Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) башкы директору Султан Жумагулов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу бүгүн КТРКнын алдындагы Байкоочу кеңештин төрагасы Илим Карыпбеков билдирди.

Жумагуловдун кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгы тууралуу маалымат 6-февраль күнү күндүз белгилүү болду — бул тууралуу КТРКнын алдындагы Байкоочу кеңештин төрагасы Илим Карыпбеков «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды.

«КТРКнын башкы директорунун орун басары К.Болотканов менен КТРКнын башкы директору Султан Жумагулов арыз жазышты. К. Болоткановду кетирдик. Султан Жумагуловду талкуулап жатабыз. Байкоочу кеңештин кезексиз жыйыны уланууда», — деп жазган Карыпбеков.

Султан Жумагуловдун арызы. Сүрөт Илим Карыпбековдун «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасынан алынды.
Султан Жумагуловдун арызы. Сүрөт Илим Карыпбековдун «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасынан алынды.

Кызматтан кетүү тууралуу арыз жазылгандыгын ошондой эле кеңештин мүчөсү Игорь Шестаков да ырастады.

«КТРКнын башкы директору Султан Жумагулов бүгүн өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Азыр КТРКнын Байкоочу кеңеши бул маселени талкуулап жатат», — деп жазган ал.

Азырынча Жумагуловдун өзү отставкага кетүүсүнүн себептерин айта элек.

Байкоочу кеңештин башка мүчөсү Фархат Бекманбетов башкы директордун отставкасынын себеби — «ден соолугуна баланыштуу» экенин жазды.

Карыпбеков «АКИпресс» маалымат агенттигине берген маегинде учурда Байкоочу кеңеш Жумагуловдун Монголияга болгон иш сапары учурундагы «жүрүш-турушунун этикалык жагын» жабык эшик артында талкуулап жаткандыгын билдирген.

«Жыйын башталардын алдында Байкоочу кеңештин мүчөлөрү 5-6-февраль күндөрү кыргыз тилдүү басылмаларга чыккан макалаларды өз ара талкуулашты. Ал макалаларда КТРКнын башкы директору Монголияга болгон иш сапары учурунда чуу чыгарган. Макалалар басылып чыгарылып, секретариаттарга таратылып берилген. Байкоочу кеңештин мүчөлөрү макалаларга комментарий берип жатып, андагы маалыматты «өтө жагымсыз учур» деп аташты», — деп жазды «АКИпресс» Карыпбековдун айткандыран шилтеме жасап.

Жумагулов КТРКнын башчылыгына 2014-жылдын күзүндө келип, корпорациянын мурунку жетекчиси Кубат Оторбаевдин ордун ээлеген. Ага чейин ал «ЭлТР» телекомпаниясын жана «Азаттык» радиосунун Бишкектеги бюросун жетектеген.