Туура бир жыл мурун, 2014-жылдын 22-февралында Украинанын президенти Виктор Янукович оппозициянын дээрлик үй айлык нааразычылынан кийин Жогорку Раданын депутаттары тарабынан кызматынан алынган. Ошол эле күнү ал Киевден качып кетип, көп өтпөй анын Орусиянын аймагында экендиги белгилүү болгон.

Евромайдандын логикалык аяктоосу катары көрүнгөн Украинанын Европага багыт алып өнүгүүсү үчүн өткөн нааразычылык акциялары — өлкөнүн чыгышындагы согушка алып келген окуялардын жаңы тизмегин жаратты.

2014-жылы Kloop.kgнин башкы редактору Бектур Искендер журналист катары Украинага үч жолу барып келген. Ал өлкөнүн батышында да, чыгышында да болуп, андагы көрүнүштөрдү сүрөткө тарткан.

Сыягы, украин кагылышынын аякташына көп бар окшойт, ошондуктан бул материалда Януковичтин бийликтен кетишинин бир жылдыгынын жыйынтыктары чыгарылбайт жана ал боюнча кандайдын бир комментарийлер берилбейт.

Биз сиздерге болгону сүрөттөрдү гана көрсөтөбүз.

Евромайдандын тосмолору Киевдин борборундагы жер алдындагы өтмөктүн кире беришин жаап турушат, 2014-жылдын февралы:

1ukraine_1178

Майдандагы аза күтүү, 2014-жылдын февралы. 2014-жылдын февраль жана январь айларында нааразычылык акциясына чыккандар менен күч түзүмдөрүнүн ортосундагы кагылышуулардын жүрүшүндө 100дөн ашык киши каза болгон:

1ukraine_1179

Майдан, Киев, 2014-жылдын февралы:

1ukraine_1180

2014-жылдын февралында айыгышкан кагылышуулар орун алган Майдандын жанындагы баррикада:

1ukraine_1181

Капталына жыгылган бул кичи автобус нааразычылык акциясына чыккандар тарабынан көзгөатарлардын огунан коргонуучу калкан катары пайдаланылган. Киев, 2014-жылдын февралы:

1ukraine_1182

Майдандагы кагылышуулардын жүрүшүндө жарадар болгондорду бир нече сутка бою дарылаган дарыгерлер «Украина» мейманканасынын биринчи кабатында эс алып отурушат. Анда мейманкананын биринчи кабаты убактылуу госпиталга айланган. Киев, 2014-жылдын февралы:

1ukraine_1183

Евромайдандын штабы жайгашкан имараттагы — Украин Үйүндөгү «Евромайдандын китепканасы». Киев, 2014-жылдын февралы:

1ukraine_1184

«Правый сектордун» аскери өз уюмунун штабынын кире беришин кайтарууда. Киев, 2014-жылдын февралы:

1ukraine_1185

Евромайдандын катышуучусу күч түзүмдөрүнөн тартылып алынган согуштук унаада (БМП). Арткы фондо кагылышуулардын жүрүшүндө өрттөнүп кеткен Профсоюздар үйүнүн имараты. Киев, 2014-жылдын февралы:

1ukraine_1186

Виктор Янукович бийликтен кеткенден кийин Евромайдандын коргонуу тобунун мүчөсү Жогорку Раданын имаратынын жанында кайтарууда. Киев, 2014-жылдын февралы:

1ukraine_1187

Евромайдандын коргонуу тобу Жогорку Раданын имаратынын жанында. Киев, 2014-жылдын февралы:

1ukraine_1188

Евромайдандын активисти Украин православ чиркөөсүнүн Киев партиархатынын патриархы Филаретанын колун өөп жатат. Киев, 2014-жылдын февралы:

1ukraine_1189

Киевдин борборунда кадимки режимде эле иштеп жаткан дүкөндүн жанындагы өрттөлгөн жүк унаасы. Янукович бийликтен кеткенден кийинки алгачкы күндөрү милициянын жок болгондугуна карабастан Украинанын борборунда көчө кылмыштуулугунун күчөшү же талоончулук болгон эмес:

1ukraine_1190

Киев шаардык радасынын имаратынын алдында Евромайдандын коргонуу тобунун мүчөсү фортепианодо ойноп жатат, 2014-жылдын февралы:

1ukraine_1191

Орусиячыл жикчилдер басып алган Донецк облустук администрациясынын имараты. Донецк, 2014-жылдын май айы:

1ukraine_1192

Өз алдынча жарыяланган Донецк элдик республикасынын Донецктин чыга беришиндеги блок-посту, 2014-жылдын май айы:

1ukraine_1193

Донецк элдик республикасынын аскерлери Донецктен чыгып келе жаткан жүк унаасын текшерип жатышат, 2014-жылдын май айы:

1ukraine_1194

Донецк элдик республикасынын аскерлеринин катарына кошулган Донецктин жашоочусу Донецк менен Харьковду бириктирген унаа жолунда, 2014-жылдын май айы:

1ukraine_1195

Донецк аба майданы, аймагындагы алгачкы кагылышууларга төрт күн калганда. 2014-жыл, май:

1ukraine_1196

Донецк аба майданынын бош унаа токтотуу жайы. 2014-жыл, май. Бул сүрөт тартылгандан төрт күн өткөн соң аба майдандын аймагында украин армиясы менен Донецк элдик республикасынын жикчилдеринин ортосунда кагылышуулар башталган. Ал кагылышуулар 2015-жылдын январына чейин созулуп, имаратты урандыларга айланткан:

