Мурунку башкы прокурор Аида Салянова президент Алмазбек Атамбаев тараптан «ишенимдүү мамиленин» жоголушунан улам өлкөнүн башкы көзөмөлдөө органынын башчысы кызматынан кетүүгө «аргасыз» болгондугун билдирди.

«Профессионалдуу ишим боюнча менде алдыда пландарым бар эле. Бул кызматтан азыр кетүү каалоом жок болчу. Ошондуктан мен отставкага кетүүгө аргасыз болгондугумду билдирдим, анткени президент тараптан ишенимдүү мамиле болгон жок жана кайсыл бир кезде мен ал колдоонун жоктугун сездим», — деп билдирди Салянова 11-февралда Бишкекте өткөргөн басма сөз жыйынында.

Салянованын басма сөз жыйынынын толук видеосу:

Ал кызматтан күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго карата козголгон кылмыш ишинен улам эмес, а «саясий басымдар менен коркутуулардан» улам кеткендигин кошумчалады. Анын пикиринде, эгер анын күйөөсүнө козголгон кылмыш иши боюнча «принципиалдуу тергөөчүлөр» иш алып бара турган болсо, ал сотко чейин жетиши керек.

«Бул жолкусунда ал иштин чыныгы саясий себептери тууралуу менин түшүндүрмөлөрүмөн саясий интригалар бийик болуп чыкты. Азыр мени же жакын туугандарымды айыптоо үчүн көп деле күч жумшоонун кереги жок. Ал үчүн дайыма жүйөлөр болуп келген, эми дагы боло берет. Башкы прокурордун ишмердүүлүгү дайыма болуп турчу саясий басым менен байланыштуу», — деди ал.

Салянова аны кызматтан кетирүүгө мажбур кылуу үчүн болгон «саясий куралдарды, коркутуп-үркүтүүлөрдү, опузалоолорду, далилсиз айыптоолорду» пайдаланган «ак ниеттүү» адамдар тууралуу билдирди. Ал өлүм алдындагы кат жазып, аны ишенимдүү жайга катып коюуга да мажбур болгондугун кошумчалады.

Бирок мурунку башкы прокурор убакыт келгенде алар өзүлөрү баарын айтып берет деп, ал адамдардын аты-жөндөрүн атаган жок. Ал президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаевдин анын отставкасына тиешеси жоктугун кошумчалады.

УКМКнын басма сөз кызматынан Салянованын билдирүүлөрү боюнча түшүндүрмө берүүдөн баш тартышты, бирок экс-башкы прокурордун күйөөсү айыпталуучу катары өтүп жаткан кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыгын жана ал маселе актуалдуу бойдон экенин кошумчалашты.

Түшүндүрмө алуу үчүн президенттин басма сөз кызматы жеткиликсиз болууда.

Басма сөз жыйынынын жүрүшүндө Салянова алдыдагы парламенттик шайлоолорго катыша тургандыгын билдирди. Айтымында, ал учурда иштеп жаткан партиянын атынан, бирок «таптакыр жаңы программа» менен чыгат.

«Бүгүн мен парламенттик шайлоолорго барам деп так айта алам. Ал [партия] иштелип чыккан маанилүү платформа болот — ал платформа учурда иштеп жаткан партиянын базасында негизделет», — деди Салянова.

Бирок мурунку башкы прокурор анын программасы үчүн кайсыл партия негиз боло тургандыгын тактап айткан жок. Болгону анын шайлоолорго катышуусу тууралуу кененирээк «кийинчерээк бегилүү болорун» кошумчалады.

Салянованын отставкасы

Салянова башкы прокурорлук кызматтан 2015-жылдын 21-январында кеткен. Анын отставкага кетүүсү күйөөсү Бакыт Абдыкапаровго карата кылмыш ишинин козголушуна туура келген — анын жолдошу «алдамчылык» жана «кызмат абалын кыянат пайдаланууга» айыпталган.

Салянованын күйөөсү — кылмыш иштерине тиешеси бар деп шектелген башкы прокурордун экинчи жакын тууганы. Буга чейин анын аталаш тууганы Калый Салянов 20 жаштагы Калия Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинде шектүү катары өткөн — каза болгон кыздын атасынын айтымында, Салянов кылмыштын мурунку күнү анын кызы менен байланышка чыккан.

Салянова отставкага кеткенден кийин юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов жергиликтүү гезиттердин бирине берген маегинде башкы прокурор президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаевдин «саясий оюндарынан» улам кызматтан кеткендигин билдирген. Нарымбаев башкы прокурорлукка талапкер болуу ыктымалдыгы жогору болгон адамдардын бири катары эсептелип келген.

Шыкмаматовдун гезит бетине басылып чыккан маеги аны менен Нарымбаевдин ортосундагы чырлашуунун чыгышына алып келген. Президенттин аппарат башчысы Шыкмаматовдон кечирим суроосун талап кылган, а юстиция министри болсо анын айткан сөздөрүн бурмалап жибергендиктерин айтып, кечирим суроодон баш тарткан. Жыйынтыгында, Шыкмаматов отставкага кетүү тууралуу арыз жазып, кызматтан кеткен.

Салянова башкы прокурор болуп турган мезгилде саясатчылардын, анын ичинде парламенттин депутаттарына карата рекорддук сандагы кылмыш иштери ачылган.

Кылмыш иштери боюнча айыпталып жаткандардын арасында учурда парламентарийлер Урмат Аманбаева, Нурлан Төрөбеков, Каныбек Осмоналиев, Нариман Түлеев жана Акматбек Келдибеков бар.