«Кырк чоро» кыймылы «сойкулук» үчүн жазаны катаалдатуу талабы менен аймактарда митингдерди өткөрдү. Кыймылдын активисттери Бишкектеги караоке-клубдарга жасаган рейддери менен белгилүү. Сынчылар «Кырк чоронун» акцияларын «мыйзамсыз» деп атап жатышат.

«Кыргыз чоролору» деген аталыш менен дагы белгилүү болгон «Кырк чоро» кыймылы Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен жана Чүй облустарында митингдерди өткөрүштү. Бул тууралуу Kloop.kgге берген маегинде кыймылдын лидерлеринин бири Бактыбек Нуралы уулу билдирди.

Анын айтымында, аймактардагы акциялар «кыргыз элинин баалуулуктарын коргоо жана сойкулукка каршы күрөшүүгө» арналган.

Нуралы уулу алардын Токмоктогу акциясына 150гө жакын киши катышкандыгын кошумчалады. Митингдердин жыйынтыгында резолюция, президентке, премьер-министрге жана парламентке кайрылуу кабыл алынган. «Кырк чоронун» активисттери сойкулук менен алектенүү үчүн санкцияларды катаалдатууну сунуштап жатышат.

«Мында көйгөй сойкулардын өзүлөрүндө эмес, а уюштуруучуларда, сутенерлордо. […] Азыр айыптар беш миң сомдун айланасында. Биз бул айыптардын [сутенерлор  үчүн] жүз эсеге жогорулашын каалайбыз. Бул сойкуларга да тиешелүү», — деди ал.

«Кырк чоро» коммерциялык секс жумушчуларына каршы айып санкцияларын киргизүүнү сунуштап жатат. Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, учурда коммерциялык секс мыйзам бузуу болуп эсептелбейт, жоопкерчилик сойкукана уюштургандар үчүн гана каралган.

«Башкысы — элди түп көтөрбөстөн акцияларды, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. Анткени биздин жергиликтүү каналдар таптакыр чагылдырышпайт. […] Элде эч кандай маалымат жок, баарынын эле үйүндө интернет жок. Ошондуктан коомчулук кабардар болсун деп биз муну эл менен биргеликте чечели деп жатабыз», — деди ал.

«Кырк чоронун» рейддери

Кыймылдын лидерлеринин айтымдарында, «Кырк чоронун» республика боюнча беш миңден ашык мүчөсү бар.

Кыймылдын активисттери кытай мигранттары жана алар менен эс алып жаткан кыздарга кол салышкан декабрдагы рейдинен кийин өзгөчө белгилүүлүккө жетишишкен.

Ал рейддин жүрүшү тартылган видео интернет колдонуучуларынын арасында көп түрдүү пикирлерди жараткан — кээ бирлери «Кырк чоронун» рейдин колдошсо, башкалары аларды өзүм билемдикке жана улутчулдукка айыпташкан.

Кыймылдын лидерлеринин бири Замирбек Көчөрбаев  Kloop.kgге берген маегинде алар Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Башкы прокуратуранын макулдугу менен аракеттерди көрүп жаткандыктарын билдирген.

Бирок кийинчерээк ИИМ мекеме кыймылдын акцияларына терс көз карашта экенин жана «Кыргыз чоролору» менен кол коюлган меморандум аларга өз алдынча рейддерди жүргүзүүгө уруксат бербей тургандыгын билдирген. Анда милиция кыймылдын үч мүчөсүн Кылмыш кодексинин «бейбашчылык» беренеси боюнча айыптап, кылмыш ишин козгогон.

Андан соң алар «Люкс» жана «Иск О» караоке-клубдарынын ээлерин «сойкукана» иштетүүгө айыптап, ал жайларда да рейддерди өткөрүшкөн.

Караоке-клубдардын жактоочусу Марат Токтоматов Kloop.kgге берген маегинде Биринчи май райондук милиция бөлүмү «Кырк чоронун» рейди фактысы боюнча «өзүм билемдик» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогондугун билдирди.

Кыргызстандын Кылмыш кодексине ылайык, аталган берене боюнча эң катаал жаза — бул беш жылга чейин эркинен ажыратуу.