BuzzFeed интернет-басылмасы эмне себептен туристтер тез аранын ичинде Борбордук Азияда болуп кайтуулары керектигинин тизмесин түзгөн. Басылма кандай себептерди көрсөткөндүгүн Kloop.kgнин котормосунан окуңуздар.

Түп нускасы BuzzFeed сайтына жарыяланган.

Жөн гана боз үйлөр менен топоздордон да артык (бирок алардын да өзүнчө жакшы жактары бар), Борбордук Азия — дүйнөдөгү изилдене элек акыркы өлкө (тагыраагы, өлкөлөр). Бул тарыхый базарлар, көк түстөгү куполдор, бийик тоолор жана меймандостук эриш-аркак жүргөн таң калычтуу жана кызыктуу жер.

Укмуштуу окуялардын духу өлө элек, болгону аны кайсыл жерден издөөнү билүү керек. Бул үчүн Борбордук Азия ылайыктуу жер. Ишенбей жатасыңарбы? Эмне себептен «-стандарды» барып келүү керек болгон жерлердин тизмесине киргизүүңөр керектигинин бир нече мисалы төмөндө.

Жибек Жолунун шаарлары
Бухара, Өзбекстан. Сүрөт: @…your local connection, Flickr.com.
Бухара, Өзбекстан. Сүрөт: @…your local connection, Flickr.com.

Балким Борбордук Азия силер үчүн жердин жети катмарында калган аймак катары көрүнүшү мүмкүн, бирок аймак өзүнүн жакшы убактарында Кытай менен Европаны бириктирген соода жолу болгон.

Өзбекстандын көк чатырлар менен кооздолгон Самарканд, Бухара, Хива шаарлары киши көп жүргөн соода борборлору жана товарлардын, илим билимдин, маданияттын айкалышкан жерлери болгон. Улуу Жибек Жолу азыр жок деп эсептелгени менен шаарлар дагы деле бар.

Памир жолу жана Дүйнөнүн чатыры

20

Памир тоолору — дүйнөдөгү эң бийик тоолордун бири, мындан улам аларды «Дүйнөнүн чатыры» деп атап коюшкан. Ал Кытайдан Ооганстанга чейинки аймакты бүтүндөй кесип өтөт, бирок көпчүлүк бөлүгү Тажикстандын аймагына, Тоолуу-Бадахшан автономдуу облусуна туура келет.

Памир жолу Улуу Жибек Жолу мезгилинен бери пайдаланылып келет, бирок азыр ал автоунаа башкарууда өтө кооптуу болгон дүйнөдөгү эң бийин жолдордун (Акбайтал ашуусу, эң бийик чекити 4655 метр) экинчиси. Нерви начар адамдар үчүн эмес!

Боз үйлөр

8347130664_1aa1154e2d_b

Бул көчүп-конуп жүрүүгө ылайыкташкан турактар көптөгөн жылдар бою Борбордук Азиянын аймагында жашаган көчмөндөрдүн жашоосунун ажырагыс бир бөлүгү болуп келген. Силер чындыгында эле Кыргызстандын айыл жергеси аркылуу саякаттаганда боз үйлөрдү кездештирбей кое албайсыңар. Боз үйлөр чындыгында эле өтө укмуш…

4070355982_cee48fd29f_o

… жана ичи өтө жайлуу. Бул бир күн бою унаа башкаргандан же жергиликтүү автобустар менен саякаттагандан кийинки эс алуу үчүн идеалдуу жай.

Сонун адамдар

14900354551_92e4c20b1d_k

Борбордук Азиянын кайсыл жагына барбаңыз анда бүтүндөй аймакка тиешелүү болгон бир өзгөчөлүк бар — жергиликтүү меймандостук жана адамдардын жылуу мамилеси. Ээн, адам жок жерлер болушу мүмкүн, бирок эгер жаныңызда кимдир бирөө пайда болсо ал сизди жылуу тосуп алып, жардам берип, бирге тамактанууга чакырат, а кээ бирде түнөк жай сунушташы да мүмкүн.

