«Калыс» кыймылы «гейлерге каршы» мыйзам долбоорун кабыл албоо чакырыктары жазылган резолюциясы менен Европарламенттин Кыргызстандын ички саясатына кийлигишип жаткандыгына» каршы митинг өткөрдү. Анын жүрүшүндө кыймылдын мүчөлөрү кыргыз парламентарийлеринин мыйзамды кабыл алууга «шашылбай жаткандыктарына» да нааразычылыктарын билдиришти.

Митингдин видеосу:

5-февралда «Калыс» кыймылынын 60ка жакын мүчөсү Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулушту — алар «Европарламенттин Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүүсүнө» каршы экендиктерин билдиришти.

15-январда Европарламенттин депутаттары кыргыз кесиптештерин «салттуу эмес сексуалдык байланышка карата жакшы пикир калыптандыруу» үчүн кылмыш жоокерчилигин киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган резолюция кабыл алышкан.

Чогулгандар колдоруна улуттук кийим кийген үй-бүлөнүн сүрөтү жана төмөн жагында «Биздин демократия» деген жазуулары бар плакаттарды кармап алышкан. Митингдин катышуучуларынын буттарынын алдында жарым жылаңач эркектердин сүрөттөрү жатты.

«Биздин өзүбүздүн демократиябыз бар. Бизге башка өлкөлөрдүн демократияларынын калдыктары менен таштандыларынын кереги жок. Биз кыргыз элинин баалуулуктарын жакшы билебиз жана так түшүнөбүз. Ошондуктан биз Европарламенттин, БУУнун жана башка өлкөлөрдүн Кыргызстандын ички саясатына кийлигишпөөсүн өтүнөбүз», — деп билдирди митингдин уюштуруучусу жана «Калыс» кыймылынын лидери Жеңиш Молдокматов.

Уюштуруучулардын билдирүүлөрүнө ылайык, Ак үйдүн алдына «Калыс» кыймылынан сырткары Кыргызстандын Коммунисттер партиясынын, «Славян маданиятынын борбору» коомдук биримдигинин, «Күчтүү Кыргызстан» патриоттук кыймылынын жана «Таза оппозициялык кыймылдын» өкүлдөрү чогулушкан.

Молдокматов алар тараптан бийликке коюлган төрт талап тууралуу билдирди;

  1. «Гейлерге каршы мыйзам долбоорун» кабыл алуу;
  2. «Чет элдик агенттер жөнүндөгү» мыйзам долбоорун кабыл алуу;
  3. Педофилдерге карата өлүм жазасын киргизүү;
  4. Ата-энелери менен балдарын интернаттарга калтырган чиновниктерди кызматтан алуу.

«Калыстын» лидеринин айтымында, алар «мыйзамдын парламентте алдыга жылбай жатышына нааразы» — учурда мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда.

Молдокматов «гейлерге каршы» мыйзам долбоору ЛГБТ коомчулугун басмырлабайт деп эсептейт.

«Жеке мен үчүн гомосексуализмди жана башка баалуулуктарды пропагандалоо болуп биздеги бир катар укук коргоочулардын аны нормалдуу көрүнүш деп айтып жаткандыктары эсептелет. Ошонун өзү пропаганда болуп эсептелет да. Өсүп келе жаткан жаштардын ички дүйнөсү таза болот. Гомосексуализмди нормалдуу көрүнүш деп билдирип жатышса, аларда чын эле нормалдуу көрүнүш экен деген ой калыптанат», — деди ал.

Бир канча убакыттан кийин митингдин катышуучуларынын алдына «гейлерге каршы» мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, «Ар-Намыс» фракциясынан депутат Нуркамил Мадалиев чыкты.

Анын айтымында, азырынча мыйзам долбоорунун адам укуктары боюнча парламенттик комитеттин экинчи окуусунда качан каралары белгисиз.

«Мен демилгечилердин биримин. Бул боюнча мыйзам долбоорун карасын деп парламенттик комитеттин жетекчиси Никитенкого [адам укуктары боюнча комитеттин жетекчиси, депутат Наталья Никитенкого] оозеки жана жазуу түрүндө да кайрылгам. Биздин акыркы жолку бир апта мурунку сүйлөшүүлөрүбүзгө ылайык, алар бир катар бейөкмөт уюмдардын корутундуларын алыша элек экен», — деди Мадалиев чогулгандарга.

