуу эле алар да кире бериштен эле кайра кетип жатышты», — деди «Кыргыз чоролорунун» активисти.

«Кырк чоронун» өкүлү менен болгон маек:

Маалымат жыйыны болгон залда жүргөн ИИМдин өкүлү, полковник Саламат Адыловдун айтымында, «Кыргыз чоролору» рейд тууралуу милицияга кабар беришкен, бирок жооп катары укук коргоо органдары алгач «сойкукананын бар экендиги фактысын» далилдөө керектигин билдиришкен.

«Ал катты алгандан кийин биз сойкукананын уюштурулгандыгы фактысын далилдөө керектигин билдирдик. Ал кыздардын ошол жакта иштей тургандыктарынын фактысы — эч кимге сыр эмес. Ошондуктан биз тараптан билдирүү жолдонгон. Рейддин жүрүшүндө эч кандай аша чапкандык болуп кетпеши үчүн биз ыкчам топту чакырганбыз», — деди ал.

«Кырк чоронун» декабрдагы рейди

«Кыргыз чоролору» деген аталыш менен да белгилүү болгон «Кырк чоро» кыймылы 2014-жылдын декабрында караоке-клубдардын биринде өткөргөн рейди менен атагы чыккан. Кыймылдын активисттеринин айтымдарында, ал караоке-барда «сойкукана» уюштурулган болчу.

Kloop.kgнин колуна тийген видеодо көрүнүп тургандай, рейддин жүрүшүндө кыймылдын мүчөлөрү ошол маалда клубдун ичинде жүргөн Кытайдан келген мигранттар менен «Кыргыз чоролору» тараптан «сойкулукка» шектелип жаткан кыздарга карата зомбулук көрсөтүшкөн..

ШИИБнин расмий билдирүүсүнө ылайык, «Кыргыз чоролору» клубдагы даараткананын эшигин сындырышып, бөлмөлөрдүн биринин кулпусун бузуп, видеокөзөмөл камераларында тартылган видео-жазуулар сакталган серверди алып кетишкен.

Кийинчерээк кыймылдын башчысы Замирбек Көчөрбаев Kloop.kgге берген маегинде алар укук коргоо органдары жана Башкы прокуратура менен болгон макулдашуулар боюнча аракеттенип жаткандыктарын айткан.