Өкмөттүн басма сөз кызматы азырынча премьер-министр Жоомарт Оторбаев юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун отставкасы тууралуу буйрукка кол кое электигин билдирди. Мекеме башчысы президенттин аппарат башчысы менен болгон чырлашуусунан кийин кызматтан кетүү чечимине келген болчу.

Юстиция министри отставкага кетүү тууралуу арызын бир апта мурун, 2-февралда жазган. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, азырынча премьер-министр Шыкмаматовду кызматынан бошото элек.

«Анын кол коер-койбосун айта албайм, карап жатышат. Бирок азырынча кол койгон же койбогондугу тууралуу маалымат жок», — деди басма сөз кызматтын өкүлү Чолпон Сулайманова Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон телефон аркылуу маегинде.

Шыкмаматов президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев менен болгон чырлашуусунан кийин кызматтан кетүү чечимине келген. Өлкө башчысынын аппарат жетекчиси Шыкмаматовдон жергиликтүү гезитке берген маеги үчүн кечирим суроосун талап кылган.

Ал маегинде юстиция министри башкы прокурор Аида Салянованын отставкасын Данияр Нарымбаевдин «саясий оюну» менен байланыштырган.

Шыкмаматов юстиция министри кызматына «Ата Мекен» фракциясы тарабынан сунушталган.

Эгер өкмөт башчысы Шыкмаматовду отставкага кетирип калса фракция анын ордуна кимди сунуштай тургандыгы боюнча азырынча чечим кабыл ала элек.

«Ата Мекен» фракциясынан депутат Туратбек Мадылбеков Kloop.kgге берген маегинде фракция отставка тууралуу расмий буйрук чыккандан кийин гана талапкер боюнча чечим кабыл ала тургандыгын айтты.

«Отставкасы кабыл алынгандан кийин фракция чогулуп кеңешет. Менин оюмча, бир нече талапкер болот. Ал [Шыкмаматов] азырынча иштеп жатат да», — деди ал.

Мадылбеков фракция юстиция министрлигине Аида Салянованын талапкерлигин «эч качан талкуулабагандыгын» кошумчалады.

Гезиттеги маек

Алмамбет Шыкмаматовдун «Азия News» гезитине берген маеги 22-январда — Аида Салянова башкы прокурорлуктан кеткен күндүн эртеси басылып чыккан.

Материалда Шыкмаматовдун айткандарына шилтеме жасоо менен мурунку башкы прокурор Аида Салянова Нарымбаевдин «саясий оюндарынан» улам отставкага кеткендигин жазылган.

Бирок юстиция министринин өзү маегинде андай сөздөрдү айтпагандыгын билдирген.

Нарымбаевдин кайрылуусун 2-февралдагы жыйынында караган Көпчүлүк коалициясынын кеңеши да чыр боюнча эч кандай чечим кабыл ала алган эмес.

Салянова отставкага кеткенден кийин Нарымбаев башкы прокурорлук кызматка талапкер болуу ыктымалдыгы эң жогору болгон адамдардын бири катары эсептелинип жаткан. Бирок президент Алмазбек Атамбаев ал кызматка Индира Жолдубаеваны сунуштап, ал башкы прокурор болуп дайындалган.