Парламенттин Мыйзамдуулук боюнча жана  Конституциялык мыйзамдар боюнча комитеттери президент тарабынан башкы прокурорлукка сунушталган Индира Жолдубаеванын талапкерлигин жактырды.

Парламенттин эки комитети тең Жолдубаеванын талапкерлигин 27-январда карашты. Ал башкы прокурорлук кызматка президент Алмазбек Атамбаев тарабынан 21-январда сунушталган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитеттин депутаттары Жолдубаеваны Башкы прокуратуранын өзүндөгү коррупцияга «көңүл бурууга» чакырышты.

«Өзгөрүүлөр борбордук органда эле эмес, облустук жана райондук деңгээлдеги прокуратураларда да болушу керек», — деп жазган парламенттин басма сөз кызматы депутаттардын айткандарын.

Ошондой эле Жолдубаеванын талапкерлиги парламенттеги беш фракциянын бардыгы тарабынан жактырылган.

Эми Жолдубаеванын талапкерлиги парламенттин пленардык жыйынында каралышы керек — аны башкы прокурорлукка бекитүү маселеси жыйындын 28-январдагы күн тартибине киргизилген.

Жолдубаеванын башкы прокурор болуп дайындалышы үчүн парламенттин үчтөн экисинин — 80 же андан көп депутаттын добушу талап кылынат. Андан соң анын дайындалгандыгы тууралуу жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол коюшу керек болот.

Учурда Жолдубаева президенттик администрациянын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштейт.

Ал башкы прокурорлукка дайындала турган болсо 21-январда кызматтан кеткен Аида Салянованын ордун ээлейт.

«Өтө оор жыл»

Эксперттер мурунку башкы прокурор Аида Салянованы алмаштыра турган адамды табуу «кыйын» болот деген бир пикирди карманышат.

«Жолдубаеванын канчалык деңгээлде татыктуу талапкер экендигин айтуу кыйын, бирок бир четинен объективдүү карап көрсөк, сапаты жагынан Салянова сыяктуу иштей турган адамды табуу оор болот. Ошондуктан Жолдубаева Саляновадай иштейт деп кесе айтуу кыйын», — деди «Полис Азия» аналитикалык борборунун эксперти Марат Казакпаев.

Ал Жолдубаева мамлекеттик башкаруудагы «жаңы адам» болуп эсептелээрин белгилөө менен бирге башкы прокурорлук кызматтын «стратегиялык» кызмат экенин билдирди.

«Менин оюмча, мында президенттин командасынын колдоосу болот, бирок мен азырынча аны күчтүү кадр деп айтпайм, аны баары билет. […] Ал Аида Салянова козгогон көптөгөн кылмыш иштерин аягына чейин чыгаруусу керек», — деп эсептейт ал.

Эксперттин пикиринде, Жолдубаеванын соттук реформаны көзөмөлдөгөндүгү — бул анын биографиясындагы «негативдүү учур», анткени реформа «ордунан чыкпай» калган.

Саясат таануучу Эльмира Ногойбаева дагы Салянованы алмаштыра турган адамды «табуу өтө оор» экенин белгиледи.

«Салянованын репутациялык капиталын компенсациялоо үчүн атайылап бул тармактагы юристти, жаш аялды тандашты — бул ачык эле көрүнүп турат. Мындай шартта гендердик эмес, а профессионалдуу компонент эске алынышы керек болчу деп божомолдойм», — дейт Ногойбаева.

Ал жаңы башкы прокурор үчүн 2015-жыл «өтө оор» боло тургандыгын кошумчалады.

«Козголгон кылмыш иштерин, шайлоолордун алдындагы жыл экенин жана өлкөдө нааразычылык маанайлардын жогору экенин эске алганда, бул адамдын эрки күчтүү болушу керек», — деп эсептейт саясат таануучу.

Анын пикиринде, Жолдубаева башкы прокурорлук кызматты «бир жылдан ашык эмес» гана мөөнөт ээлеп турат же 2015-жылдын ноябрында өтө турган парламенттик шайлоолордон кийин бошотулат.