Тышкы иштер министрлиги «Фэйсбук» социалдык түйүнүнүн негиздөөчүсү Марк Цукербергди Кыргызстанга чакырат. Бул Цукербергдин өлкөгө келиши «инвестициялык климатка жакшы таасир этет» деп эсептеген активист Кайрат Адамалиевдин өтүнүчү боюнча ишке ашканы турат.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз катчысы Турдакун Сыдыков Kloop.kgге берген маегинди мекеме Кыргызстандын АКШ менен Канададагы элчилигине Цукербергди Кыргызстанга чакыруу маселесин иштеп чыгуу тапшырмасын бергендигин билдирди.

ТИМдин өкүлү Цукерберг Кыргызстанга келет деп так кесе айтуу азырынча «туура эмес болуп каларын» кошумчалады — айтымында, алгач Кыргызстандын АКШдагы элчилиги «Фэйсбук» менен байланышып, алардан жооп алышы керек.

«Албетте биз «Фэйсбуктун» негиздөөчүсүнүн келиши идеясын колдодук, анын келип өлкө менен таанышуусу туризмди өнүктүрүү үчүн пайдалуу болот. Элчиликтен жооп аларыбыз менен кабарлайбыз», — деди ал.

Чакыруунун демилгечиси интернет-активист Кайрат Адамалиев. Ал «Фэйсбуктун» негиздөөчүсүнүн Кыргызстанга келиши «өлкөнүн инвестициялык потенциалына, туризмдин өнүгүүсүнө жана Кыргызстандын эл аралык аренадагы имиджине оң таасир этет» деп эсептейт.

Активисттин идеясы мекемеде колдоо тапты.

«Министрлик Кыргыз Республикасынын АКШ менен Канададагы элчилигине «Фэйсбуктун» негиздөөчүсү жана башкы аткаруучу директорун Кыргызстанга чакыруу маселесин иштеп чыгууну тапшырды. «Фэйсбуктун» өкүлдөрүнөн тиешелүү жооп алгандан кийин министрлик кошумча маалымат берет», — деп жазылган министрликтин активистке жөнөткөн катында.

Адамалиевдин өзү Kloop.kgге берген маегинде Цукерберг менен «Виртуалдуу университет» жана «Виртуалдуу мектеп» тиркемелерин түзүүнү талкуулагысы келип жаткандыгын айтты.

Ал тиркемелердин максаты — өлкөнүн окуу жайларын бирдиктүү бир интернет-аянтчага топтоо. Адамалиевдин айтымында, «Виртуалдуу мектеп» менен «Виртуалдуу университет» «окуу курстарынын жыйындысы эмес, а коом менен дүйнөдө өз ордун табууга жардам бере турган тиркемелер» болушат.

Адамалиев аталган тиркемелерди «Фэйсбук» социалдык түйүнүнүн өзүнүн деңгээлинде киргизгиси келүүдө. Аны менен катар «Виртуалдуу мектеп» менен «Виртуалдуу университет» Coursera же Codeacademy сыяктуу билим берүү аянтчалары менен атаандашышпайт, болгону билим берүү мекемелери тууралуу маалыматтарды бир платформага топтошот.

Адамалиев бул демилгесин жергиликтүү гана деңгээлде эмес, а эл аралык масштабда да киргизүүнү сунуштоодо. Анын айтымында, тиркемелер мектеп окуучулары менен студенттердин дүйнө жүзү боюнча окуу жайларын тандоосун жеңилдетет.

«Фэйсбук» — дүйнөдөгү ири социалдык түйүн. Компаниянын негиздөөчүсү жана башкы директору Марк Цукерберг долбоорду 2004-жылдан бери жетектеп келет.

Андан бери социалдык түйүн айына 1,32 млрд. активдүү аудитория көрсөткүчүнө жетише алды. Ошондой эле «Фэйсбукка» Instagram жана WhatsApp түйүндөрү тийиштүү.

Сүрөт: TechCrunch