Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага айланасындагы чиновниктерге карата кылмыш иштерин козгоого негиздердин бар-жоктугун текшерип чыгуу тапшырмасын берди.

Текшерүүгө экс-башкы прокурор Аида Салянованын жактоочусу Расул Умбеталиевдин билдирүүсү себеп болгон. Ал 27-февралда Салянова кызаттан кеткенге чейин президенттин айланасындагы чиновниктерге карата кылмыш иштерин козгоо үчүн документтерди даярдап койгондугун билдирген.

2-мартта президенттин маалыматтык саясат боюнча кеңешчиси Фарид Ниязов өлкө башчысынын басма сөз кызматы аркылуу Атамбаев текшерип чыгууну башкы прокурор Индира Жолдубаевага тапшыргандыгын билдирди.

«Президенттин пикири боюнча Башкы прокуратурада мындай документтер бар же жоктугу тууралуу, эгерде бар болсо, эмне себептен тиешелүү текшерүүлөр жүргүзүлбөй же кылмыш иштери козголбогондугу туурасында коомчулук ачык жооп алууга тийиш» — деп билдирди басма сөз кызматы Ниязовго шилтеме жасап.

Башкы прокуратуранын өзүнөн андай документтердин бар экендигин четке кагышты, бирок басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, президент Умбеталиевдин билдирүүсүн кылдаттык менен текшерип чыгуу тапшырмасын берген.

Умбеталиевдин өзү Kloop.kgге берген маегинде документтер Атамбаевдин айланасындагы чиновниктердин «миллиарддаган сомдорду уурдоо боюнча коррупциялык схемаларына» байланыштуу экенин айтты.

«Мен абалды курчуткум келбейт, ошондуктан ал чиновниктер коррупциялык аракеттерин токтотушсун деп аларга багыт бердим. Эгер алар уланта бере турган болсо, анда мен ачыкка чыгарууга аргасыз болом. Мен багыт бердим. Алдын ала сактанышсын дедим. Алар менин эмне жөнүндө айтып жатканымды билишет», — деди ал.

Жактоочу маалыматтарды бөлүп-бөлүп ачыкка чыгара тургандыгын айтты.

«Муну менен тамашалашууга болбойт. Кийин мени абалды курчутуп жатат деп айыптоолору мүмкүн», — деди ал.

Видео: Умбеталиевдин толук билдирүүсү

Көңүл бурдуруубу?

Саясат таануучу Марс Сариев Умбеталиевдин билдирүүсүн ал тараптан жасалган «коркутуп-үркүтүү» деп эсептейт.

«Бул саясий соодалашуу. Бул деген коркутуп-үркүтүү, опузалоо да, эгер документтер бар болсо, өзү таза жана эч нерседен коркпосо — ачыкка чыгарсын. Анан андан ары ал документтер жана абал менен манипуляция кылууга мүмкүн болбой калат», — дейт Сариев.

Анын пикиринде, мындай жол менен Умбеталиев соодалашууга барууну көздөп, бийликтегилер менен сүйлөшүүлөрдү баштоону каалап жатат.

«Мунун бардыгы мага саясий соодалашууну эске салууда. Бул эмнени билдирет? Бул деген эгер менин позициямды кабыл албасаңар, биз абалды курчутуп баштайбыз, а эгер кабыл алсаңар, анда сүйлөшүүлөрдү баштайбыз дегенди билдирет», — деп жыйынтыктады ал.

Саясий эксперт Шерадил Бактыгулов Умбеталиев мындай жол менен жөн гана өзүнө көңүл бурдурууга аракет кылып жатат деп эсептейт.

«Чындыгында бул коомчулуктун көңүлүн бурдуруу үчүн жасалган маалыматтык шылтоо. Бул саясий технологиялардын нормалдуу элементи, муну менен каршы маалыматтары бар адамдардын бардыгы тууралуу айтыла турган китеп чыгараарын билдирип Садыр Жапаров да алектенген», — деди эксперт.