Кыргызстандык бийчи Жан Воинов Black Eyed Peas тобунун менеджери менен келишимге кол койду. Ал топ менен кеминде бир жыл убакыт иштешет.

18 жаштагы Бишкектик бийчи Black Eyed Peas менен бирге шаарларды кыдырып, бий номурларын уюштурууга катышат. Ошондой эле бийчи өз күчүн музыкалык тармакта, тагыраагы вокалда сынап көрүшү мүмкүн.

Воиновдун айтымында, аны өткөн жылдын ноябрында Сан-Диегодо өткөн Freestyle Sessionего бий фестивалында америкалык топтун менеджеринин апасы байкап калган.

Кийинчерээк Black Eyed Peasтин менеджери Поло Малина Воиновду кеңсеге чакырып, ага бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө келишим түзүүнү сунуштаган.

Азырынча бийчинин Кошмо Штарттарына виза алуу маселелери чечилүүдө, бирок ал топтун жамааты менен үстүбүздөгү жылдын жайынан тарта иштеп баштоо ниетинде.

Don’t Stop The Party — топ тарабынан чыгарылган акыркы сингл, 2011-жылы жарыяланган

Black Eyed Peas — 1995-жылы Fergie, will.i.am жана башка артисттер тарабынан негизделген америкалык музыкалык топ. Үстүбүздөгү жылга карата топ беш студиялык альбом чыгарып, жалпысынан алар 35 миллион нускада сатылган.

Топтун акыркы альбому 2010-жылы чыккан, акыркы жолу 2011-жылы шаарларды кыдырып концерт берген. Андан бери топтун ар бир катышуучусу жеке карьерасына көңүл буруп келишет. Бирок will.i.am жакында берген интервьюларынын биринде топтун негизделгенинин жыйырма жылдык мааракесине карата быйыл жамаатты чоң «өзгөрүүлөр» күтүп жаткандыгын билдирген. Балким, Воиновдун ишмердүүлүгү дал ошол долбоорго байланыштуу болушу мүмкүн.