Президент Алмазбек Атамбаев Индира Жолдубаеваны башкы прокурорлук кызматка дайындоо жөнүндөгү жарлыкка кол койду. Күн мурун анын талапкерлиги парламентте колдоо тапкан. Жолдубаева бул кызматка Аида Салянованын отставкасынан кийин дайындалууда.

Жолдубаеванын башкы прокурор болуп дайындалгандыгы тууралуу маалыматты президенттин басма сөз кызмат 29-январда таратты.

«Бүгүн, 2015-жылынын 29-январында, Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде кол койгон Жарлыкка ылайык, Жолдубаева Индира Ырысбаевна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору болуп дайындалды», – деп жазылган билдирүүдө.

Анын талапкерлиги парламенттин 28-январдагы жыйынында жактырылган – Жолдубаеванын башкы прокурорлук кызматка дайындалышын 105 депутат колдоп, экөөсү каршы добуш беришкен.

Парламенттеги талкуунун жүрүшүндө депутаттардын көпчүлүгү анын Аида Салянова баштаган коррупцияга каршы күрөшүү, козголгон кылмыш иштерин адилеттүү тартипте карап чыгуу менен аягына чыгаруу сыяктуу «иштерин улантуусун» өтүнүшкөн.

Жолдубаева акыркы үч жылдан бери президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратындагы Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Ага чейин бир жыл өкмөттүн аппаратынын Укуктук камсыздоо бөлүмүн башкарган. Жолдубаева 21-январда отставкага кеткен мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын ордуна дайындалды.