Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы мекеменин «Кыргыз чоролору» кыймылына караоке-клубдарды текшерүүгө уруксат бергендиги тууралуу маалыматты четке какты.

«Кыргыз чоролору» кыймылынын катышуучулары 27-январдагы маалымат жыйынында алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК), Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги менен түзгөн меморандум боюнча рейддерди өткөрүп жаткандыктарын билдиришти.

«Бизде коомдук биримдигибиздин УКМК, Башкы прокуратура, ошондой эле Эмгек министрлиги менен болгон өнөктөштүгү тууралуу меморандум бар. Биз укук коргоо органдарына алдыдагы рейддер тууралуу болжолдуу кабар беребиз», — деп билдирди кыймылдын лидери Замирбек Көчөрбаев.

УКМКнын басма сөз кызматы Бишкектеги караоке-клубдарды текшерүүгө атайын кызматтар менен түзүлгөн меморандум боюнча уруксат берилгендиги тууралуу Көчөрбаевдин айткандарын четке какты.

УКМКдан «Кыргыз чоролорунун» өкүлдөрү менен кол коюлган меморандум «коррупцияга каршы аракет этүүгө» багытталгандыгын билдиришти.

«Аталган документте ишкердик субъектилерди текшерүүгө алуу тармагында өз ара кызматташуу тууралуу жазылган эмес. Ал документ декларациялуу мүнөзгө ээ жана кандайдыр бир текшерүүлөрдү жүгүзүүгө уруксат бербейт», — деп жазылган УКМКнын пресс-релизинде.

Мекеменин маалыматы боюнча, кыймылдын мүчөлөрү эгер мамлекеттик органдардагы коррупция фактыларын аныктай турган болушса ал тууралуу УКМКга кабар берүүлөрү керек болчу.

«УКМК «Кырк чоро» коомдук бирикмеси тарабынан Бишкек шаарындагы көңүл ачуучу жайлардын текшерилишин Меморандумдун мазмунуна дал келбейт жана УКМКнын компетенциясына кирбейт деп эсептейт», — деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Кезектеги рейд

«Кыргыз чоролору» кыймылынын мүчөлөрү 23-январда кезектеги жолу өзүм билемдик менен «Люкс» караоке-клубуна рейд жасашып, администрациясын «сойкукана» уюштурууга айыпташкан.

Клубдун ээлеринин жактоочусу Марат Токтоматов 27-январда өткөргөн маалымат жыйынында рейдди «өзүм билемдик» деп атады.

«Лидерлеринин биринин айтымында, алар текшерүү жүргүзүп жатышат. Бирок фамилияларын да, эч кандай жеке маалыматтарын беришпей эле. Болгону иш-чара укук коргоо органдары менен биргеликте Ички иштер министрлигинин макулдугу менен жүргүзүлүп жаткандыгын айтышууда. Биз бул актынын өзүм билемдик деп аталарына ишенебиз. Мындай рейддерди өткөрө турган атайын органдар бар», — деди Токтоматов.

Тема боюнча: «Кыргыз чоролору» Токтоматовдун маалымат жыйынын үзгүтүккө учуратууга аракет кылышты.

«Кыргыз чоролору» кыймылынын мүчөлөрү жактоочунун маалымат жыйыны өтүп жаткан залга кирип келишип, аны үзгүлтүккө учуратууга аракет кылышты. Алар рейддери укук коргоо органдары менен макулдашылгандыгын билдиришти.

Аны менен катар кыймылдын мүчөлөрү укук коргоо органдарынан кимдир бирөө алдыдагы рейд тууралуу караоке-клубга кабарлап койгондуктан милицияга ишене албай тургандыктарын билдиришти. Айтымдарында, рейд тууралуу алдын ала кабар берилгендиктен ал күнү караоке-клуб иштеген эмес.

«Биз караоке-клубга барганыбызда эмнегедир ал жакта эч ким жок болуп чыкты. Бирок алар башка күндөрү күндө иштешчү. Ошол күнү ал жакка кыздар барышты, бирок башка мамлекеттердин жарандары сыяктуу эле алар да кире бериштен эле кайра кетип жатышты», — деди «Кыргыз чоролорунун» активисти.

Маалымат жыйыны болгон залда жүргөн ИИМдин өкүлү, полковник Саламат Адыловдун айтымында, «Кыргыз чоролору» рейд тууралуу милицияга кабар беришкен, бирок жооп катары укук коргоо органдары алгач «сойкукананын бар экендиги фактысын» далилдөө керектигин билдиришкен.

«Ал катты алгандан кийин биз сойкукананын уюштурулгандыгы фактысын далилдөө керектигин билдирдик. Ал кыздардын ошол жакта иштей тургандыктарынын фактысы — эч кимге сыр эмес. Ошондуктан биз тараптан билдирүү жолдонгон. Рейддин жүрүшүндө эч кандай аша чапкандык болуп кетпеши үчүн биз ыкчам топту чакырганбыз», — деди ал.

Декабрдагы рейд

«Кыргыз чоролору» деген аталыш менен да белгилүү болгон «Кырк чоро» кыймылы 2014-жылдын декабрында караоке-клубдардын биринде өткөргөн рейди менен атагы чыккан. Кыймылдын активисттеринин айтымдарында, ал караоке-барда «сойкукана» уюштурулган болчу.

Kloop.kgнин колуна тийген видеодо көрүнүп тургандай, рейддин жүрүшүндө кыймылдын мүчөлөрү ошол маалда клубдун ичинде жүргөн Кытайдан келген мигранттар менен «Кыргыз чоролору» тараптан «сойкулукка» шектелип жаткан кыздарга карата зомбулук көрсөтүшкөн..

ШИИБнин расмий билдирүүсүнө ылайык, «Кыргыз чоролору» клубдагы даараткананын эшигин сындырышып, бөлмөлөрдүн биринин кулпусун бузуп, видеокөзөмөл камераларында тартылган видео-жазуулар сакталган серверди алып кетишкен.

Кийинчерээк кыймылдын башчысы Замирбек Көчөрбаев Kloop.kgге берген маегинде алар укук коргоо органдары жана Башкы прокуратура менен болгон макулдашуулар боюнча аракеттенип жаткандыктарын айткан.

Алар ошондой эле кыймылдын ишмердүүлүгү үчүн кеңсени Экономика министрлиги бөлүп бергендигин билдиришкен. Бирок кийинчерээк бул маалыматты мекеме четке каккан.