Бишкекте “Акылман” аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү ажылык сапарына барып келүү үчүн 1353 АКШ доллары жетээрин айтып, муфтиятты ашыкча акча алып жаткандыкта күнөөлөштү. Ал эми муфтият алардын мындай кадамын “элди бөлүп жарууга үндөйт” деп белгиледи.

“Акылман” аксакалдар кеңешинин өкүлү Жыпарбек Тойчубеков ажыга барып келүү үчүн канча каражат кетээрин өз алдынча эсептеп чыккан. Анын эсеби боюнча 1353 АКШ доллары ажылык зыяратына жетет.

2015030404252215
“Акылман” аксакалдар кеңешинин өкүлдөрү Жеңишбек Токтогулов менен Жыпарбек Тойчубеков басма сөз жыйынында.

“[Ажыга баруу үчүн] калькуляциянын баасын 2400 доллар деп жазат, андай эмес. 1353 доллар экен [...] Муфтият ар бир ажыдан 947 доллар ашыкча алышкан”, - деп эсептейт Тойчубеков.

Тойчубековдун белгилешинче, ажыга бара жаткан кишинин муфтиятка берген акчасын кай жерге сарпталышы жөнүндө түшүнүгү жок. Алар берген 2400 доллардын 1000 доллары ажыга баруучулардын өз ыктыяры менен кайрымдуулукка жумшалат.

Бул көрүнүш мажбурлоо жолу менен муфтият тарабынан уюштурулууда, деп айтты Тойчубеков.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) аталган аксакалдар кеңешинин өкүлдөрүнүн айткандары туурасында расмий билдирүү таратты.

Анда муфтият ““Акылман” аксакалдар кеӊешинин ѳкүлдѳрү Жеӊишбек Токтогулов жана Тойчубеков Жыпарбектин акылмандыктары элди бѳлүп жарууга үндѳйт. [...] [Алар] айткан жалган жалаа бул Кыргыз элин бузукулука чакырып, ѳздѳрүн акылман кѳргѳзгүсү келген сыяктуу кѳрүнүш” деп жазат.

Муфтияттын басма сөз катчысы Максат Атабаевдин билдиришинче, былтыр Саудияга самолёт менен барып келүүнүн өзү эле 1300 доллар болгон.

IMG_1202
Муфтияттын сайтындагы билдирүү.

“Эгерде жол кире өзү 1300 доллар турса калган чыгымды эсептешпейби? [...] Жидда, Мадина шаарларына конуу, Жидданан Меккеге 80 километрди, Мадинадан Меккеге 450 километрди түзөт. Алардын жол киресин эсептебей туруп, туура эмес бурмаланган маалыматтар менен элди адаштырып муфтиятты жаман аттык кылуу бул адамгерчиликке жатпайт”, - деди Kloop.kgнин кабарчысына берген маегинде Атабаев.

Ажылык сапарынын баасын муфтият өткөн жылы 2400 АКШ доллары деп бекиткен болсо, 2013-жылы ал 2300 АКШ долларын түзгөн.