Кыргыз милициясы тарабынан криминал авторитети деп эсептеген Алманбет Анапияев болжол менен Минскиде өлтүрүлгөн. Анапияевге окшогон адамдын мууздалып жаткандыгы тартылган сүрөт 19-февраль күнү кечинде тараган. Кыргызстандын Ички иштер министрлиги азырынча Анапияевдин өлтүрүлгөндүгү тууралуу маалыматты ырастай албайт.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башкы адиси Адыл Оморов Kloop.kgге берген маегинде мекеме азырынча «Анапияевдин чындыгында эле өлтүрүлгөндүгүн» ырастай албай тургандыгын билдирди.

«Белорус полициясы бизди ишендирип жаткандай, өлтүрүлгөн адам Анапияевге өтө окшош, ошондой эле анын жанынан Анапияевдин сүрөтү чапталган, бирок башка адамдын атына берилген Орусия Федерациясынын жаранына катталган паспорт табылган», — деди Оморов.

Ал учурда кыргыз милициясынын кызматкерлери өлтүрүлгөн адамдын денесин биргеликте экспертизадан өткөрүп, кыргызстандык криминал төбөлүнүн өлтүрүлгөндүгүн ырастоо үчүн Белорусь мамлекети менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыктарын кошумчалады. Айтымында, андан сырткары өлтүрүлгөн адамдын ким экендигин тактоо боюнча иштерге Интерполдун кызматкерлери да катышып жатышат.

«Биздин белорустук кесиптештерибиз да анын Анапияев экендигин так кесе айта алышпайт, бирок алар сүрөттөө боюнча ага [Анапияевге] окшош экенин айтып жатышат. Бирок ал жакка барып чын эле ошолбу же ал эмеспи деп айтып бере алчу адамдар бар да», — деди ИИМдин өкүлү.

«Криминал төбөлүнүн» өлтүрүлгөндүгү ыктымалдыгы жөнүндө 19-февралда кечинде белгилүү болду — бул тууралуу «АКИпресс» маалымат агенттиги жеке булактарына шилтеме жасап жазган.

Кабар эки сүрөт менен коштолгон. Алардын биринде мууздалган адамдын денеси, экинчисинде — Анапияевге окшогон адамдын сүрөтү чапталган Орусиянын паспорту тартылган.

Паспортко чапталган сүрөттөгү адамдын криминал төбөлүнө окшош болгону менен документ «Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин» атына жазылган.

Ошондой эле паспортто туулгандыгы тууралуу дата да дал келбейт. Анапияев 1973-жылы 17-августа туулган, а документте 1974-жылдын 24-апрели деп жазылган.

«Азаттык» радиосу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттеги жеке булактарына шилтеме жасоо менен криминал авторитетинин чынында эле өлтүрүлгөндүгүн ырастоодо. Басылма анын жанында табылган паспорт жасалма болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

440595581
«Алмазбек Шакировдун» паспортундагы сүрөт менен Алманбет Анапияевдин «Алыш» федерациясынан алынган сүрөтү, 2013-жыл.

Унаанын багажынан табылган

«TYT.by» белорус онлайн-басылмасы өлтүрүлгөн адамдын денеси 18-февралда Минсктин борбордук райондорунун биринде токтоп турган унаанын багажынан табылгандыгын жазган.

«Унаалардын эң жакшысы, арзан эмес Mercedes ошол жакта токтоп турган. Унаа токтотуу жайынын биринчи ордунда. А багаждагы таштандынын астында – сөөк, – деди дал ошол маалда каттамдан кайтып келе жаткан айдоочулардын бири. – Мында милиция кызматкерлери абдан көп болчу, жөө дагы өтүүгө уруксат беришкен жок. Дал ошол маалда өтүп баратып: кантип өтөм?, деп сурап калдым. А алар: «Джержинский проспектиси аркылуу кеткиле», деп айтышты. Анан мага айланып өтүүгө туура келди», — деп жазган «TYT.by» күбөлөрдүн биринин айтканын.

Басылманын маалыматы боюнча, унаа башка адамга, Беларус мамлекетинин жаранынын атына катталган.

«[Унаанын ээси] унаасы бир нече күн айдап тур деп тааныштарынын бирине берген имиш — кийинчерээк, качан орусиялык досу байланышка чыкпай калгандан кийин техникалык каражаттардын жардамы менен унаасын издеп таап, милиция чакырган. Кээ бирлери ал унаасын GPS-датчиктин жардамы менен тапканын айтышса, башкалары – каза болгон адамдын уюлдук телефонунун сигналы боюнча тапкандыгын билдирип жатышат», — деп жазган онлайн-басылманын кабарчысы.

Унаа табылган райондо иштеген ишкерлердин бири белорустук басылмага өлтүрүлгөн адамдын сөөгү жуурканга оролгондугун айткан.

«Мууздалып, денесинде бир нече жараттары болгондугун билем. Орусиялык паспорт жана көптөгөн визаларды табышты. Улуту боюнча ал кыргыз. […] Билишимче, эртең менен (кылмыш болгон күнү эртең менен) унаа токтотуу жайында ал унаа жок болчу – тааныш айдоочу унаасын дал ошол орунга токтотуп жаткандыгын көргөм», — деп жазган басылма ишкердин айткандарын.

«Криминал авторитети»

Алманбет Анапияев 2011-жылдан бери Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын сурамы боюнча эл аралык издөөдө. Ал Кылмыш кодексинин «адам уурдоо», «каракчылык» жана «адамды мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу» беренелери боюнча айыпталууда.

Жактоочу Жыргалбек Бабаев бул айыптоолорду «далилсиз» жана «божомолдоолордон куралган» деп атаган.

«Аны бардык эле иштерге айыптап жатышат. Объективдүүлүк үчүн айтып коюш керек, ал иштердин сыры билинип турат. Алар божомолдоолор менен ой жоруулардан куралган. Азыркы учурда Алманбет Анапияевге доомат айткан бир дагы жаран жок», — деп эсептейт Бабаев.

Андан сырткары Анапияев укук коргоо органдары тарабынан 2009-жылдын мартында президенттин администрациясынын экс-башчысы Медет Садыркуловду өлтүрүүгө тиешеси бар деп шектелүүдө.

2014-жылдын июлунда Анапияев Кыргызстанга келип тергөө менен кызматташууга даяр экендиги, бирок ага карата «адилеттүү тергөөнүн» болушун талап кылгандыгы тууралуу кабарланган болчу.

Ошондой эле Анапияев АКШнын бийлиги тарабынан түзүлгөн «Братский круг» аталышындагы эл аралык криминал авторитеттердин евразиялык тобунун тизмесине кирген.