Кыргызстандыктар гримерлордун кызматтары менен көбүрөөк пайдалана башташты. Кызмат көрсөтүүнүн бул тармагынын өнүгүшүнө Хэллоуин сыяктуу түрдүү майрамдарда тематикалык кечелердин өткөрүлүшү түрткү болууда. Kloop.kgнин кабарчысы Эльдос Казыбеков гример Ирина Федоренко менен бул тармактын Кыргызстанда өнүгүшү тууралуу маектешип, грим түшүрүү процессин сүрөткө тарткан.

Баяндоо Казыбековдун атынан жүрөт:

Ирина Федоренко гример болуп беш жылдан бери эмгектенет. Орточо эсеп менен анын кызматтарына кыргызстандыктар айына эки жолудан кайрылышат.

Ирина Федоренко грим менен беш жылдан бери алектенип келет.
Ирина Федоренко грим менен беш жылдан бери алектенип келет.

Анын студиясына кирип мен дароо эле чыгармачылык атмосфераны сездим. Ал маалда Федоренко эки образдын — «күйгөн зомби» менен «Пила» тасмасындагы «Билли куурчагынын» үстүнөн иштеп баштаптыр.

Ирина Федоренконун студиясында чыгармачылык атмосфера сезилип турат.
Ирина Федоренконун студиясында чыгармачылык атмосфера сезилип турат.

Көбүнчө ага Хэллоуин күнүн майрамдоонун алдында көп кайрылышат. Айтымында, ал өз талантын 2010-жылы, аны моделдер менен визажисттер мектебинде сабак берүүгө чакыргандан кийин өнүктүрө баштаган.

«Ошол маалда «Большие Люди» долбоорун жаңы тартып башташкан, анан алар мени өз командасына кошуп алышты. Алардын гримеру бар болчу — коючу сүрөтчү Байыш Исманов, азыр ал «КыргызФильмде» иштейт. Ал менден кээ бир образдар боюнча жардам берүүмдү өтүндү, ал грим менен, а мен — макияж менен алектенчүмүн. Анан күндөрдүн биринде ал менден грим боюнча жардам берүүмдү өтүндү, ошондон кийин менде кызыгуу пайда болду», — дейт Федоренко.

IMG_0573-001

Ал грим түшүрөөрдөн мурун «гримдин жакшы кармалышы үчүн» алгач бетти жакшылап тазалоо керектигин айтты.

Гримди эки адамга — Евгений Новиков менен Айгерим Осмоновага түшүрдү.

Евгенийге «күйгөн зомби», а Айгеримге «Билли куурчагы» болуу бактысы буюрду.

Евгений «күйгөн зомби» болмой болду.
Евгений «күйгөн зомби» болмой болду.

Ирина зомбинин образынын үстүнөн бир жарым саат эмгектенди. «Күйгөн зомбинин» образын түзүүдө грим үчүн дайыма колдонулчу жана профессионалдык каражаттар пайдаланылды.

Новиковдун айтымында, грим түшүрүү — «жагымсыз» процесс.
Новиковдун айтымында, грим түшүрүү — «жагымсыз» процесс.
Сүрөттө: Федоренко зомбинин образын түзүү үчүн салфетка менен клейди аралаштырууда.
Сүрөттө: Федоренко зомбинин образын түзүү үчүн салфетка менен клейди аралаштырууда.

IMG_0601

«Ар дайым колдонулчу каражаттардан салфеткаларды, клей жана кебезди пайдаландык. Андан сырткары аларды бир аз латекс менен аралаштырдык, тактап айтканда, бир аз профессионалдуураак каражат менен. Ошондой эле аква-көлөкөлөрдү, көлөм, түс берүү үчүн гримди жана гримдик канды пайдаландык», — деп сүрөттөп берди биринчи образды Федоренко.

IMG_0609

IMG_0658

Новиковдун пикиринде, грим түшүрүү процесси «жагымсыз».

«Негизинен баары өтө кызыктуу өттү. Бир аз жагымсыз болду, анткени кистти бетке тийгизүү эркектер үчүн көнүмүш эмес да», — деди Новиков.

IMG_0698

Гримдин баасы иштин татаалдыгына жараша болот, эң төмөнкү баа миң сомдон башталат. «Күйгөн зомбинин» образы үчүн каалоочуларга эки миң сом төлөөгө туура келет.

«Билли куурчагынын» образын түзүү үчүн Ирина аквабоекторду, профессионалдык көлөкөлөрдү жана карандаштарды пайдаланды. Андан сырткары анын образын жаратуу үчүн профессионалдык грим пайдаланылды.

IMG_0710

IMG_0714

«Билли куурчагы» болгон Айгерим образ ага «өтө жаккандыгын» жана аны менен Хэллоуинго бара тургандыгын айтты.

IMG_0721

IMG_0756

IMG_0799

Федоренконун айтымында, грим тармагында атаандаштык чоң эмес. Бирок ал Кыргызстанда бул тармак өнүгүп баштагандыгын айтат.

IMG_0808

«Акыркы эки-үч жылдан бери гримерлор көп пайда боло баштады. Өлкөбүздүн бул тармакта өнүгүп жаткандыгына тескерисинче өтө кубанычтамын, анткени көптөгөн тасмалар тартылууда жана өтө көп гримерлор талап кылына баштады. Мен буга кубанычтамын», — дейт Федоренко.