Эшек фермасынын ээлери эттин Бишкектеги коомдук тамактануу жайларына сатылгандыгы тууралуу айтылган маалыматты четке кагышты. Буга чейин теле берүү аркылуу анда союлган эшек эттери борбордогу кафелерге сатыла тургандыгы айтылган болчу.

«Кайтал» акционердик коомунун башчысы, фермага ээлик кылган Алмаз Такырбашев эшектин эттери Кыргызстандын сыртына, Гонконг зоопаркына жөнөтүлө тургандыгын билдирди.

«Биздин колубузда тоңдурулган түрдө этти Гонконгго жеткирүү боюнча келишим бар. Аны жырткычтарга берүү үчүн зоопаркка алышат», — деди ал.

Такырбашев Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) эфиринде көрсөтүлгөн сюжетти «көз көрүнөө калп жана ушак» деп атады. Ал сюжетте автору Эльнура Молдокадырова эшектин эти коомдук тамактануу жайларына жеткирилип тургандыгын айткан.

«Биздин маалыматтар боюнча, эшектин эттери койдун же уйдун эти катары сатылган. Аларды тонналап борбордогу белгилүү фаст-фуддарга, чайхана жана кытай кафелерине сатышат, а алара болсо андан самса, гамбургер жана башка тамактарды жасашат», — деп айткан ал сюжетте.

Молдокадырова Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде эшектин этинин Бишкектеги кафелерге сатылып жаткандыгы тууралуу маалымат — укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан билдирилген ыкчам маалымат болгондугун айтты.

«Албетте, биз 100 пайыздык ишеним менен айта албайбыз. Мен анын ыкчам маалымат экенин шилтеме жасап айтып жатам. Мисалы, жергиликтүү тургундардын бири ферманын ээсинин кызы […] Аламүдүн базарында иштеп, ошол жактагы эттерди сата тургандыгын айтууда», — деди ал.

Журналист бул окуяда КТРКнын «күнөөлүү болуп» калышын адилетсиз деп эсептейт.

КТРКнын сюжети:

«Гонконгго жиберип жатышкан имиш — санэпидемстанция аларда уруксат берүүчү документтердин жок экенин айтып жатат. Эгер аларда бардыгы мыйзамдуу болсо эмнеге бүгүн бардыгын тазалап коюшту? Баарын тазалап, сарайдын кире беришине чоң итти байлап коюшуптур», — деди ал.

Өз кезегинде Такырбашев маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусунда «эшектин бир дагы грамм эти кафелерге жеткирилбегендигин» билдирди — ал КТРКда көрсөтүлгөн сюжеттин авторлору эшектин этинин Бишкектеги коомдук тамактануу жайларына сатылып жаткандыгын далилдей турган эч кандай факт көрсөтпөгөндүктөрүн кошумчалады.

«Журналисттер тартып алган жер — калдыктар коюла турган жай. Эшектердин баштары менен туяктарын фермердик чарбалар алып кетишет. Алар өз иштери үчүн, иттерге тамак катары алып кетишет», — деп билдирди ал.

Ферманын ээси анын компаниясы КТРКнын журналисттерин сотко бергендигин жана учурда териштирүү иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Эшек фермасы

Бишкектин коомдук тамактануу жайларына эшектин этинин сатылуу ыктымалдыгы тууралуу тема акыркы күндөрү интернеттин кыргыз сегментинде өтө көп талкууланган темалардын бири болуп калды.

Талкууга союлган эшектер тартылган Молдокадырованын сүрөттөрүнүн «Фэйсбук» социалдык түйүнүнө жарыяланышы өзгөчө түс берди.

«КТРКнын кабарчылары Манас айылында жүздөгөн эшектер союлуп жаткан сарайды табышты. Ыкчам маалыматтар боюнча, ал эттер Бишкектеги белгилүү чайханаларга сатылып турган. Съемка маалында ал жакка өздөрүн сарайдын ээси деп тааныштырган белгисиз балдар келип, тартылган материалды берүүбүздү талап кылып коркутушту», — деп жазган ал сөзмө сөз.

Анын сүрөттөр коштолгон билдирүүсү менен 800дөн ашык колдонуучу бөлүшкөн — андагы пикирлердин көпчүлүгү кыжырдануу мүнөзүнө ээ болгон.

«Эми чайханадан, ресторандан эмес үйдөн тамактанганыбыз жакшы… Барбай койгонубуз жакшы. Негизинен [этти] таптакыр ойго келбеген жерлерде пайдаланышат», — деген пикирин калтырган Талант Исманов аттуу колдонуучу.

Кээ бир колдонуучулар Молдокадырованын билдирүүсүн айыптап, эшектин эти «Бишкектеги зоопаркка» жеткирилип турушу мүмкүн деген божомолдорун жазышкан.

«Кайсыл альтернативдүү ой жүгүрткөн адам «армян» жаныбарлар багуучу жайын шаардагы коомдук тамактануу жайлары менен адаштырып алды??? Анткени биздин шаарда эшектерди зоопарктардын жашоочулары жешет. ШААРДЫН тарыхын окугула!» — деп жазган колдонуучу Михаил Рогожин.

Тексттик хроника:

12:31 Эшек союу менен алектенген компаниянын өкүлдөрү КТРК эшектин этинин Бишкектеги коомдук тамактануу жайларына сатылып жаткандыгын далилдей турган эч кандай факт көрсөтпөгөндүгүн билдиришти.

12:28 Такырбашевдин айтымында, эшектин эти Кыргызстандын сыртына, экспортко жөнөтүлөт — ал КТРКнын журналисттери тартып алган жер калдыктарды коюучу жай болгондугун айтты.

«Эшектердин баштары менен туяктарын фермердик чарбалар алып кетишет. Алар өз иштери үчүн, иттерге тамак катары алып кетишет», — деди ал.

12:20 Ишкананын ээси Алмаз Такырбашев эшектин эттеринин Бишкектеги кафелерге жеткирилип тургандыгы айтылган КТРКнын сюжетин «ушак жана жалган» деп атады.

«Далилдей алам. Менде келишим бар, мен ошонун негизинде иштеп атам. Бүгүнкү күнгө карата 605 баш союлду — алардын бардыгы тең муздаткычтарда сакталууда. Ал эттин бир дагы граммы Кыргызстандын кафе, коомдук тамактануу жайларына жеткирилген эмес. Менимче, бул биздин компанияга каршы жасалган маалыматтык өнөктүк. Бул чагымчылдык», — деди ал.