Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 27-январда Ливиянын Триполи шаарында болгон теракттан үч кыргызстандыктын каза болгондугун ырастады.

27-январда Ислам согушкерлери Триполинин борборундагы «Коринтия» мейманканасына кол салышкан. Алардын кол салуусу мейманкананын жанында токтоп турган автоунаалардын жарылуулары менен коштолгон, деп билдирүүдө Би-би-си.

Кол салуунун жыйынтыгында кеминде тогуз киши каза болгон, алардын үчөөсү — эки борттук коштоочу менен бир авиациялык компаниянын инженери Кыргызстандын жарандары болушкан. Каза болгондордун калгандары — жергиликтүү жарандар, бир америкалык жана дагы бир француз.

«Азаттык» радиосунун билдирүүсү боюнча, каза болгон кыргызстандыктар S.Group International компаниясында иштеп, «Стамбул — Триполи» каттамын тейлешкен.

АКИпресс маалымат агенттиги каза болгондордун аты-жөнүн жарыялады:

– Замир Бекетаев, авиаинженер;

— Гүлзина Бешбакова, борттук коштоочу;

— Галина Колосветова, борттук коштоочу.

Алардын бардыгы тең 1986-жылкы болушкан.

«Биз каза болгондордун жакындары менен байланыштабыз. Сөөк коюуну өзүбүзгө алабыз. Үй-бүлөлөрүнө компенсациялар тиешелүү өлчөмдө төлөнүп берилет. Учурда бул маселенин үстүндө юристтер иштеп жатышат», — деп билдирген «АКИпресске» S.Group International компаниясынын башкы директорунун орун басары Николай Рыков.

Би-би-си «Ислам мамлекети» уюмуна байланыштуу твиттер-эккаунтка шилтеме жасоо менен кол салуу 1998-жылкы терактка айыпталган ливиялык Абу Анаса аль-Либинин өлүмү үчүн «өч алуу» болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө.

Либи 2-январда АКШдагы аскердик ооруканада каза болгон. Ал Американын Кения менен Танзаниядагы элчиликтери жардырылган 1998-жылдагы теракт үчүн соттун алдында жооп бериши керек болчу.

Бирок Би-би-си кабарлагандай, азырынча кол салуунун «Ислам мамлекетине» байланышы бардыгын ишенимдүү ырастоого мүмкүн эмес — кабарчылар «Ислам мамлекетинин» Ливияда бар экендигин так билишпейт.

Сүрөттө: Триполидеги Чыгыш району, Ливия.

Сүрөт: Heretiq.