Өз балдарын өлтүрүүгө айыпталып жаткан Бишкектеги мектептердин биринин мугалими эки айга тергөө абагына камалды.

Бишкектин Ленин райондук соту шектүүгө карата эки айга тергөө абагына камоо баш коргоо чарасын белгиледи, деп билдирди Kloop.kgге берген маегинде Ички иштер министрлигинин өкүлү Эрнис Осмонбаев.

«Тергөө маалында ал тергөө абагында болот, санкциялык баш коргоо чарасы эки айлык мөөнөт. Соттук-медициналык экспертиза белгиленди. Андан соң соттук-психиатралдык экспертиза жүргүзүлөт — ал белгиленип, жүргүзүлүү алдында турат», — деди ал.

Басма сөз кызматтын өкүлү психдиспансерде каттоодо турган аялдар дайыма кароодо болушу керектигин кошумчалады.

«Акыркы эки-үч жылдын ичинде мындай бир нече фактылар болгон — Ошто, Токмокто, Бишкекте. Бул биринчиси эмес — бир нече жыл мурун психикалык ооруулу эне өз баласын ваннага тумчуктуруп өлтүргөн», — деди ал.

Балдардын өз апасы тарабынан өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалымат 15-февралда пайда болгон — анда Бишкек милициясы шектүү эне өзүнүн кичинекей эки баласын ашкана бычагы менен өлтүргөндүгүн билдирген.

Эртеси «АКИпресс» маалымат агенттиги, андан соң башка жаңылыктар басылмалары да шектүү эненин сурак берип жаткандыгы тартылган видеону жарыялашкан.

Анда аял кылмыш кылгандыгын кыйыр түрүндө мойнуна алган — ал өз балдарын өлтүргөндүгү тууралуу берилген суроого так жооп берген эмес. Бирок биринчи кызын өлтүргөндүнүн айтып, ал кадамга эмне себептен баргандыгын түшүндүрүп берген.

«Ал мен тамак жасоо үчүн колдонгон бычак болчу. Кызыман баштагам. Мен ага дары берип уктаттым. А баламдын ичкиси келбей жаткан. Мен аларды жакшы көрчүмүн жана аларды кимдир бирөөнүн өлтүрүшүн каалаган эмесмин. Дайыма туура жана туура эмес эки жол болот. Мен туура эмес жолдо өзүмдү жеңе алган жокмун», — деген ал.

Балдардын өз апасы тарабынан өлтүрүлгөндүгү тууралуу кабар мамлекеттик органдардын да көңүлүн бурду — Социалдык өнүктүрүү министрлиги мугалимдерди мектепке кабыл алуу маселесине кылдат мамиле жасап, аларды психологиялык текшерүүдөн өткөрүүнү сунуштады.