Суу ташкынынан улам Талас облусунда 100дөн ашык турак үйдү суу каптаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) эгер жергиликтүү бийликтер арыктар менен каналдарды өз учурунда тазалаганда кырсыктын кесепеттерин азайтууга мүмкүн болмок деп эсептөөдө.

ӨКМдин басма сөз кызматынын өкүлү Эльмира Шерипова Kloop.kgге берген маегинде эгер жергиликтүү бийликтер арыктарды, каналдарды, дарыяларды таштандылардан тазалаганда суу ташкынын болтурбай коюууга мүмкүн болмоктугун айтты.

«Эгер ал системаларда, каналдарда тазалоо иштери жүргүзүлгөн болсо кырсыктын алдын алууга, жок дегенде анын кесепеттерин азайтууга мүмкүн болмок. Алар же таштанды, же баткак, же топуракка толук калган», — деди ал.

ӨКМдин акыркы маалыматтары боюнча, суу ташкынынан Талас облусунун Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунда 100дөн ашык турак үй жабыр тарткан.

Шерипова суу ташкыны болжол менен 1 млн. сомдон ашык зыян алып келгендигин айтты. Бирок келтирилген зыяндар менен анын масштабдарын баалоо иштери дагы деле аяктай элек.

«Материалдык зыяндын көлөмү эсептелүүдө. Зыянга учурагандыгына жараша үйлөр категорияларга бөлүштүрүлүүдө. Азыркы учурда кесепеттерин жоюу жана суу жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат», — деп билдирди ӨКМдин өкүлү.

Анын маалыматтары боюнча, суу ташкынынан улам каза болгондор жок. Шерипова зыянга учураган үйлөрдүн жашоочулары убактылуу туугандарыныкында жашап жаткандыктарын айтты. Азыр суу ташкыны болгон аймактарда сууну создуруп алып жаткан өрт өчүрүү унаалары, экскаваторлор жана бульдозерлер иштеп жатат.

Кара-Буура районунун акими Чолпонкул Төрөкулов Kloop.kgге берген маегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин позициясы менен макул эмес экенин билдирди — айтымында, айылдардын аймагында таштанды толуп калчу каналдар жок.

«Бизде эч кандай каналдар жок», — деди ал.

Макала жазылып жаткан маалга карата Бакай-Ата районунун акимиаты жеткиликсиз болуп чыкты.

Талас облусундагы суу ташкыны кардын тез эрип кетүүсүнөн улам 12-февраль күнү күндүз болгон — суу каналдар менен арыктардан ташып чыгып, Бакай-Ата жана Кара-Буура райондорунда жүздөгөн үйлөрдү каптаган.

Табият кырсыгы президент Алмазбек Атамбаевдин да көңүлүн бурган — ал өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен болгон расмий маектешүүсүндө жергиликтүү бийлик менен ӨКМ селдин кесепетинен жабыркаган «бардык турак-жайларды, арыктарды, жолдорду тез арада калыбына келтирүүгө тийиш экендиктерин» айтты.

«Мамлекет башчысы министрлик жаз айларында көп катталчу жаратылыш кырсыктарын алдын алуу боюнча жигердүү иштеп, калк арасында тиешелүү түшүндүрүү иштерин күчөтүү керектигин белгиледи», — деп жазылган Атамбаевдин айткандары президенттин сайтында.