Орусияда тыюу салынган маңзатын — «спайстарды» — сатуу жөнүндөгү жарыялар Бишкектин көчөлөрүндө пайда боло баштады. Бийлик өкүлдөрү азырынча ал тууралуу эч нерсе билбестиктерин айтышууда. Эксперттер «спайстардын» Кыргызстанда таралышына тыюу салынышы керектигин билдирип жатышат.
Февралдын аягында Бишкектеги имараттардын дубалдарында «спайс» деп аталган синтетикалык чегүүчү кошулмалардын сатыла тургандыгы жөнүндөгү жарыялар пайда боло баштады. Аларда: «Спайс. Skype: [сервистеги профиль]» же «Спайс. Сынап көрүү үчүн бекер үлгүлөрүн таратам. Skype: [профиль]», деп жазылган.
Kloop.kgнин редакциясы Бишкектеги төрт жарыя тууралуу билет: борбордук Ала-Тоо аянтында, Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинен алыс эмес жерде, Москва жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жана «Дастан» заводунун жанында.
Kloop.kgнин кабарчысы «Скайп» тиркемеси аркылуу маңзатын саткан ортомчу менен байланышты. Ортомчу сатуучунун профилинде маңзаттарынын баасы көрсөтүлгөн: «Нирвана («спайстын» түрлөрүнүн бири): 1 грамм — 1000 сом, 5 грамм — 3000 сом».
Сатуучу Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон жазышуусунда кошулманы бекер колдонуп көрүүнү сунуштады.
Kloop.kg: Салам.
Сатуучу: Салам.
Кloop.kg: Иштер кандай?
С.: Бир нерсе кызыктырабы?
Кloop.kg: Жаңы бир нерсе чегип көргүм келүүдө. «Спайстын» жакшы-жаман жактары кайсылар?
С.: Жакшы кумар. Граммы эле бир компанияга жетет. Жакшы жагы сийдик менен канда аныкталбайт.
Кloop.kg: А азыр бир нерсе барбы? Кантип алса болот?
С.: Ооба. Колдонуп көрүү үчүн үлгүсүн бере алам. Бекер.
Сатуучу кабарчы менен жолуккан жок, бирок маңзатынын кандай схемада сатылып, таратыларын түшүндүрүп берди — кардар сатуучу менен байланышат, сатуучу «өлчөм» («доза») оролгон кичинекей таңгак катылган жерди айтып берет. Андан соң сатып алуучу айтылган дарек боюнча барып товарды алып кетет.
Kloop.kgнин кабарчысы «спайсты» алуу үчүн кантип барган:
Сатуучу «спайс» оролгон таңгакты Сүйүмбаев жана Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги кабат үйлөрдүн бирине катып койгон. Берилген багытка ылайык, «өлчөм» жарыя тактасынын артына катылган.
Бирок сатуучу алгач туура эмес кире беришти көрсөткөндүктөн, таңгакты үйдүн ар бир беш кире беришинен тең карап чыгууга туура келди — кичинекей оролгон кагаз алардын эң акыркысынан табылды.
Кадимки эле дептердин барактарына оролгон таңгактын ичинде чылымдын бөлүктөрү менен жашыл сымал түстөгү кандайдыр бир чөп бар экен.
Редакция азыркыга чейин деле анын «спайс» экендигине толук ишенбейт. Табылган таңгак экспертизага берилет.
Таркатуучунун айтымында, «спайсты» Европадан алып келишет. Товар үчүн төлөмдү банкомат аркылуу «Яндекс. Деньги» сервисинин электрондук капчыгына жөнөтүүгө мүмкүн.
Маңзатын көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын өкүлү Kloop.kgге «спайстын» өзү Кыргызстанда тыюу салынган заттардын тизмесине кирбей тургандыгын айтты. Бирок анын курамында тыюу салынган заттар бар болсо, кошулманын өзүнө да тыюу салынат.
«Спайс» деген эмне?
«Спайс» — бул өз ичине түрдүү синтетикалык заттарды камтыган чегүүчү кошулмалардын жалпы аталышы; «спайстын» негизги кошулмалары болуп синтетикалык канабиноиддер (марихуананын аракеттеги заттары) — «JWH-018» жана «CP-47, 419» эсептелишет.
Эки синтетикалык затка тең Европанын бир катар өлкөлөрүндө, АКШда, Орусияда, Беларуста, Украинада, Чилиде, Жапонияда, Канадада, Түркияда, Бириккен Араб Эмираттарында, Түштүк Кореяда жана Австралияда тыюу салынган.
2009-жылы Маңзатына жана ага көз каранды болгондорго мониторинг жүргүзүү боюнча европалык борбор өзүнүн билдирүүсүндө Европада «спайстар» 2006-жылы психоактивдүү таасири бар жыпар жыт катары таратылып баштагандыгын жазган.