1ukraine_1197

Донецктеги украинчилдердин нааразычылык акциясы, 2014-жылдын майы. Бул бирдиктүү Украина үчүн Донецктеги акыркы чыгуулардын бири болгон. Бул чатыр сүрөткө тартылгандын эртеси Донецк элдик республикасынын аскерлери тарабынан талкаланган:

1ukraine_1198

Донецктин жашоочусу Донецк облустук прокуратурасынын имаратынын алдындагы баррикаданын жанында, 2014-жылдын май айы:

1ukraine_1199

Киевдин жашоочусу Майдандагы БМПнын жанында. Киев, 2014-жылдын май айы:

1ukraine_1214

Бул бала Днепропетровск шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде Украинанын желектерин сатып жүрөт, 2014-жыл, май. Днепропетровск Украинанын чыгышында жайгашканына карабастан шаарда жикчилдик маанай анча күчтүү болгон эмес:

1ukraine_1200

Одесса облустук администрациясынын алдындагы бирдиктүү Украинаны колдогон митинг, 2014-жылдын май айы:

1ukraine_1217

Одессанын украинчил жашоочулары өрттөлгөн Профсоюздар үйүнүн имаратынын алдында.  2014-жылдын май айында бул имаратта украинчил жана орусиячыл одессалыктардын айыгышкан кагылышуулары болгон:

1ukraine_1218

Одесса милициясы украинчилдердин 2014-жылдын май айындагы митинги маалында облустук администрациянын имаратын кайтарып жатышат:

1ukraine_1216

Чыгыштан Донецкти көздөй бара жаткан номуру жок аскердик жүк унаасы, 2014-жылдын ноябры:

1ukraine_1204

Украин армиясынын Донецк облусунда өрттөлгөн БМПсы, 2014-жылдын ноябры:

1ukraine_1205

2014-жылдын жайындагы айыгышкан кагылышуулардын жүрүшүндө талкаланган Саур-Могила мемориалдык комплекси. Донецк облусу, 2014-жылдын ноябры:

1ukraine_1206

Донецк облусунун Степановка айылындагы азык-түлүк дүкөнүнүн имаратында ачылган мектеп кабинети. Жергиликтүү мектеп кагылышуулардын жүрүшүндө талкаланган. Степановка айылы 2014-жылдын жайынан бери Донецк элдик республикасынын көзөмөлүндө:

1ukraine_1207

Донецк элдик республикасынын тарапташы. Донецк, 2014-жылдын ноябры:

1ukraine_1208

Жикчилдер басып алган Донецк элдик республикасынын имаратынын кароолчусу, 2014-жыл, ноябрь. Арткы фондо — көпчүлүгүн пенсионерлер түзгөн жергиликтүү жашоочулардын кезек күтүүсү:

1ukraine_1209

Орусиянын курамындагы Түндүк Осетиядан барган аскерлер, Донецк, 2014-жылдын ноябры. Донецк элдик республикасы тарапта согушуп жаткан орусиялыктардын көбү өздөрүн «ыктыярчылар» деп аташат:

1ukraine_1210

Орусиячыл «Восток» батальонунун дарыгери. Казан шаарында туулган, 2014-жылга чейин Санкт-Петербургда жашаган. Орусиянын Ростов-на-Дону шаарынын жанындагы лагерде даярдыктан өткөндөн кийин ал Донецк элдик республикасынын аскерлерине кошулган:

1ukraine_1215

Донецк элдик республикасы үчүн согушуп жаткан кыздар. Сүрөт Донецк облусунун Ясиноватая айылынын жанында тартылган. 2014-жыл, ноябрь:

1ukraine_1212

Донецк элдик республикасынын аскери. Сүрөт Донецк облусунун Ясиноватая айылынын жанында тартылган. 2014-жылдын ноябры:

1ukraine_1211

Донецк элдик республикасынын аскерлери фронттогу өз позициясынын жанында, 2014-жылдын ноябры. Алыскы планда украин армиясынын көзөмөлүндөгү Авдеевка айылынын бир бөлүгү көрүнүп турат:

1ukraine_1213

Донецктин Петровский районунун жашоочусу бомбадан баш калкалоочу жайдын кире беришинде, 2014-жыл, ноябрь:

1ukraine_1203

Үйү талкалангандан кийин бамбадан коргонуучу жайга Донецктин Петровский районунан келген пенсионер. Донецк, 2014-жыл, ноябрь:

1ukraine_1202

Kloop.kgнин Украина тууралуу атайын репортаждары:

Ноябрь 2014-жыл:

I бөлүк: Азыркы Украинанын уламыштары менен мифтери

II бөлүк: Донецк элдик республикасынын лидерлеринин биринин кыргыз журналисттерине берген мега-интервьюсу

III бөлүк: Донецк элдик республикасынын имаратындагы гомофобдук жазуунун тарыхы

Май 2014-жыл:

I бөлүк: Киев

II бөлүк: Донецк

III бөлүк: Днепропетровск

IV бөлүк: Одесса

V бөлүк: Одессадагы шайлоолордон кийинки митингдер

VI бөлүк: Львов

Февраль 2014-жыл:

I бөлүк

II бөлүк

III бөлүк

Бонустук бөлүк