«Гейлерге каршы» мыйзам долбоорунун авторлору «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди» «бир жыныстагы адамдар ортосундагы сексуалдык байланыштар же сексуалдык ынтызарлык» катары түшүнсө боло тургандыгын билдиришти. Мыйзам долбоорунун өзү «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир калыптандырууга» тыюу салат.
Мыйзам долбоорунун жаңы редакциясы парламент сайтында 26-февралда жеткиликтүү болду — анда «салттуу эмес сексуалдык мамилелердин» эмне экендигин түшүндүргөн кыска маалымат кошулган.
«Салттуу эмес сексуалдык мамилелер дегенде бир жыныстагы адамдарга карата болгон сексуалдык ынтызарлыкка жана алардын ортосундагы сексуалдык байланыштарга негизделген индивиддердин ортосундагы мамилелерди түшүнүүгө болот», — деп жазылган мыйзам долбоорунда.
Буга чейин мыйзам долбоорунун демилгечилери «салттуу эмес сексуалдык мамилелер» терминине так аныктама бере алышкан эмес.
«Салттуу мамилелер — бул Кудай эркек менен аялды жаратты, салттуу үй-бүлө, аялы менен күйөөсү, бул салттуу. Табигый үй-бүлө — бул коомдун уясы. Анда биздин каада-салттарыбызды сактоо укугу бар. Ал эми бир жыныстуу үй-бүлө куруу биздин кыргыз коому үчүн өөн нерсе», — деп билдирген 2014-жылдын октябрында демилгечи депутаттардын бири Курманбек Дыйканбаев.
Дароо эле «гейлерге каршы» деген мүнөздөмөгө ээ болгон мыйзам долбоору парламенттин кароосуна 2014-жылдын июнунда киргизилген.
Документке ылайык, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу балдар арасында «салттуу эмес сексуалдык мамилелерге карата жакшы пикир калыптандыруу» үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүү сунушталууда. Жазанын катаалдыгы бир жылга чейин эркинен ажыратууга чейин жетиши мүмкүн.
Кыргызстанда гомосексуализм 1990-жылдардын аягынан тарта кылмыш болуп эсептелбейт.
Учурда мыйзам долбоору парламенттин экинчи окуусунда — 2015-жылдын 17-февралында документ парламенттин мыйзамдуулук боюнча комитетинде жактырылган.
«Басмырлоочу мыйзам долбоор»
Укук коргоо чөйрөсүндөгүлөр мыйзам долбоорун «басмырлоочу мыйзам долбоор» деп аташкан.
2015-жылдын январында Европарламент кыргыз депутаттарын «гейлерге каршы» мыйзам долбоорун чакырып алууга жана аны кароодон баш тартууга чакырып, документтин кабыл алынышы Европа биримдиги менен Кыргызстандын эки тараптуу мамилелерине терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн билдирген.
Бирок мыйзам долбоорунун демилгечилери Европарламенттин ал билдирүүсүн «Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү» деп атап, документти чакырып алуудан баш тартышкан.
Кийинчерээк, Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча кеңешине мүчө өлкөлөр дагы кыргыз депутаттарына мыйзам долбоорун чакырып алууну сунушташкан.
2014-жылдын октябрында АКШнын Кыргызстандагы элчилиги мыйзам долбоорунун кабыл алынышы ыктымалдыгы боюнча тынчсыздануусун билдирген.
Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлеринин пикирлеринде, мыйзам «адам укуктары, демократиялык жетишкендиктер жана Кыргызстандын конституциялык кепилдиктерине фундаменталдуу коркунуч жаратат».
«Адамдар дүйнөнүн бардык жеринде эркиндик шартында жашоого татыктуу. Анын ким экендиги же кимди сүйөөрүнө карап адамды добуш берүү укугунан ажыратуу же абакка камоого болбойт», — деп жазылган элчиликтин билдирүүсүндө.
Кыргыз парламентинин басма сөз кызматы мыйзам долбоорунун нормалары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларына дал келээрин жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин бузбай тургандыгын билдирип, элчиликтин билдирүүсү боюнча жооп берген.
Мыйзам долбоорун чакырып алуу боюнча сунуштар БУУнун Кыргызстандагы миссиясы жана эл аралык Хьюман Райтс Вотч укук коргоо уюму тарабынан да айтылган.