Жума намазы маалында Бишкектеги борбордук мечитке келгендер Москва көчөсүндөгү транспорт кыймылын бир саатка токтотушту. Муфтият алардын ал кылыгын айыптап, ошону менен бирге инфраструктуранын жоктугуна шаар мэриясын күнөөлөдү.

Муфтияттын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге берген маегинде жолдун ортосунда намаз окугандар транспорт кыймылын токтоткондуктары үчүн айыптуу экенин билдирди.

«Бизде намаз окууга атайын тосулган орундар бар. Алар (намаз окугандар) антип унаалар өтчү жерге чейин чыкпашы керек. Албетте, андай кылууга болбойт», — деди ал.

Бирок басма сөз кызматынан Бишкекте инфраструктуранын жокутугунан улам жума намазы маалында борбордук мечит келгендердин агымын көзөмөлдөй албай тургандыгын кошумчалашты.

«Көйгөй биздин жарандарыбыздын өтө көптүгүндө эмес, а унааларда. Аткаруучу бийлик иштеши керек. Бизде унаалар өтө эле көп. […] Эки кабаттуу унаа токтотуу жайлары, жөө адамдар үчүн асма көпүрөлөр менен жер алдындагы өтмөктөрдү куруу боюнча иштер жүрбөй эле. Мунун үстүнөн өкмөт менен мэрия иштеши керек», — деди муфтияттын өкүлү.

Намаз окуп жаткандар тарабынан Москва көчөсүнүн пайдаланышы «Фэйсбуктун» кыргыз сегментинде 20-февралдагы эң көп талкууга алынган темалардын бири болду. Ага Юрий Ким аттуу колдонуучу жарыялаган сүрөт себеп болду. Айтымында, ал жума намазы аяктаганга чейин жарым сааттай убакыт тыгында турган.

«Миңдеген эркектер. Миңдеген жайнамаздар. Мен Гоголь көчөсүнө кайрыла албай дагы бир квартал жүрөйүн деп чечтим. Жума намазга келгендер жайнамаздарын жолдун ортосуна жая баштаганда эле сактанып башташ керек болчу. Жолдогу унаалардын бардыгы тең токтоп калышты», — деп жазган ал сүрөт тууралуу баяндап.

Кимдин эсептөөсү боюнча, унаа тыгынында «жүзгө жакын айдоочу» турду.

«Ал тыгында кимдир бирөө ооруканага бара жаткан болушу мүмкүн болчу. Кимдир бирөө маанилүү жолугушууга кечигип, башкасы сүйүктүүсүнө бара жаткан чыгар. Мейли эми, бирок менде жума сайын унаама жол бербей жаткандардын көздөрүнө тик кароо мүмкүнчүлүгүк болду», — деп жазган ал.

Кимдин «Фэйсбукка» жарыялаган билдирүүсү менен 230дан ашык колдонуучу бөлүшкөн — алардын көпчүлүгү мечитке келгендердин кылыгын айыпташып, жума намазы транспорт кыймылына  тоскоолдук кылбашы керектигин жазышкан.

«Эч кимге тоскоол кылбай турган жерге өтүп ал. Эмнеге башка диндеги адам сенин жолдун дал ортосуна намаз окугуң келгендиги үчүн бир саат бою тыгында күтүп турушу керек?!  Сен эмне башкалардан мыктысыңбы, сага баарын кылууга уруксатпы?» — деп нааразычылыгын билдирген Дарья Самохвалова.

Колдонуучулардын бир бөлүгү абалдан чыгуунун жолдорун сунушташкан — Калича Жаманкулова муфтиятка жума намаз маалында транспорт кыймылын көзөмөлдөй турган адамдарды коюуну сунуштады.

«Биринчи — жума намазы башталганга чейин мечитке келгендердин унааларын токтотуу менен алектене турган көзөмөлдөөчүлөрдү коюп коюуга болот. Экинчи — ар дайым бардык конфессиядагы адамдарга карата жакшылык кылуу тууралуу айтуу», — деп жазган ал.

Урматтуу окурмандар, жолдун ортосуна намаз окууга кандай көз караштасыздар? Жума намаз маалындагы унаа тыгыны көйгөйүн кантип чечүүгө болот? Өз пикирлериңиздер менен суроолорго жоопторуңуздарды жазып калтырыңыздар.

Сүрөттүн автору: Юрий Ким.