Юстиция министринин орун басары Жылдыз Мамбеталиеванын мекеме башчылыгына талапкерлиги парламент тарабынан жактырылды. Ал бул кызматка министрликтин мурунку башчысы Алмамбет Шыкмаматов отставкага кеткенден кийин барганы жатат.

Мамбеталиеванын юстиция министри кызматына дайындалышы боюнча добуш берүү парламентте 18-февралда болду. Ал бул кызматка премьер-министр Жоомарт Оторбаев тарабынан сунушталган. «Ата Мекен» фракциясы өз талапкерин көрсөтүүдөн баш тарткан.

Мамбеталиеванын министр болуп дайындалышын 72 депутат колдоп, экөөсү каршы добуш беришти.

Мамбеталиева бул кызматта президенттин аппарат башчысы Данияр Нарымбаев менен болгон чырлашуусунан кийин отставкага кеткен мурунку юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун ордун ээлейт.

Министрликке талапкер Мамбеталиева анын батиринин үстүнкү кабатын кеңсе катары ижарага алып иштеп жаткан акын Наристе Алиева менен 2013-жылдын февралында болгон чырлашуусу менен белгилүү.

Алиева социалдык түйүндөр аркылуу Мамбеталиева аны «кеңсесинде өтө катуу үн чыгарып баскандыгы» үчүн  катаал жазалайм деп коркуткандыгын жазып даттанган.

«Кээ бирде мен, кээде кыздар шиш така кийип келген учурлар болот. Өз өтүнүчүн интеллигенттүү билдирүүнүн ордуна алар кирип келишип, студенттерди коркутат, үйдөн чыгарабыз деп прокуратура жана башка жогорку жактагы байланыштары менен коркутушат. Мен ал студияда эки жылдан берип иштейм, эч кимге толкоол кылган эмесмин. Мындай оройлукту эч качан көргөн эмесмин», — деп жазган анда акын.

Мамбеталиева жооп катары Алиева аны тиштеп алганын айткан.

«Жолдошум аларга чыгып, тынч болууларын өтүндү. Андан соң мен Алиеванын кыйкырыктарын уктум. Барып аны тынчтанта баштадым. Анан Алиева колумду тиштеп алды да колум ошол эле күнү шишип кетти. Жолдошум экөөбүз ага милиция келгенге чейин күтүп, арыз жазууну сунуштадык. Буга ал макул болбой, кимдир бирөөлөргө телефон чала баштады», — деп билдирген чиновник.