Арал деңизинин калдыктары

178382485_39d1bdff96_b

Арал деңизи — дүйнөдөгү эң аянычтуу экологиялык кыйроолордун бири. Качан совет бийлиги тарабынан туздуу деңизге куйган чоң дарыянын агымы пахта талааларын көздөй бурулганда, деңиздин Казакстандын аймагындагы бир аз бөлүгүнөн башкасы соолуп калган. А кайсыл бир кездерде Арал деңизи деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок дүйнөдөгү эң чоң көлмө болуп эсептелген.

Өзбекстандагы Муйнак шаары качандыр бир кезде адам көп жашаган  балыкчылардын шаары болгон, бирок деңиз чөлгө айлангандан бери анын көпчүлүк бөлүгү кароосуз калган. Бүгүн качандыр бир кезде бул жерде суу болгондугунун жалгыз белгиси болуп дат баскан мурунку балыкчылардын кемеси эсептелет.

Укмуштуудай пейзаждар

03

Тоолор, учу-кыйыры жок талаалар, кыйраган шаарлар… мунун бардыгы Борбордук Азияда бар! Пейзаждарынын чындыгында эле өтө кооз экендиги аз келгенсип, алар ээн жана киши тийбеген бойдон. Дүйнөдө Борбордук Азиядагыдай адам тийбеген жерлер көп болбосо керек.

Таң калычтуу  жана абдан сонун ажайып жайлар

That's as close as I'll go

Борбордук Азияда сиздер буга чейин эч жактан көрө элек бир нече уникалдуу жана таң калычтуу жерди табасыңар. Мисалы, Түркмөнстандагы «Тозок дарбазасы» же жер алдындагы мечит, же чөккөн токойлор (экөө тең Казакстанда).

Эң сонун көлдөр

14939392610_52dd2fa916_k

Борбордук Азия деңиздерден обочо жайгашкан аймак чыгаар, ал эмес аймактын Каспий деңизи менен чектешкендиги да эсептелбеши мүмкүн. Анткени Каспий туздуу чоң көл болуп саналат.

Бирок аймак таң каларлык кооздуктагы көлдөргө бай: алардын кээ бирлери бийик тоолордо, башкалары талааларда жайгашкан. Кыргызстан — чоңдугу жагынан Каспийден кийинки көлдүн — Ысык-Көлдүн мекени, бул да туздуу көл болуп эсептелет. Соң-Көл дагы бийик тоодо жайгашкан кыргыз көлү — ал жергиликтүү малчылар үчүн үй, чексиз меймандостук, анан да мында көптөгөн боз үйлөр тигилген.

Базарлар
Самарканддагы базар, Өзбекстан. Сүрөт: stefan_fotos, Flickr.com.
Самарканддагы базар, Өзбекстан. Сүрөт: stefan_fotos, Flickr.com.

Албетте Борбордук Азия Улуу Жибек Жолундагы тарыхы менен — укмуштуудай базарлардын орду. Алар тарыхый жерлерде, же шаарлардын борборлорундагы заманбап имараттарда жайгашкан — сиздер ар бир -станда байыркы соода жолунун сыйкырын сезесиңер.

Туристтик эмес каттамдар боюнча саякаттоо

Эгер сиздер өтө кооз жерлерди башка туристтер менен түртүшүп, тыгылышпай көргүңүздөр келсе, анда Борбордук Азия дал сиздер үчүн. Туристтик инфраструктуранын жоктугунан улам бир катар көйгөйдөргө дуушар болушуңар мүмкүн…

Downloads3-1024x563

… мисалы, бул мейманкана сыяктуу. Бирок ээн жерлерде саякаттоонун пайдасы өтө көп.

Жыйынтыктаганда Борбордук Азия уникалдуу…

enhanced-375-1424879870-12

… жана кооз жер

enhanced-29554-1424880098-8