10го жакын киши парламент имаратынын алдына чогулушуп, Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерине тез аранын ичинде киришин талап кылып жатышат. Бул акция менен бир эле маалда дагы эки митинг өтүүдө – «Азаттык» радиосунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн саясатына каршы жана бөйрөк оорулуулар үчүн керектүү болгон гемодиализ аппаратынын баасын төмөндөтүү талабы менен.

«Айкөл Манас жана Сергей Радоженский» укук коргоо борборунун башчысы Игорь Трофимов Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерине кирүүсүн колдой тургандыгын билдирди. Бирок анын пикиринде, премьер-министр Жоомарт Оторбаев «Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин ратификациялоону үзгүлтүккө учуратууга аракет кылып жатат».

«Оторбаев болбогон пиар менен алектенип жатат. Качан иштейт? Анын «Аалам сулуусу-2015» болгусу келип жаткандай сезим жаралууда. Ал шайлоого даярданып жатат. Биз УКМКны көрбөй элебиз, анткени алар иштеп жатышат. А ким иштебесе ал шайлоого даярданып жатат», – деди ал.