28-февралга караган түнү Орусиялык оппозиционер Борис Немцовду Москванын борборунда атып кетишти.

Кылмыш болгон жерден түз алып көрсөткөн Newcasterдин видеосу. КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Кээ бир кадрлар үрөй учуруусу мүмкүн!

Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, Немцовго карата алты жолу атышкан, алардын төртөөсү оппозиционердин далысына тийген. Алган жаракаттарынан улам ал ошол жерде көз жумган.

Немцов оппозициянын 1-мартка белгиленген Москвадагы жүрүшүнө бир күн калганда өлтүрүлдү. Саясатчы өлтүрүлгөндөн үч саат өткөндөн кийин жүрүш болбой калгандыгы белгилүү болду, анын ордуна оппозиция Орусиянын борборунда аза күтүү акциясын өткөрүү чечимине келген.

«Немецкая волна» басылмасынын маалыматына ылайык, Москва мэриясы 1-мартка белгиленген оппозициянын антикризистик жүрүшүн Борис Немцовго аза күтүү акциясына алмаштырууга мүмкүн эмес экенин билдирген.

Немцов Кремлден анча алыс эмес, Москванын так борборундагы Чоң Москворецк көпүрөсүндө болжол менен Москва убактысы боюнча 23:15терде өлтүрүлгөн.

Ага карата ак түстөгү автоунаадан аткандыктары белгилүү. «Рен-ТВ» каналынын журналисттери кылмыш болгон жерден качып бара жаткан автоунаа тартылган видео көзөмөл камерасынын серверине кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.

Тергөө комитетинин өкүлүнүн Newcasterдин түз эфиринде билдиришинче, Немцов менен бирге көпүрөдө Украинадан келген кыз бар болгон. Кол салуудан ал жаракат алган эмес жана аны суракка алуу үчүн алып кетишкен. LifeNews телеканалынын маалыматы боюнча, ал кыз украиналык модель Анна Дурицкая болгон.

LifeNews укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме жасоо менен Немцов менен Дурицкая көпүрө аркылуу ГУМда тамактануу үчүн Васильевский эңкейишин көздөй бара жаткандыктарын билдирүүдө.

Москвада «Колго түшүрүү» планы жарыяланды, азырынча ал эч кандай жыйынтык бере элек. Бирок укук коргоо органдары аларга болжол менен ок атылды делинген автоунаанын номуру белгилүү экенин билдирип жатышат.

Соттук-медициналык экспертиза карап бүткөндөн кийинки Немцовдун оролгон денеси:

Кылмыштан кийин өлтүрүү болгон жер милиция тарабынан болжол менен 3-4 саат курчоодо турду. Newcasterдин журналисттери билдиришкендей, оппозиционердин денеси асфальтта адаттагыдан узагыраак убакыт турган, ошондуктан аны кабарчылар менен көчөдө өтүп бара жаткандар сүрөткө, видеого тартып алууга үлгүрүшкөн.

Немцовду алып кетип, милициянын курчоосу чечилгенден кийин оппозиционердин жакындары менен тарапташтары ал өлтүрүлгөн жерге гүлдөрдү алып келип кое башташты.

Орусиянын президенти Владимир Путин Тергөө комитетинин, Ички иштер министрлигинин жана Федералдык коопсуздук кызматынын башчыларына тергөөнүн жүрүшүн жеке көзөмөлдөрүнө алуу тапшырмасын берди.

«Бул ырайымсыз өлтүрүү буйрутма өлтүрүүнүн бардык белгилерине жана чагымчыл мүнөзгө ээ. Владимир Путин каза болгон Борис Немцовдун туугандары менен жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты», — деп билдирди Орусиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Ал «Коммерсант ФМ» радиостанциясына берген маегинде Немцовдун өлтүрүлүшү чагымчыл мүнөзгө ээ болушу мүмкүндүгүн билдирди.

«Чагымчыл дегеним, Борис Немцов Орусиянын жетекчилигине, Орусиянын жетекчилиги жүргүзүп жаткан саясатка оппозиция болгондугу баарына белгилүү», — деди ал.

Оппозиционерлер өлтүрүү саясий мүнөзгө ээ экендигине ишенишет — Немцов Украинанын чыгышындагы куралдуу кагылышууларга орусиялык аскерлердин катышуу ыктымалдыктарын иликтеп жаткан.

«Немцовду Украинадагы абалды туруксуздаштырууга орусиялык аскерлердин катышкандыктарына байланышкан иликтөөлөрү үчүн гана өлтүргөн болуулары мүмкүн», — деп жазган «Медуза» жаңылыктар басылмасы Немцовдун тарапташы Илья Яшиндин айткандарын.

Немцовдун өлүмүнө бир жарым саат калгандагы жазган акыркы твити:

90-жылдары Нижегородск облусунун губернатору жана вице-премьер-министр кызматтарын ээлеген Немцов оппозициялык «Солидарность» кыймылынын лидерлеринин бири жана «РПР-Парнас» партиясынын теңтөрагасы болуп эсептелген.

2000-жылдардын башынан бери ал президент Владимир Путинди сынга алып келгендердин эң белгилүүлөрүнүн бири болгон.

Өлүмүнө үч күн калганда ал «Собеседник» журналына берген маегинде өмүрүнө кол салуу ыктымалдыгынан коркуп жатканын билдирген.

Немцовдун жардамчысы Михаил Конюхов акыркы кездерде саясатчынын дарегине коркутуп-үркүтүүлөр айтылып келгендигин ырастады.

«Акыркы кездерде ал медицина тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү менен алектенип келген, тагыраак айтсам — онкология тармагындагы. Мен бир ай мурун гана анын жардамчысы болгом, ошондуктан тигиндей же мындай деп айта албайм, бирок анын дарегине өлтүрүү тууралуу коркутуулар болуп келген», – деп жазган «Медиазона» анын айткандарын.

Өз кезегинде президент Путин Немцовдун өлтүрүлүшүн «чагымчылдык» деп атады.

«[Өлтүрүүдө] буйрутманын бардык белгилери бар жана чагымчыл гана мүнөзгө ээ», – деп билдирди президенттин айткандарын анын басма сөз катчысы Дмитрий Песков.