Бишкек милициясынын басма сөз кызматы парламенттин күбөлүгү менен тапанча кармап түшкөн сүрөтүн «Инстаграм» социалдык түйүнүнө жүктөгөн Ислам Калыбековдун кармалгандыгы тууралуу маалыматты четке какты. Милициянын маалыматы боюнча, ал курал алып жүргөндүгү үчүн айып төлөйт.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИБ) басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде Калыбековго документтери жок курал алып жүргөндүгү үчүн айып салына тургандыгын билдирди.

IMG_11351

Басма сөз кызматтын өкүлү курал кармап түшкөн сүрөтүн «Инстаграмга» жүктөгөн колдонуучу канча айып төлөшү керектигин тактап айткан жок. Ал сүрөттө көрүнүп турган парламенттин күбөлүгү Калыбековдун тууганына таандык экенин айтты.

12-февралда «Акипресс» маалымат агенттиги менен «Вечерний Бишкек» интернет-басылмасы Калыбеков милиция тарабынан кармалып, Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын имаратына жеткирилгендиги тууралуу жазган.

«Аны суракка алуу үчүн жөн гана РИИБге чакырышкан. Ал кармалган жок», — деп билдиришти Бишкек ШИИБсинин басма сөз кызматынан.

Калыбеков «Инстаграм» социалдык түйүнүнө 9-февралда сүрөт жүктөгөн — анда ал Жогорку Кеңештин күбөлүгү менен тапанча кармап түшкөн. Сүрөт #bratva #rvetsya #k #vlasti #teper #smelo деген хештэгдер менен коштолгон.

430733263-1024x910

Эртеси Калыбековдун профилиндеги сүрөттөрдүн скриншоттору «Репортер» сайтына жарыяланып, интернет-колдонуучулар тараптан көптөгөн сындарга кабылган.

Калыбековдун өзү Kloop.kgнин редактору менен болгон жазышуусунда парламентте иштебестигин, а күбөлүк досуна таандык экенин жазды. Ал сүрөттөгү тапанча — оюнчук экенин кошумчалады.

«Урматтуу, бул деген «Инстаграм» — ал жакка өзүңдү көрсөтүү үчүн бардыгын жүктөй бересиң», — деп жазды ал.

Автор: Аида Эркулова