Юстиция министрлигинин башчысы Алмамбет Шыкмаматов гезитке чыккан макаладан улам келип чыккан чырдан кийин отставкага кетүү тууралуу арыз жазды. Ал макалада министрге шилтеме жасоо менен мурунку башкы прокурор Аида Салянова президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаевдин «саясий оюндарынан» улам кызматынан кеткендиги тууралуу жазылган.

Шыкмаматовдун отставкасы тууралуу билдирүү Юстиция министрлигинин  сайтына жарыяланды.

Алмамбет Шыкмаматов «Азия News» гезитине берген маеги басылып чыккандан соң келип чыккан чырдын фонунда отставкага кетүүдө. Шыкмаматов ал маегинде президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаевди мурунку башкы прокурор Аида Салянованын отставкасынын айланасындагы «саясий оюндарга айыптаган».

Нарымбаев бул боюнча парламенттеги көпчүлүк коалициясына кайрылып, Юстиция министрлигинин башчысынын кечирим суроосун же анын кызматтан кетишин талап кылган.

Шыкмаматов Юстиция министрлигинин сайтындагы билдирүүсүндө кечирим суроого даяр экенин билдирип, бирок президенттин аппарат башчысынын талабын «саясий спекуляция» жана «соодалашуу» деп атаган.

«Данияр Ильич тарабынан коюлган маселе башынан эле туура эмес болгон. Анын маңызы жөн гана эл алдында кечирим суроо болгон эмес, а өзүнчө бир ультиматум коюлган. Же мен кечирим сурап кызмат ордумду сактап калмакмын, же болбосо менин ээлеген кызматыма татыктуулугум тууралуу маселе коюлмак», — деп жазылган Юстиция министрлигинин башчысынын билдирүүсүндө.

Анын айтымында, Юстиция министрлигинин башчысы менен президенттин аппарат башчысы сот системасын реформалоо жана мыйзам чыгарууга жооп бере турган «башкы позициялардын бири» болуп эсептелишет.

«Биз объективдүү, калыс, тыгыз жана биримдикте иштешибиз керек. Мен юстиция министри менен президенттин аппарат башчысынын ортосундагы жеке мамиле алдыбызга коюлган маанилүү маселелерге терс таасирин тийгизишин каалбайм», — деп эсептейт Шыкмаматов.

Гезиттеги маек

Алмамбет Шыкмаматовдун «Азия News» гезитине берген маеги 22-январда — Аида Салянова башкы прокурорлуктан кеткен күндүн эртеси басылып чыккан.

Материалда Шыкмаматовдун айткандарына шилтеме жасоо менен мурунку башкы прокурор Аида Салянова Нарымбаевдин «саясий оюндарынан» улам отставкага кеткендигин жазылган.

Бирок юстиция министринин өзү маегинде андай сөздөрдү айтпагандыгын билдирүүдө.

Нарымбаевдин кайрылуусун 2-февралдагы жыйынында караган Көпчүлүк коалициясынын кеңеши да чыр боюнча чечим кабыл ала алган жок.

Салянова отставкага кеткенден кийин Нарымбаев башкы прокурорлук кызматка талапкер болуу ыктымалдыгы эң жогору болгон адамдардын бири катары эсептелинип жаткан. Бирок президент Алмазбек Атамбаев ал кызматка Индира Жолдубаеваны сунуштап, ал башкы прокурор болуп дайындалган.