Кылмыш иши «Кыргыз чоролору» коомдук кыймылынын активисттери тарабынан Бишкектеги «Люкс» караоке-клубуна жасаган рейди фактысы боюнча козголду, деп билдирди Kloop.kgге оюн-зоок жайынын жактоочусу Марат Токтоматов.

Токтоматов «Кырк чоро» деген аталыш менен да таанымал болгон «Кыргыз чоролору» кыймылынын активисттерине каршы кылмыш иши козголгондугу тууралуу ага 4-февралда Бишкектин Биринчи май райондук милиция бөлүмүнөн кабарлашканын билдирди.

«Бүгүн эртең мененки саат 9:30да Биринчи май райондук ИИБсинде болдум. Тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары кирип, өзүм билемдик фактысы боюнча «Кырк чорого» каршы кылмыш иши козголгондугун билдирди», — деди ал.

Жактоочу ал жактоого алган «Люкс» жана «Икс О» караоке-клубдары тергөөгө активисттердин рейди тартылган видеокөчүрмөлөрдү бергендиктерин айтты. Азыр кылмыш иши «Люкс» клубуна рейддин жасалгандыгы фактысы боюнча козголду.

«[Тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары] экинчи факты боюнча да кылмыш иши козголо тургандыгын айтты. Анда өзүм билемдик боюнча эки факты бар», — деди жактоочу.

Кыргызстандын Кылмыш кодексинин «өзүм билемдик» беренесинин алкагында эң катаал жаза беш жылдык мөөнөткө эркинен ажыратуу болушу мүмкүн.

Биринчи май райондук ИИБсинин тергөөчүлөрү бул боюнча түшүндүрмө алууга жеткиликсиз болууда.

Буга чейин «Кыргыз чоролорунун» Чүй облусу боюнча координатору Бактыбек Нуралы уулу «эгер керек болсо» кыймыл өз аракеттери үчүн мыйзам алдында жооп берүүгө даяр экенин билдирген болчу.

«Кырк чоронун» рейддери

«Кыргыз чоролорунун» активисттери алар тараптан ээлери «сойкукана» иштетет деп шектелген караоке-клубдарга жасаган рейддери менен бегилүү.

Аларга өзгөчө белгилүүлүк эс алып жаткан кытай мигранттары менен «сойкулукка» айыпталган кыздарга кол салган декабрдагы рейдинен кийин келген.

Видео интернет колдонуучуларынын арасында көп түрдүү пикирлерди жараткан — кээ бирлери «Кыргыз чоролорунун» рейдин колдошсо, башкалары аларды өзүм билемдикке жана улутчулдукка айыпташкан.

Кыймылдын лидерлеринин бири Замирбек Көчөрбаев  Kloop.kgге берген маегинде алар Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Башкы прокуратуранын макулдугу менен аракеттерди көрүп жаткандыктарын билдирген.

Бирок кийинчерээк ИИМ мекеме кыймылдын акцияларына терс көз карашта экенин жана «Кыргыз чоролору» менен кол коюлган меморандум аларга өз алдынча рейддерди жүргүзүүгө уруксат бербей тургандыгын билдирген. Анда милиция кыймылдын үч мүчөсүн Кылмыш кодексинин «бейбашчылык» беренеси боюнча айыптап, кылмыш ишин козгогон.

«Кыргыз чоролор» 2015-жылдын 23-январында дагы бир рейд өткөрүшкөн — ал жолкусунда алар Бишкектеги «Икс О» жана «Люкс» караоке-клубдарын текшерүүгө алышкан.

Бирок кыймыл тарабынан жарыяланган видеодо алар эки оюн-зоок жайында тең эч нерсе таппагандыктары көрүнүп турат. Андан сырткары кийинчерээк ал видеодо алматылык телеканалдын сюжетиндеги кадрлардын пайдаланылгандыгы белгилүү болгон.

«Кыргыз чоролор» Кыргызстандын патриоттук күчтөрүнүн биримдиги деген аталыштагы уюм менен биргеликте 27-январда съезд өткөрүшүп, кыймылдын катышуучулары президент Алмазбек Атамбаевге кайрылуу жолдошкон.

«Кыргыз чоролорунун» талаптарынын бир бөлүгү:

  • Чет элдиктер мейманканаларда гана жашоолору керек;
  • Батирлерди үй-бүлөлүүлөргө гана ижарага берүү;
  • Эгер мейманканалар кымбат болсо алар жатаканадан бөлмө алуулары керек;
  • Чет элдик жарандарды көзөмөлдөө;
  • Эгер кайсыл милиция кызматкеринин аймагынан сойкулар турчу үй табыла турган болсо ал аймактык милиционер кызматтан кетиши керек;
  • Эгер «Кыргыз чоролору» «сойкуканасы» бар караоке-клуб таба турган болсо, ал райондун РИИБсинин башчысы кызматтан алынышы керек;
  • Кыргыздарга көп аял алууга уруксат берүү керек;
  • «Мадинадагы» соодагер уйгурлардын бардыгы тең кыргыздарга алмаштырылышы керек.

УКМКнын басма сөз кызматы анда мекеме кыймылдын билдирүүсү менен талаптарын карап чыга тургандыгын билдирген.