Контекст: Европарламент мыйзам долбооруна каршы

15-январда Европарламенттин депутаттары «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир калыптандыруу жөнүндөгү» мыйзам долбоору боюнча резолюция кабыл алып, кыргыз кесиптештерин документти чакырып алууга чакырышкан.

«Европалык парламент […] бул мыйзам долбоорунун каралышына жана катаал, адамгерчиликсиз, кемсинткен мамилелерге алып барышы мүмкүн болгон бардык аракеттерге терең өкүнүп, бардык өлкөлөрдү гомосексуалдуулукту кылмыш катары кароону тез арада токтотууга чакырат», — деп жазылган резолюциянын болжолдуу текстинде.

«Гейлерге каршы» мыйзам долбоорун активдүү колдоп келген Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу өзүнүн Твиттердеги баракчасы аркылуу кыргыз документинин Европарламенттин  жыйынында каралып жатышына нааразычылыгын билдирген.

«Батыш Европага өз бейөкмөт уюмдары аркылуу кыргыз коомчулугун бузуп жаткандыгы аз келгенсип эми биздин өлкөнүн ички иштерине түздөн-түз кийлигише баштадыбы?!» — деп жазган Бакир уулу.

«Басмырлоочу» мыйзам долбоор

«Гейлерге каршы» мыйзам долбоору 2014-жылдын жазында демилгеленген. Документке ылайык, «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге» карата «жагымдуу пикир жаратуу» үчүн кылмыш жоопкерчилигин сунушталат.

Эгер «жакшы пикир» жаш балдардын арасында же маалымат каражаттары аркылуу калыптандырыла турган болсо, анда ал үчүн бир жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы колдонулушу мүмкүн.

Бирок мыйзам долбоорунун текстинде да, ага карата жазылган түшүндүрмөдө да «салттуу эмес сексуалдык мамилелердин» эмне экендигине так аныктама берилген эмес.

Гомосексуалдуулук Кыргызстанда 1990-жылдардын аягынан бери кылмыш катары эсептелбейт.

Акт Кыргызстанда гомофобиянын күчөшүнүн фонунда жазылган. Анын даярдалып жаткандыгы тууралуу 12-мартта — парламент имаратынын алдында 100гө чукул адамдан турган топ «гей-пропагандага каршы акция өткөргөн күнү жарыяланган.

2014-жылдын октябрында Бириккен Улуттар уюму кыргыз парламентинин депутаттарын мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган.

Ошондой эле АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да мыйзам долбоору «адам укуктары, демократиялык жетишкендиктер жана Кыргызстандын конституциялык кепилдиктерине фундаменталдуу коркунучу жарата тургандыгын» билдирип, мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы чыккан.

Укук коргоо тармагындагылар «салттуу эмес байланыштарды пропагандалоого каршы» мыйзам долбоорун «басмырлоочу мыйзам долбоору» деп атап келишет.

«Хьюман Райтс Уотч» эл аралык уюмунун өкүлү Анна Кирей парламент депутаттарын «чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурууга» чакырган.

«Эгер парламенттин чынында эле балдарды коргогусу келсе, анда көптөгөн эл аралык инстанциялар тарабынан начар деп табылган көзкөрүнөө басмырлоочу мыйзам долбоорлорун түрткөндөн көрөк чыныгы көйгөйлөргө көңүл бурушсун», — деген Кирей Kloop.kgге берген 12-марттагы маегинде Орусияда кабыл алынган ушуга окшош мыйзамдарды мисал келтирип.

Кирей мамлекет биринчи кезекте лесбиян, гей жана трансгендерлерди (ЛГБТ) зомбулуктардан (өзгөчө укук коргоо органдары тарабынан жасалган) коргошу керек деп эсептейт.

«Биринчи кезекте укук коргоо органдары тарабынан ЛГБТ өкүлдөрүнө карата жасалган зомбулуктарга жана ар түрдүү саясий топтордун аларга карата зомбулук иштерге баруу чакырыктарына көңүл бурулушу керек», — деп билдирген ал.

Өз кезегинде мыйзам долбоорунун авторлору документтин «салттуу баалуулуктар» менен «салтуу үй-бүлөлөрдү» коргоого багытталгандыгына ишендирип жатышат.