Президент Алмазбек Атамбаев журналист Жанар Акаевди өлкө башчысынын басма сөз катчысы кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Ал Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп кеткен мурунку басма сөз катчы Кадыр Токтогуловдун ордуна барды.

Жанар Акаевди президенттин басма сөз катчысы кызматына дайындоо тууралуу жарлыкка 2-февралда кол коюлду.

Акаев 2014-жылдын 31-декабрында Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалган мурунку басма сөз катчы Кадыр Токтогуловдун ордуна барды.

Жанар Акаев өлкө башчысынын басма сөз катчысы кызматына дайындалганга чейин 2007-жылдан бери «Азаттык» радиосунун журналисти болуп иштеп келген.

2014-жылдын декабрында парламенттик КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Акаев Жаштар, эмгек жана миграция министрлигинин башчылыгына сунушталып жаткандыгын билдирген. Бирок «Спутник» маалымат агенттиги анда ал сунушталган кызматтан баш тарткандыгын билдирүүдө.

Жанар Акаев 1986-жылдын 13-декабрында Алай районунда туулган. 2009-жылы Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

2006-жылы ОшМУнун студенттик гезитинде кабарчы болуп иштеп, ошол эле жылы редакторлукка жеткен. Бир жылдан соң ал аймактык кабарчы катары «Азаттык» радиосунда иштеп баштаган.

2010-жылдан 2012-жылга чейин ал Бишкек бюросунда кабарчы жана «Азаттык+» телеберүүсүнүн алып баруучусу болгон. 2012-жылдан 2013-жылга чейин — «Свободная Европа»/Радио «Свобода» радиосунун Прагадагы кабарчысы болуп эмгектенген.

2013-жылдан бери «Ыңгайсыз суроолор» телеберүүсүнүн алып баруучусу болуп келген.

Сүрөт «Фэйсбук» социалдык түйүнүнүн Zhyrgal Masalbekova аттуу колдонуучусунун баракчасынан алынды