Басмырлоочу мыйзам долбоорлору жана ырайымсыз мамилелер менен кыйноолор үчүн жазанын жоктугунан улам акыркы жылдары Кыргызстандагы демократиялык илгерилөөлөр толук «начарлады» — мындай деп эл аралык «Хьюман Райтс Вотч» (ХРВ) укук коргоо уюмунун отчетунда жазылган.

«Хьюман Райтс Вотчтун» 2015-жылга карата отчету 30-январда жарыяланды — анда Кыргызстанда адам укуктары боюнча абал «начарлап кеткендиги» жазылган — отчеттун авторлору мындай абалдын жаралуусуна «чет элдик агенттер» жана «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир калыптандыруу» жөнүндөгү мыйзам долбоорлору таасир эткенин белгилешкен.

«Чет элдик агенттер» жөнүндөгү мыйзам долбоору парламенттин кароосуна 2014-жылдын жайында киргизилген, бирок азырынча депутаттар тарабынан үчүнчү окууда жактырыла элек. Президент Алмазбек Атамбаев мыйзам долбоорунун идеясын колдоого алган, бирок документке кол коёр-койбосу тууралуу эч нерсе айткан эмес.

Анда 40тан ашык коммерциялык эмес уюмдар президентти «тирешүүнүн» ордуна «кызматташууга» чакырышкан.

«Гейлерге каршы» мыйзам долбоору 2014-жылдын жазында демилгеленген. Учурда депутаттар аны экинчи окууда карап жатышат.

Документке ылайык, «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге» карата «жакшы пикир» калыптандыруу үчүн кылмыш жазасын киргизүү сунушталууда. Жазанын катаалдыгы бир жылдык мөөнөткө эркинен ажыратууга чейин жетиши мүмкүн.

2015-жылдын январынын башында Европа парламенти, андан соң БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүгү Кыргызстандын депутаттарына мыйзам долбоорун чакырып алууну сунушташкан. Бирок кыргыз депутаттары чакырып албай тургандыктарын билдиришкен.

«Тынчтык чогулуштарга болгон эркиндикти чектөө»

ХРВ Кыргызстандын бийлиги жарандардын тынчтык чогулуштарды өткөрүүгө болгон эркиндигин чектеп жаткандыгын белгилеген — отчетто 2014-жылдын жазында укук коргоо органдарынын Ала-Тоо аянтына митинг өткөрүүгө уруксат бербей койгондуктары көрсөтүлгөн.

Анда Бишкектин Биринчи май райондук соту оппозициянын элдик курултай өткөрө тургандыгы жөнүндөгү маалыматтарынын фонунда 31-марттан 1-майга чейин митингдерди өткөрүүгө тыюу салган — бирок көп өтпөй шаардык сот ал чечимди жокко чыгарган.

«Кыргызстандын Конституциясы тынчтык чогулуштарды өктөрүү эркиндигин кепилдеп жаткан чакта милиция 2014-жылдын июнь жана июль айларында Бишкектин борборунда тынчтык акциясын өткөрүп жаткан активисттерди кармап кеткен. Ар бир акцияда анын катышуучулары укук коргоо органдарына баш ийген жок деген жүйө менен расмий эскертүүлөрдү алышкан», — деп жазылган отчетто.

Кыйноолор жана жазанын жоктугу

Отчеттун авторлору 2010-жылдын июнунда Ош менен Жалал-Абадда орун алган улуттар аралык кагылышуулардын жыйынтыгында «негизинен этникалык өзбектер узак мөөнөттөргө камалышкандыгын» жазышкан.

Аны менен катар этникалык өзбектерди колго түшүрүү маалында мойундарына алган көрсөтмөлөргө ээ болуу үчүн кыйноо ыкмалары пайдаланылгандыгын белгилешкен.

«Өкмөт Кыргызстанда кыйноолор бар экендигин мойнуна алып жатканы менен андай кылмыштар үчүн жазалабоо норма бойдон калууда. Ырайымсыз мамиле жана кыйноолор тууралуу арыздарга байланышкан кылмыш иштери сейрек кездешет, ал эми күнөөлүүлөрдүн үстүнөн тергөө иштерин жүргүзүп, соттук териштирүүлөрдү өткөрүү дайыма кийинкиге калтырылат же натыйжасыз жүргүзүлөт», — деп жазылган «Хьюман Райтс Вотчтун» отчетунда.

Уюмдун «Азаттык үнү» кыргыз укук коргоо уюмунун маалыматтарына шилтеме жасоо менен келтирген статистикасына ылайык, өлкө бийлиги 2014-жылы каттоодон өткөн 109 кыйноо фактысынын 100үн кылдаттык менен иликтөөдөн баш тарткан.

Азимжан Аскаров – 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуу маалында «милиция кызматкерин өлтүргөндүгү» үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган этникалык өзбек, укук коргоочу. Ал өзү дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын четке кагып келген.
Азимжан Аскаров – 2010-жылдагы улуттар аралык кагылышуу маалында «милиция кызматкерин өлтүргөндүгү» үчүн өмүр бою эркинен ажыратылган этникалык өзбек, укук коргоочу. Ал өзү дарегине айтылган айыптоолордун бардыгын четке кагып келген.

Отчеттун авторлору Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жумушчуларында камактагы адамдардын жашоосунун жеткиликтүүлүгү боюнча көйгөйлөр пайда болгондугун жазышкан.

«2014-жылдын мартында болгон окуядан кийин борбор убактылуу кармоочу жайга киргизүүгө уруксат бербей койгондугу үчүн Ысык-Көл облусундагы убактылуу кармоочу жайдын башчысына карата даттанышкан. Бирок бул отчет жазылып жаткан мезгилге чейин ал дагы деле жоопкерчиликке тартылган эмес», — деп жазылган отчетто.

Ошондой эле анда 2014-жылы дин саясатынын катаалдатылгандыгы да белгиленген.

Октябрда президент Алмазбек Атамбаев башында турган Коргоо кеңеши Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын 2020-жылга чейинки Концепциясын кабыл алган. Документти ишке ашыруунун алкагында «Дин жөнүндөгү» жаңы мыйзам кабыл алып, диний уюмдарды көзөмөлдөөнү күчөтүү пландалууда.

«Бишкектеги укук коргоочулар дин жөнүндөгү мыйзамдын долбоору боюнча тынчсызданууларын билдиришти. Эгер ал кабыл алына турган болсо, мисалы, кошумча лицензия менен диний ишмерлердин кайрадан катталуусун талап кылуу менен дин эркиндигине болгон укуктарды чектейт», — деп жазылган «Хьюман Райтс Вотчтун» отчетунда.

Отчетто укук коргоо органдары менен атайын кызматтагылар экстремизмге айыптала турган адамдарды «дагы деле негизсиз» кармап жаткандыктары билдирилген.

«Ал адамдар [экстремизмге айыпталгандар] камакта ырайымсыз мамилелер менен кыйноолорго өзгөчө көп кабылышат», — деп жазышка документтин авторлору.