Согуш аймагы катары белгилүү болгон Сирияга Кыргызстандан кеткендердин катарын үй-бүлөлүүлөр, аялдар да толуктай баштады.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан. Автору Токтосун Шамбетов.

үгөйүмдү Сириядан аман-эсен кайтарып алуунун кандай жолдору бар" деп, "Азаттыкка" арга издеп келген эгиздин бири Айгүл Ысык-Көлдүн Ананьево айылынан болот.

Белгилүү себептерден улам ысымдары өзгөртүлгөн 27 жаштагы эгиздердин экинчиси Нургүл 2014-жылдын башында Түркияга иштегени барып, андан ары Сирияга өтүп кеткен экен.

- Өткөн жылдын февраль айларында Түркияга жумуш издеп кеткен. Октябрда Сирияда жүргөнүн айтып, телефон чалды. WhatsApp аркылуу сүйлөшүп жатабыз, өзүнүн эле сүрөтүн салат. Бизди Сирияга дайыма чакырат. "Баламды сагындым, силер көр оокат деп жүрүп кудайдын ыраазычылыгын издебейсиңер" дей берет.

Сирияда жүргөн Нургүлдүн 6 жаштагы баласы азыр ата-энесинин колунда. Айгүлдүн айтымында, баласын жарандык никеде жашап жүрүп төрөгөн, бирок ал жигити менен байланышты үзгөн. Эми минтип эгиздин бири Нургүл Кыргызстандагы түгөйүн жана баласын Сирияга чакырып жаткан экен.

- Согуш жөнүндө эч нерсе айтпайт, сүрөтүн да салбайт. Бирок ислам дини жөнүндө көп видео жиберет. Анда намазга жыгылып, хижап кийиш керектиги айтылат. Өткөндө "силердин келчү түрүңөр жок окшойт" деп капаланды. Мен үмүтү өчпөсүн, көңүлү чөкпөсүн деп эле "макул, барабыз" деп коём. Сүрөттөн көзүндө санаасы, үмүттөнүп жатканы көрүнүп турат. Анан биз барбай турганыбызды айтсам, чөгүп кетпесин дейм.

Нургүл "экөөбүздүн сүйлөшкөнүбүздү, Сирияда экенимди эч кимге айтпа" деп Айгүлдөн суранат экен. Айгүл болсо "түгөйүм кыйналып, бул жактан алып кеткиле деп айта албай жатканын сезем" дейт:

- "Мен Кыргызстанга келбейм. Алла жолундамын" деп айтат. Бирок сүйлөшкөндө ичимден сезип турам. Анын айта албай жаткан бир нерсеси бар, же бул жактан алып кеткилечи дей албай жатабы... Ал корксо керек, себеби сүйлөшкөнүбүздүн баары тыңшоодо экен.

Нургүл Кыргызстанда жүргөндө намазга жыгылчу, аны кимдер азгырып кеткени белгисиз. Азыр Айгүл бир боорун Сириядан кантип алып келерин билбей, аргасы куруп турган чагы. Буга чейин Нургүлгө зыяны тийип калабы деп, күч кызматтарына айта албай жүрсө, эми кайрылбаска аргасыз болуп турат.

Балдарын кошо ала кетүүдө... 

Ысык-Көл облусунан Сирияга кеткен жалгыз эле Нургүл эмес. Согуш жүрүп жаткан бул аймакка буга чейин 12 киши кеткенин Ысык-Көл облустук милициясы расмий тастыктады. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов берген маалыматка караганда, үй-бүлөсү менен кеткендер көбөйүп жаткандыгы байкалат:

- Учурда ИИБ аныктаган расмий маалымат боюнча, беш үй-бүлө Сирияга кеткен. Алар аялы-күйөөсү болгон беш үй-бүлө, дагы эки киши. Жалпы 12 адамды тактадык.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Сирияга азгыргандарга бөгөт коюу аракеттери байма-бай жүрүп жатканын билдирип келет. Анткен менен азыр согуш жүрүп жаткан жерлерге кетип жаткан фактылар өлкөнүн бардык аймактарында да каттала баштады. Ошондуктан тиешелүү органдар алдын алуу чараларын күчөтүү камын көрө баштагандай.

Дин иштери боюнча комиссиянын башкы адиси Замир Турсунбеков жакындары Сирияга кетип жатканын шекшип калгандар болсо, дароо укук коргоо органдарына кайрылууга чакырды:

- Балким айрым ата-энелер балам Сирияга кетти дегенден уялат. Кайтып келеби деп жашырат. Анан акырында айласы түгөнгөндө, укук коргоо органдарына, бизге, силерге кайрыла баштайт. Бирок анда кеч болуп калып жатпайбы.

Маалыматтарга ылайык, Кыргызстандан Сирияга кетүү агымы 2012-жылдардын аягында башталган. Ошондон бери кеткендердин 200дөн ашууну, арасында отуздан көп аял бар экендиги расмий айтылууда. Акыркы маалыматтарга караганда, Сирияга эми ымыркай балдарын да алып кеткендер каттала баштады.