Экс-башкы прокурор Аида Салянова «КыргызКөмүр» мамлекеттик ишканасынын мурунку директору Расул Умбеталиевдин «Күчтүү Кыргызстан» партиясына кирди. Буга чейин ал 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катыша тургандыгын билдирген.

7-февралда Салянова «КыргызКөмүр» мамлекеттик ишканасынын мурунку директору Расул Умбеталиевдин «Жарык Кыргызстан» партиясына кирген. Он күндөн кийин партия Юстиция министрлигинен кайрадан каттоодон өтүп, аталышын «Күчтүү Кыргызстан» деп өзгөрткөн.

Өз кезегинде Умбеталиев партиянын төрагалыгынан кетип, лидерликти Саляновага өткөрүп берди.

«Ал партиянын катардагы мүчөсү катары кирген, бирок бүгүн кезексиз съезд болуп, анда мен партиянын лидерлигинен кеттим. Аида Салянова партиянын төрайымы болуп шайланды», — деди ал Kloop.kgге берген маегинде.

Ал партия 2015-жылдын күзүндө боло турган парламенттик шайлоого катыша тургандыгын кошумчалады. Айтымында, азыр партияда «тазалоо жүрүп жатат».

«Биздин партияда коррупционерлер менен абройуна доо кеткен адамдардын болушуна жол бербейбиз. Биз партиянын таза жана ак ниеттүү мүчөлөрүнө таянабыз», — деди ал.

Умбеталиев учурда партиянын 324 мүчөсү бар экенин айтты.

«Биз азыр партиянын мүчөлөрүн калыптандыруу менен алектенебиз. Партиянын аймактардагы өкүлчүлүктөрү жана уюштуруу иштери менен алектенебиз», — деди ал.

Айтымында, партиянын башка бир саясий партия менен биригүү ниети жок.

Салянова 11-февралдагы маалымат жыйынында 2015-жылдын күзүндө боло турган парламенттик шайлоого учурда иштеп жаткан партиянын атынан, бирок «таптакыр жаңы программа» менен катыша тургандыгын билдирген.

«Бүгүн мен парламенттик шайлоолорго барам деп так айта алам. Ал [партия] иштелип чыккан маанилүү платформа болот — ал платформа учурда иштеп жаткан партиянын базасында негизделет», — деп билдирген Салянова.

Бирок анда мурунку башкы прокурор анын программасы үчүн кайсыл партия негиз боло тургандыгын тактап айткан эмес. Болгону анын шайлоого катышуусу тууралуу кененирээк «кийинчерээк бегилүү болорун» кошумчалаган.

Мурунку башкы прокурор

Салянова Кыргызстандын башкы прокурорлугуна 2011-жылдын апрелинде келген. Ал 2015-жылдын февралынын ортосунда президент Алмазбек Атамбаев тараптан «ишенимдүү мамиленин» жоголгондугунан улам отставкага кетүүгө аргасыз болгондугун билдирген.

«Профессионалдуу ишим боюнча менде алдыда пландарым бар эле. Бул кызматтан азыр кетүү каалоом жок болчу. Ошондуктан мен отставкага кетүүгө аргасыз болгондугумду билдирдим, анткени президент тараптан ишенимдүү мамиле болгон жок жана кайсыл бир кезде мен ал колдоонун жоктугун сездим», — деп билдирген Салянова 11-февралда Бишкекте өткөргөн маалымат жыйынында.

Анда жооп катары президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов Саляновага ишеним көрсөтпөө маселеси «прокуратуранын ишине башкы прокурордун жакын адамдары кийлигишип жаткандыгынын фактылары аныкталып баштагандан» кийин көтөрүлгөндүгүн билдирген.

«Так фактылар аныктала баштаганда менин билишимче Аида Жеңишбековнага бул боюнча жыйынтык чыгарууга сунуш кылынган. Чындыгында эле отставка тууралуу арыз президенттин «Эми, мындай иштерден кийин, мен сизге кантип ишене алам?» деген сөздөрүнөн кийин жазылды. Менимче Алмазбек Шаршенович башкача жоопту күткөн эле. Жыйынтык чыгарылды, бирок, президент болжолдогондой жыйынтык чыккан жок», — деген Ниязов.

Салянова ошол эле маалымат жыйынынын жүрүшүндө президенттин айланасындагы «ак ниеттүү» адамдар тууралуу айтып, аларды аны кызматтан кетирүүгө мажбур кылуу үчүн болгон «саясий куралдарды, коркутуп-үркүтүүлөрдү, опузалоолорду, далилсиз айыптоолорду» пайдаланган деп айыптаган. Бирок мурунку башкы прокурор убакыт келгенде «алар өзүлөрү баарын айтып беришет» деп, ал адамдардын аты-жөндөрүн атаган эмес.