Республикалык мамлекеттик кино-видеотасма фонду жаш курак боюнча чектөөлөрдөн улам Бишкек кинотеатрларынан «50 оттенков серого» тасмасына болгон күндүзгү сеанстарын алып салууну талап калды.

Маданият министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин курамына кирген «Кинофонд» мекемесинин жазма буйругу тууралуу «50 оттенков серого» тасмасынын Бишкектеги кинотеатрлардагы премьерасынан эки күн өткөндөн кийин — 14 февралда белгилүү болду.

«Космопарк» комплекси, «Октябрь», «Ала-Тоо», «Вефа» жана «Бишкек парк» кинотеатрлары тиешелүү болгон «Синематика» кинотеатрлар түйүнүнүн билдирүүсүнө ылайык, тасманын 18:00гө чейинки бардык күндүзгү сеанстары болбойт.

«Кинофонд» мекемесинин жазма буйругуна байланыштуу 15-февралдан тарта биздин түйүндөгү кинотеатрларда «50 оттенков серого» тасмасына болгон күндүзгү сеанстардын бардыгы тең алынат. Саат 18:00дөн кийинки сеанстар мурункудай эле тартипте боло берет», — деп жазылган «Синематиканын» билдирүүсүндө.

Бул боюнча түшүндүрмө алуу үчүн Kloop.kgнин кабарчылары «Кинофондунун» өкүлдөрү менен байланыша алышкан жок. Маданият министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти түшүндүрмө алуу үчүн жеткиликсиз болууда.

«50 оттенков серого» тасмасынын трейлери:

«Манас» кинотеатрынын директору Нурлан Абдишев Kloop.kgге берген маегинде «Пятьдесят оттенков серого» тасмасынын күндүзгү сеанстарынын болбой калышынын башкы себеби жаш куракка карата киргизилген чектөөлөр болгондугун билдирди — 18 жашка чыга элек өспүрүмдөр үчүн тасманы көрүүгө тыюу салынган. Айтымында, сеанстардын алынышынан улам кинотеатр «чоң чыгымдарга» учурашы мүмкүн.

«Россия» кинотеатрынын администратору Наргиза Кибарова Kloop.kgге алар «Кинофонддун» жазма буйругун албагандыктарын жана аларда аталган тасмага эки күндүзгү сеанс бар экенин билдирди.

Түшүндүрмө алуу үчүн макала жазылып жаткан учурга карата «Синематика» жеткиликсиз болуп чыкты. Бирок компаниянын өкүлү Асель Ибраева 13-февралда Kloop.kgнин сурамына жооп катары сатып алуучунун жаш курагын «Синематика» кинотеатрларынын кассачылары баалай тургандыктарын билдирген.

«Эгер күмөн саноолор болсо жаш курагы тууралуу суроо берилет. Эгер ал чектелген куракка туура келбесе ага билет сатылбайт. Эгер сатып алуучу чектөөгө туура келе турган куракты атаса, бирок дагы деле шектенүүлөр болсо биз өздүгүн аныктай турган документтерин сурайбыз. Талаштуу учурларда кинотеатрдын администратору чакырылат», — деп жазган Ибраева.

Эрика Леонард Джеймстин ушундай эле аталыштагы эротикалык романынын негизинде экрандаштырылган «50 оттенков серого» тасмасы кыргыз кинотеатрларында анын дүйнөлүк премьерасы болгон күнү, 2015-жылдын 12-февралынан тарта көрсөтүлүп баштаган.

Тасма менен китептин сюжети студент кыз Анастейше Стил менен жаш миллиардер Кристиан Грейдин ортосундагы сексуалдык мамилелердин айланасында өнүгөт.

Орусиялык «РосБизнесКонсалтинг» маалымат агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, «50 оттенков серого» тасмасы дүйнө боюнча 240 млн. АКШ долларын чогулткан — бул 18 жашка чыга электер үчүн тыюу салынган тасмалардын арасынан эң көп чогулган сумма.

Автор: Анастасия Стрельникова