Canon компаниясы сенсору 50.6 мегапикселдүү Canon 5Ds жана 5Ds R флагмандык санарип фотоаппраттарын, ошондой эле Wi-Fi модулдуу 750D жана 760D күзгүлүү фотоаппараттарын коомчулукка тааныштырды.

Флагмандык Canon 5Ds менен 5Ds R

canon2

Canon компаниясынын коомчулукка тааныштырылган флагмандык жаңы фотоаппараттары мүнөздөмөлөрү жагынан дээрлик окшош. Эки камера тең рекорддуу 50.6 мегапикселдик сенсорго ээ болушат. Сүрөттөлүштү иштеп чыгууга DIGIC 6 процессору жооп берет, а аларды 3,2 дюмдагы экранда көрүүгө болот.

Камералар ISO 100-12800 диапазондо жана 1/8000 секунд ачык турган объективде сүрөткө тарта алышат. 5Ds менен 5Ds Rдин фокусировкасы 61 чекитте иштейт. Фотоаппараттар 1080p уруксатта секундасына 30 кадрга (720p уруксатта секундасына 60 кадр) чейин видео тарта алышат.

Фотоаппараттардын сатыкка үстүбүздөгү жылдын июнунда чыга тургандыгына карабастан интернетте алгачкы hands-on отчеттор пайда болду. Алсак, The Verge басылмасынын кабарчысы 5Ds жыйнак экенин, бирок пикселдеринин өлчөмүнүн аздыгы начар жарыктандырылган жерлерде сүрөт тартууда көйкөйлүү болушу мүмкүндүгүн белгилеген.

Canon 5Ds 3700 АКШ доллары баасында сатылат, антиалиасттык фильтринин жоктугу менен өзгөчөлөнүп турган 5Ds R жаңы үлгүсү сатыкка 3900 долларлык баада коюлат.

Аны менен катар Canon компаниясынын учурдагы 5D Mark III флагмандык фотоаппараты сатыктан алынбайт.

Бюджеттик Canon 750D менен 760D

eos3

Canonдун төмөнкү баа сигментиндеги 24.2-мегапикселдүү күзгүсү бар фотоаппараттары сүрөттөлүштөрдү иштеп чыгуу жана компаниянын флагмандык жаңы күзгүлөрү үчүн жооп берген DIGIC 6 процессорунда иштейт.

750D менен 760D ISO 100-25600 диапазонунда, 1/4000 секунд ачык турган объективде сүрөткө тартышат. Секундасында тартыла турган кадрлардын максималдуу саны — 5. Флагмандык үлгүлөрдөгүдөй эле 750D менен 760D да видеого 720p уруксатында секундасына 60 кадр жыштыкта жана 1080p уруксатында секундасына 30 кадр жыштыкта тартышат.

Эки фотоаппарат тең үстү ачылма сенсор дисплейине жана стереофондук микрофондорго ээ болушкан.

Wi-Fi модулу тартылып алынган сүрөттөрдү зымсыз эле жөнөтүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле NFC-модулунун жардамы менен фотоаппараттар Android операциялык системасынын башкаруусундагы смартфондон менен синхрондошо алышат.

Жаңы версиясынын эскисинен айырмасы - 760Dда сүрөт тартуунун параметрлерин көрсөтүп туруучу атайын дисплей менен кеңейтилген HDR-сүрөткө тартуу функционалдык режиминин бардыгында.

Күзгүлүү фотоаппараттар сатыкка үстүбүздөгү жылдын апрелинде чыгат. 750D 750 доллар жана 760D 850 АКШ долларлык баада.

Күзгүсүз Canon M3

 

canon_eos_m3_leak2

Canon компаниясынан күзгүсүз фотоаппараттардын үчүнчү муунунун өкүлү 750D жана 760Dга орнотулган процессорго ээ болгон. Бул 24.2-мегапикселдүү сенсор менен DIGIC 6 процессору.

Фотоаппараттын калган мүнөздөмөлөрү да 750D менен 760Dныкына окшош: диапазону  ISO 100-25600, 1/4000 секунда ачык турган объективде сүрөткө тартуу, 1080p уруксатта секундасына 30 кадр менен видеого тартуу, Wi-Fi модуль жана үстү ачылма сенсор экран.

Күзгүсүз M3түн өзгөчөлөнүп турган мүнөздөмөлөрү болуп жыйнактыгы,  EF-M сериясындагы объективдер менен иштегендиги жана видеоиздегичинин жоктугу эсептелет.

The Verge басылмасынын баяндамачысы M3түн ыңгайлуу эргономикасы менен механикалык баскычтар менен башкаруусун жакшы баалаган, бирок Canon өзүнүн күзгүсүз фотоаппараттар багытын анчейин өнүктүрбөй жаткандыгын белгилеп өткөн — азыркы тапта мындай түзмөктөр үчүн болгону төрт гана расмий объектив жеткиликтүү.

Canon M3 сатыкка үстүбүздөгү жылдын апрелинде 770 евролук баада чыгат.