Президенттин маалыматтык саясат боюнча кеңешчиси Фарид Ниязов мурунку башкы прокурор Аида Саляновага ишеним көрсөтпөө маселеси «прокуратуранын ишине анын жакын адамдары кийлигишип жаткандыгы тууралуу фактылар аныкталып баштагандан кийин» президент тарабынан көтөрүлгөндүгүн билдирди. Салянованын өзү бүгүн президент тарабынан ишенимдин жоголгондугунан улам кызматтан кетүүгө аргасыз болгондугун айтты.

Салянова 11-февралда президент Алмазбек Атамбаев менен болгон «ишенимдүү мамилелердин» жоголгондугунан улам отставкага кетүүгө аргасыз болгондугун билдирди.

Өлкө башчысынын басма сөз кызматы президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовдун бул боюнча билдирүүсүн таратты. Анда өлкө башчысынын кеңешчиси Саляновага ишеним көрсөтпөө маселеси «прокуратуранын ишине башкы прокурордун жакын адамдары кийлигишип жаткандыгынын фактылары аныкталып баштагандан» кийин көтөрүлгөндүгүн билдирген.

«Так фактылар аныктала баштаганда менин билишимче Аида Жеңишбековнага бул боюнча жыйынтык чыгарууга сунуш кылынган. Чындыгында эле отставка тууралуу арыз президенттин «Эми, мындай иштерден кийин, мен сизге кантип ишене алам?» деген сөздөрүнөн кийин жазылды. Менимче Алмазбек Шаршенович башкача жоопту күткөн эле. Жыйынтык чыгарылды, бирок, президент болжолдогондой жыйынтык чыккан жок», - деп билдирди Ниязов.

Ал Саляновага «толук саясый колдоо көрсөтүлүп, эркиндик» берилгендигин кошумчалады. Ниязовдун айтымында, ага Салянованын президенттин айланасындагы «адамдардын мифтик интиргалары» тууралуу айткандары да түшүнүксүз.

«Ал өзү мамлекет башчысына эң жакын адамдардын бири болгон жана Алмазбек Атамбаевдин иш стилин, президент бардык фактыларды кайра-кайра текшерээрин, кайсы бир адамдар анын пикирин бурмалоого жол бербестигин жакшы билет», — деди Ниязов.

Маалымат жыйынында Салянова аны кызматтан кетирүүгө мажбур кылуу үчүн болгон «саясий куралдарды, коркутуп-үркүтүүлөрдү, опузалоолорду, далилсиз айыптоолорду» пайдаланган «ак ниеттүү» адамдар тууралуу билдирди.

Бирок мурунку башкы прокурор убакыт келгенде алар өзүлөрү баарын айтып берет деп, ал адамдардын аты-жөндөрүн атаган жок. Ал президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаевдин анын отставкасына тиешеси жоктугун кошумчалады.

Салянованын маалымат жыйыны

Аида Салянова маалымат жыйынын башкы прокурорлук кызматтан кеткенден үч апта өткөн соң өткөрдү.

Ал аргасыз отставкага кеткендиги, президент тарабынан колдоонун жоголушу, ошондой эле 2015-жылдын күз айларында боло турган парламенттик шайлоолорго катыша тургандыгы жөнүндө бир нече сенсациялуу билдирүүлөрдү жасады.

Салянова учурда иштеп жаткан партиялардын бири үчүн «жаңы программа» даярдап жаткандыгын жана ага бириге тургандыгы билдирди. Бирок ал партиянын аталышын тактаган жок.

«Бүгүн мен парламенттик шайлоолорго барам деп так айта алам. Ал [партия] иштелип чыккан маанилүү платформа болот — ал платформа учурда иштеп жаткан партиянын базасында негизделет», — деди Салянова.

Салянованын отставкасы

Салянова башкы прокурорлук кызматтан 2015-жылдын 21-январында кеткен. Анын отставкага кетүүсү күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго карата кылмыш ишинин козголушуна туура келген — анын жолдошу «алдамчылык» жана «кызмат абалын кыянат пайдаланууга» айыпталган.

Салянованын күйөөсү — кылмыш иштерине тиешеси бар деп шектелген башкы прокурордун экинчи жакын тууганы. Буга чейин анын аталаш тууганы Калый Салянов 20 жаштагы Калия Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинде шектүү катары өткөн — каза болгон кыздын атасынын айтымында, Салянов кылмыштын мурунку күнү анын кызы менен байланышка чыккан.

Салянова отставкага кеткенден кийин юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов жергиликтүү гезиттердин бирине берген маегинде башкы прокурор президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаевдин «саясий оюндарынан» улам кызматтан кеткендигин билдирген. Нарымбаев башкы прокурорлукка талапкер болуу ыктымалдыгы жогору болгон адамдардын бири катары эсептелип келген.

Шыкмаматовдун гезит бетине басылып чыккан маеги аны менен Нарымбаевдин ортосундагы чырлашуунун чыгышына алып келген. Президенттин аппарат башчысы Шыкмаматовдон кечирим суроосун талап кылган, а юстиция министри болсо анын айткан сөздөрүн бурмалап жибергендиктерин айтып, кечирим суроодон баш тарткан. Жыйынтыгында, Шыкмаматов отставкага кетүү тууралуу арыз жазып, кызматтан кеткен.

Салянова башкы прокурор болуп турган мезгилде саясатчылардын, анын ичинде парламенттин депутаттарына карата рекорддук сандагы кылмыш иштери ачылган.

Кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткандардын арасында учурда парламентарийлер Урмат Аманбаева, Нурлан Төрөбеков, Каныбек Осмоналиев, Нариман Түлеев жана Акматбек Келдибеков бар.

Салянова отставкага кеткенден кийин анын ордун президенттин администрациясынын Соттук реформалар бөлүмүнүн мурунку башчысы Индира Жолдубаева ээлеген.