Кыргызстандын автоунаа ташуучуларынын демилгечил тобу 2014-жылдын тарифтери боюнча бажыдан өтүүгө жетишпей калган бир канча ондогон унааларды өткөрүү өтүнүчү менен өлкө бийлигине кайрылышты.

Демилгечил топтун мүчөсү Тилек Кожокулов 17-февралга карата түндүк өткөрмө бекеттеринде 48, түштүк өткөрмө бекеттеринде 78 автоунаа бажы төлөмдөрүнүн төлөнбөгөндүгүнөн улам өтө албай тургандыгын билдирди.

«Биз банкрот болуунун алдында турабыз. Эгер мамлекет жардам бербесе биз жумушсуздардын катарын толуктайбыз. Биз тарифтердин мурунку бойдон калтырылышын суранбай элебиз, болгону калган унаалардын мурунку тарифтик төлөмдөр менен өткөрүлүшүн суранып жатабыз. Биз имараттарды, курулуштарды тургузуп берүүнү суранбай элебиз, жөн гана мамлекет тараптан жардам сурап жатабыз», — деди ал.

Автоунаа ташуучулар 2015-жылдын январында өкмөттөн унааларды өлкөгө киргизүүдө алынуучу бажы төлөмдөрүнүн мурунку тарифтерин кайтарууну талап кылып митингке чыгышкан. Алар өлкөгө 2014-жылдын 31-декабрына чейин алынып келинген, бирок бажы төлөмдөрүн эски тарифтер менен төлөөгө жетишпей калган автоунааларды өткөрүүгө уруксат берилишин суранышкан.

Январдын ортосунда Экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын башчысы Таалайбек Бекташев жаңы бажы төлөмдөрү боюнча автоунаа ташуучуларга мөөнөттү жылдырып берүү «туура эмес болуп кала тургандыгын» билдирген.

«Токтомго ылайык, төлөмдөрдү жогорулатуунун 5 баскычы каралган. Биринчи баскыч 22-сентябрда болгон, экинчиси — ушул жылдын 1-январында болду, эми ар жыл сайын 1-январда жогорулоо болуп турат. Тактап айтканда, биз бардыгын бир гана жолу жогорулаткан жокпуз. Ишкерлер үчүн бул күтүүсүз болбошу үчүн жогорулатуулар баскыч-баскыч менен жүргүзүлүүдө», — деди Бекташев.

Анын айтымында, алынып келинген товарлар үчүн алынчу бажы төлөмдөрү жыл сайын 1-январда жогорулайт жана автоунаа ташуучулар жыл сайын мөөнөттү кийинкиге жылдырууну суранышат.

«Биз эч качан мөөнөтүн кийинкиге жылдырган эмеспиз, анан азыр жылдырсак соода тармагындагы башка өкүлдөрдө көптөгөн суроолор пайда болушу мүмкүн. Андан сырткары былтыр биз мөөнөттү кийинкиге жылдырбай койгондо товарларын алып кирген ишкерлер эмне деп ойлошот. Мында объективдүү мамиле керек. Бул тууралуу аларга маалымдалгандыгын белгилеп коюу керек, белгиленген мөөнөткө жетишпей калгандыктары бул аларды көйгөйү. Мен бирөөлөр үчүн мөөнөттү жылдырып, башкалары үчүн жылдырбай коюуну адилетсиз болуп калат деп эсептейм», — деп эсептейт Бекташев.

Автоунаалар үчүн алынчу бажы төлөмдөрү 2014-жылдын сентябрынан тарта, Кыргызстандын Бажы жана Евразиялык экономикалык биримдиктерге кирүүсүнүн алкагында кымбаттап баштаган.

Өкмөттүн токтомуна ылайык, бажы төлөмдөрүнүн кымбатташы 2019-жылга чейин баскыч-баскыч менен жүргүзүлөт. Kloop.kgнин кабарчыларынын жана кыргыз жаңылыктар порталдарынын эсептөөлөрү боюнча, бул чыккан жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша автоунааларга болгон баалардын 10-12 эсеге чейин кымбатташына алып келиши мүмкүн.