Орусияда «спайстар» 2010-жылы пайда болгон, бирок Кардарлардын укуктарын коргоо тармагы боюнча федералдык кызмат андан бир жыл мурун эле тыюу салынган маңзат каражаттарынын тизмесине чегүүчү кошулмалардын курамындагы негизги заттарды киргизүүгө жетишкен. «Спайстардын» таратылышына жана алардын жарнамаланышына биротоло 2015-жылдын башында тыюу салынган.
РИА Новостинин билдирүүсү боюнча, 2014-жылдын сентябрынан декабрына чейин эле «спайстан жабыркаган» 700дөн ашык киши ооруканага жаткырылып, 30 киши каза болгон.
Борбордук Азияда «спайстар» 2014-жылдын күзүндө пайда болду — казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары Алматы менен Казакстандын түндүгүндө синтетикалык маңзаттары таркатыла баштагандыгы тууралуу жазышкан. Анда октябрдын аягына карата 30га жакын киши наркология бөлүмдөрүнө жаткырылган.
Кыргызстандын Республикалык наркология борборунан Kloop.kgнин кабарчысына азырынча аларга «спайсты» колдонуу белгилери — тахикардия, жөөлүү, галлюцинация жана дем алуудагы кыйналуу белгилери менен бейтаптар келип түшпөгөндүгүн айтышты.
«Эгер алар келип түшкөндө сөзсүз белгилеп жазып коймокпуз. Өткөн жылы канында JWH бар Казакстандын бир жараны болгон», — деп билдирди Амбулатордук-диагностикалык бөлүмдүн жетекчиси Эльмира Исраилова.
«Азыртадан чараларды көрүү зарыл»
Маңзат саясаты боюнча борбор азиялык борбордун башчысы Александр Зеличенко Kloop.kgге берген маегинде «спайс» героинге караганда тез көз карандуулукка алып бара тургандыгын айтты.
«Спайстар» тез аранын ичинде таасир этет. Опиаттарга караганда ал дээрлик дароо эле саламаттыкка сокку уруп баштайт, ал өтө тездик менен мээнин клеткаларын өлтүрүп, адамдын ички органдарына таасир этет. Биринчи кезекте ал боорго өтө каттуу сокку урат», — деди ал.
Зеличенко «спайстардын» курамынын өзгөрүп турушу — бийлик тарабынан тыюу салуудагы эң башкы көйгөй экенин айтты.
«Биз алардан озуп көзөмөлдөп, иштей албайбыз. Алар дайыма бизден бир кадамга эмес, а жарым жылга озуп кетип жатышат. Орусияда айласын таба алышты, алар күрөшүп отуруп Маңзатын көзөмөлдөө боюнча Федералдык кызмат ыкчам аракет этип, ал тизмелерге тез-тез өзгөртүүлөрдү киргизип турат деген чечимге келишти», — деди ал.
Орусиялык «The Village» интернет-сайты 2014-жылдын октябрында Европа өлкөлөрү да 2000-жылдары ушундай көйгөйгө туш болгондуктарын жазган: жооптуу кызматтар «спайстардын» бир формуласына тыюу салганча, тыюу салынган ал заттын ордуна рынокто ондогон жаңы заттар пайда болуп турган.
«Кайсыл бир затты маңзаттык жана психоактивдүү заттардын тизмесине киргизүү үчүн алгач көп убакытка чейин анын аракетин текшерүү керек, андан соң тыюу салына турган формуланы аныктап чыгуу зарыл. Бирок ал убакыттын ичинде кытай химиктери ал формуланы бир аз өзгөртүүгө жетишишет да текчелерде таасири окшош жана алдын ала эч ким айта албаган кесепеттери менен жаңы «спайстар» пайда болуп турат», — деп жазган «The Village».
Зеличенко Кыргызстанда таратылып башталган «спайстар» Кытайдан алынып келинет деп эсептейт.
«Негизинен ал кошулмалар Кытайдан келет. Башында эле коңгуроо кагып, көзөмөлгө алып баштоо керек болчу. Менин оюмча, азыр аларды бул жакка даяр түрүндө алып келип жатышат, анткени мында андайларды жасагандыктары жөнүндө уга элекмин», — деди ал.
Материал жазылып жаткан маалда «спайстын» сатуучусу «Скайп» аркылуу «чегүүчү кошулманын сапаты менен күчүн жакшырткандыгын» билдирди.
«Достор, эртең аврора чегүүчү кошулманын жаңы үлгүлөрүн таратам. Мындайды силер колдонуп көрө элексиңер [автордун тыныш белгилери менен стилистикасы ошол бойдон сакталган]», — деп жазды ал.