Сыртта февраль айы аяктап калганы менен күнөскананын ичинде иш кызып жаткан учур. Жашылдандыруучулар гүлдөрдү жаз майрамы 8-март — Эл аралык аялдар күнүнө даярдап жатышат. Kloop.kgнин кабарчылары Бишкектеги жоогазын баш болгон гүлдөрдүн бир катар түрүн өстүргөн күнөсканалардын биринде болуп кайтышты.

Күнөсканада гүлдөрдүн түрдүү түрлөрү өстүрүлөт: астермериялар, каллалар, жоогазындар, хризантемалар.

Teplitsy-1

Teplitsy-25

Teplitsy-13

Teplitsy-29

Teplitsy-22

Мында гүлдөрдөн сырткары помидорлор менен бадыраңдарды, лимондордун бактарын, кулпунайдын көчөттөрүн жана башка маданий өсүмдүктөрдүн түрлөрүн көрүүгө болот.

Teplitsy-9

Teplitsy-26

«Негизинен жайында помидорлорду, а күз менен кышында гүлдөрдү өстүрөбүз. Жыл бою иштейбиз. Товарлар базардагы дүңүнөн сатып алгандарга өткөрүлөт», ― деп билдирди күнөскананын жумушчуларынын бири Вадим Булатов.

Teplitsy-7

Teplitsy-27

Жоогазын азыркы учурда күнөсканада өстүрүлүп жаткан гүлдөрдүн эң негизгиси болуп эсептелет. Бул жоогазындын — жаз гүлү болгондугу жана жазгы майрамдарда бишкекиктер тез эле сатылып алып кете тургандыгы менен түшүндүрүлөт.

Teplitsy-6

Teplitsy-18

Teplitsy-4

Ошондой эле мында гүлдестелерди кооздоо үчүн керектүү өсүмдүктөр өстүрүлөт.

Teplitsy-32

Teplitsy-31

Күнөсканаларда температуралык шарттар ар кандай ― күнөскана толугу менен ар кандай өсүмдүктөрдүн түрлөрү өстүрүлө турган бөлүктөргө бөлүнгөн, мындан улам ар бир бөлүктөгү температура ар кандай болот.

Teplitsy-10

Teplitsy-33

Күнөскана аны курчалта орнотулган түтүктөрдүн жардамы менен жылытылат, ал аркылуу ысык суу агып турат.

Күнөскананын ээси Виктор Алферовдун айтымында, күнөскананы жылытуу үчүн бир сезондо 120 тоннадан 400 тоннага чейин көмүр керектелет.

KLP_3243

Булатовдун билдиргенине караганда, күнөскана 30 жылдан бери иштеп келет. Мурда ал Бишкек Жылуулук электр борборуна таандык болгон колхозго тиешелүү болуп, ошол жактан жылытылчу. Бирок азыр күнөскана жеке менчик жана ЖЭБден жылуулук албайт.

Teplitsy-28

Teplitsy-34

Өсүмдүктөр үчүн атайын жарык берилбейт ― жарык булагы болуп күн эсептелет, ошондуктан алар бадыраңдар менен помидорлорду кышында өстүрүшпөйт.

Teplitsy-23

Teplitsy-11

«Өсүмдүктөргө күн керек. Мында, күнөсканада, түшүмдүүлүк күн менен жылуулукка көз каранды», ― дейт Булатов.

Teplitsy-21

Teplitsy-20

Teplitsy-3

Авторлор: Кубан Макешов жана Аида Эркулова