Кыргызстандын түштүгүндөгү эң көп адам барган мечиттердин биринин имамы Рашодхон Камалов кыргызстандыктарды «Ислам мамлекети» тарапта согушууга Сириядагы согушка үндөгөн деп шектелүүдө. Ал тергөө абагына эки айга камакка алынды.

Камалов 9-февралда кармалып, эки күндөн кийин тергөө абагына эки айга камалды. Имам Кара-Суу шаарындагы адам эң көп барган мечитте иштейт — анын «Ас-Сарахсий» мечитине жума намаздарында 5 миңге чейин адам келет.

Имам Кыргызстандын Кылмыш кодексинин «диний кастыкты козутуу» жана «диний кастыкты козутууга байланышкан уюштуруучулук ишмердүүлүк» беренелери боюнча айыпталууда.

Анын жактоочусу Назгүл Сүйүнбаева Kloop.kgге берген маегинде белгиленген баш коргоо чарасы боюнча сотко даттана тургандыгын билдирди.

«Судья келип, токтом чыгарып туруп кетип калды. Алар биздин сотко ишембөөчүлүк көрсөтүшүбүз мүмкүн деген фактыга көңүл буруп да коюшкан жок. Рашодхон эки айга камакка алынды. Бул чечим боюнча биз жогорку баскычтагы сотко кайрылабыз», — деди жактоочу.

Жактоочу Назгүл Сүйүнбаева.
Жактоочу Назгүл Сүйүнбаева.

Ички иштер министрлигинин Онунчу башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Раим Салимов маалымат жыйынында Камалов кыргызстандыктарды Сириядагы согушка террористтик «Ислам мамлекети» уюму тарапта согушууга үндөгөн деп шектелип жаткандыгын билдирди.

Салимов шектенүүгө мечитке барып жүргөн ондогон адамдардын имамга карата даттангандыктары негиз болгондугун айтты.

«Камаловго каршы Кара-Суу менен ал өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн башка жактардан да көрсөтмө бергендер бар. Алар мечитке келип кеткен адамдар дээрлик зомби болуп калып жаткандыктарын айтышкан», — деди Салимов.

Талаштуу экспертиза

Анын айтымында, милиция «экстремисттик жана террористтик» ишмердүүлүккө шектелген адамдар жашаган 22 дарек боюнча тинтүү жүргүзгөн. Начальниктин орун басары Камаловдун үйүн тинтүүгө аларда ал жакка 500дөн ашык киши чогулуп, милицияга тоскоолдук кылууга аракет кылгандыктарын айтты.

«Анда алынган бардык баракчалар менен адабияттар азыр теологиялык экспертизага жөнөтүлдү. Теологиялык экспертизадан кийин өтө көп адамды кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси каралат», — деди Салимов.

Имамдын жактоочусу экспертизанын «мыйзамсыз» жол менен өткөрүлүп жаткандыгын билдирүүдө.

«Кармоо маалында Камаловдон экстремисттик идеяны камтыган делинген диск алыныптыр. Теологиялык экспертизанын корутундусу мыйзамсыз жол менен башка уюмдан алынган. Экспертизаны кандайдыр бир корутунду чыгарууга ыйгарым укуктары жок Дин иштери боюнча мамлекеттик комитет өткөргөн», — деп билдирди жактоочу.

Алар баа берүү менен дин иштери боюнча комитет эмес, а Соттук экспертизалар борбору алектенүүсү керек деп Юстиция министрлигине шилеме жасап жатышат.

Сүрөт менен видео: Шохрух Саиповдуку.

Башкы сүрөт: «Азаттык».