8-февралда транспорт министри Калыкбек Султанов башында турган Кыргызстандын делегациясы Кытай-Кыргызстан темир жолун куруу маселесин талкуулоо үчүн Пекинге учуп кетишкен.

Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов Kloop.kgге берген маегинде сүйлөшүүнүн жүрүшүндө карала турган негизги маселелер —Кыргызстан-Кытай темир жолунун, альтернативдүү Түндүк-Түштүк унаа жолунун курулушу жана   Бишкек-«Манас» аба майданы жолун оңдоп-түзөө маселелери боло тургандыгын айтты.

«Сапардын башкы максаты — Кыргызстан-Кытай темир жолунун курулушу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү», — деди Досумбетов.

Транспорт министри Калыкбек Султанов «Тазабек» маалымат агенттигиндеги онлайн-конференциясынын жүрүшүндө кыргыз делегациясы Пекинге Торугарт-Жалал-Абад каттамы боюнча өтүүчү жолдун курулуш долбоору менен бара тургандыгын билдирген.

«Азыркы учурда Жалал-Абад-Торугарт каттамы боюнча өтө турган Кыргызстан – Китай темир жолунун жаңы курулуш долбоору каралууда. Бул багыт Кыргызстандын кызыкчылыктарына жооп бере турган перспективдүү багыт болуп эсептелет, мындан улам анын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу зарыл», — деп жазган «Тазабек» агенттиги Султановдун айткандарын.

Транспорт министрлигинин башчысынын айтымында, кыргыз бийлиги алдыда Кытай-Кыргызстан-Тажикстан-Ооганстан-Иран багытындагы темир жолдун курулуш долбоорун карашы мүмкүн.

1996-жылдан бери Кытайды Европа менен байланыштыра турган темир жолдун Кыргызстан менен Өзбекстандын аймагы аркылуу өтөөрү пландалып келген. Бирок Султанов Кыргызстандын бийлиги Өзбекстандын долбоорго катышуусун азыр караштырбай калгандыгын билдирди.

2013-жылы Кыргызстандын бийлиги Кытайдын Темир жолдор министрлиги тарабынан сунушталган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемесинин долбоору менен макул болбой койгон.

Альтернативдүү унаа жол

Кылычбек Досумбетовдун айтымында, кыргыз делегациясы темир жолдон сырткары Түндүк-Түштүк альтернативалуу унаа жолунун курулушунун экинчи фазасын да талкуулайт.

«Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад участкасындагы Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолдун курулушунун экинчи фазасы талкууланат. […] Анын курулушу үчүн 298 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү сумма бекитилген», — деп билдирди Досумбетов Kloop.kgге берген маегинде.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, жолдун курулушунун жалпы баасы — 399,9 млн. АКШ долларын түзүп, курулуш иштерин 2018-жылы аяктоо пландалууда.

Январдын аягында мамлекеттик «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз катчысы Эркинбек Каимов Kloop.kgге берген маегинде Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктире турган темир жол учурда курулуп жаткан унаа жолу менен параллелдүү каттамда өтүшү мүмкүндүгүн билдирген.

Ошондой эле Досумбетов кыргыз чиновниктери Бишкек-«Манас» аба майданы унаа жолун оңдоп-түзөө иштерин каржылоо маселесин талкуулай тургандыктарын кошумчалады — ал үчүн 60 миллион АКШ доллары талап кылынат.